Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

БУУ Ооганстанда зордук-зомбулук күч алганын билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга жардам берүү миссиясы мусулмандар үчүн ыйык орозо айында күчөгөн зордук-зомбулуктан карапайым адамдар жапа чегип жатканына «терең тынчсыздануусун» билдирди.


13-майда таратылган билдирүүдө миссия «Талибан» кыймылын «атайылап карапайым элди бутага алып жатат» деп айыптады.


БУУнун өкүлдөрү «Фарах жана Нимроз чөлкөмдөрүндө НАТО баштаган коалициялык күчтөрдүн баңгизаттарды чыгарган жайлар деп эсептелген жерлерге урган соккуларынан бейкүнөө адамдар курман болду» деген маалыматтарды текшерип жатышат.


Миссия согушкан тараптарды орозодо урушту токтотууга кайрадан чакырды. Топтун жетекчиси Тадамичи Ямамото белгилегендей, катардагы тургундарга каршы атайылап коюлган чабуулдарды эч нерсе актай албайт.


Ушу тапта америкалык расмий делегация менен түз сүйлөшүүлөргө катышып жаткан «Талибан» кыймылы «адегенде АКШ менен НАТОнун аскерлери ооган жергесинен чыгып кетүүгө тийиш» деп, ок атышууну токтотуу жөнүндө сунушту четке каккан. Миссиянын билдирүүсүндө талибдердин соңку бир нече чабуулдары мисал келтирилет.


8-майда эл аралык кайрымдуулук уюмунун кеңсесиндеги жардыруу алты адамдын өмүрүн кыйган, 30 чактысы жарадар болгон. Андан бир нече күн мурун Пул-и Хумри шаарында жоочулар полиция бөлүмүнө чабуул койгондо да 13 полициячы менен катар 20 жөн-жай адам мүрт кеткен, жаралангандардын арасында аялдар менен балдар болгон. Мындай расмий маалыматты Ички иштер министрлиги тараткан.


Апрелде миссиянын баяндамасында быйылкы жылдын үч айында былтыркы ошол эле мөөнөткө салыштырганда карапайым эл арасындагы жоготуулар 25 пайызга азайганы айтылган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *