Ак-Суу районунун тургундары эс алуу жайын жабууну талап кылышты
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, эс алуу жайын текшериш үчүн райондук деңгээлде комиссия түзүлгөн. Ага райондук акимчиликтин, Мамэкотехинспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, санэпидемстанциянын жана башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү кирген.
«Ак-Суу кенчтин» жетекчисинин күйөөсү Нурлан Урманаев бассейндин суусу эч кандай сууга куйбай тургандыгын айтып, мыйзамсыз курулуштар маселеси жакынкы күндөрдө чечилерин белгиледи. Ал жергиликтүү бийлик жана тургундар ишкердикке тоскоолдук кылып жатышат деп эсептейт. (AsM)