Сузакта наристенин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду
7-май күнү кечинде «Тез жардам» кызматы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан алып келген эки жашар кыз оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн.
Сузак райондук милициясы бул ишти жабыркаган кыздын жакындарынын көрсөтмөсү боюнча кокустук фактысы катары реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.
Буга чейин «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» наристени сабагандарды жазалоону талап кылган. (KE/RsK)