“Азаттык+”: Эсте калган элестер
“Азаттык плюс” берүүсү узап бараткан жылга саресеп салып, жыл жыйынтыгын чыгарды.
“Азаттык плюс” берүүсү узап бараткан жылга саресеп салып, жыл жыйынтыгын чыгарды.
Орусиянын Краснодар шаарында эколог-активист, коомдук ишмер Андрей Рудомаханы белгисиз адамдар катуу сабап кетишти. Ооруканага жеткирилгенден кийин анын мурду сынып, баш сөөгүнө жарака кеткени белгилүү болду. 53 жаштагы Андрей Рудомаха "Түндүк Кавказ боюнча экологиялык вахта" аттуу уюмдун координатору. Ал Кара деңиздин жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды тасмага түшүрүп келип, 28-декабрдын кечинде экологиялык топтун бир мүчөсүнүн Краснодардагы үйүнө жакын жерде жүргөндө кол салууга кабылган. ... Читать дальше...
2017-жыл - Европадагы интеграциячыл көз караштагы саясатчыларды жана аларга чакырык таштаган ашкере улутчулдар менен популисттерди сынаган жылдардын бири болду.
Түндүк Корея маселеси кайрадан көтөрүлдү. Санкцияларга карабай Кытай бул өлкөгө мунай сатып атат деген кабардан улам Вашингтон Бэйжинди сынга алды. Казакстанда депутаттар кимдир бирөөнү өз жанын кыюуга шыкактагандарга кылмыш жазасын киргизүүнү сунушташууда. Орусия Түркияга 2,5 млрд долларга С-400 үлгүсүндөгү төрт зениттик ракета комплекстерин сатмай болууда.
Ирандын батышындагы Керманшах шаарында жоон топ киши көчөгө нааразылык билдирип чыгышты. Социалдык тармактарга тарап кеткен видеолор көрсөткөндөй, шаардын борбордук "Азади" аянтына чогулгандар "Диктаторго өлүм", "Эл жакырчылыктан кыйналды" деген ураандарды кыйкырып турушту. Бирок Керманшахта митингге чыккандар өлкөнүн рухий лидери Аятолла Хаменеи же президент Хасан Роуханинин атын аташкан жок. Бир күн мурда Ирандын экинчи ири шаары Машхадда да жүздөгөн адамдар баалардын кымбатташына нааразылык билдирип чыгышкан. Читать дальше...
Премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү дарыялардын жээктеринде кен казууга лицензия берүүгө тыюу салууну тапшырды. Мындай тапшырма экологияны сактоо жана табигый кырсыктардын алдын алуу максатын көздөйт. Буга чейин дарыя жээктеринде кум, шагыл алып, кендерди казуу кеңири жайылган эле. Бирок мындай чечим ишке ашарынан күмөн санагандар да арбын.
Москванын Тверской райондук соту британ жараны, "Hermitage Capital" инвестициялык фондунун башчысы Уильям Браудерди 9 жылга сыртынан абакка кести. Браудер - орус адвокаты Сергей Магнитский 2009-жылы Орусиянын тергөө абагында көз жумгандан кийин Москвага каршы санкция киргизүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири. Сот Браудерди 90-жылдары "компанияларды атайын банкротко жетелеген", "салык төлөөдөн качкан" деп тапты. Ошондой эле Браудердин жана аны менен кошо соттолуп, сегиз жылга сыртынан кесилген өнөктөшү Иван Черкасовдун мүлкүн тартып алып... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар жаралса жарандар 112 номуру аркылуу байланышка чыга алышат
Египеттин баш калаасына жакын Хелуан шаарчасында копт христиандарынын чиркөөсүнө чабуул коюлуп, андан кеминде он киши мерт болду. Кол салган бир киши чиркөөгө кире берерде өлтүрүлгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ырастады. Египеттин мамлекеттик телеканалы чабуулга катышкан экинчи адам окуя болгон жерден качып кетип, бирок көп өтпөй колго түшкөнүн кабарлады. Алар чиркөөнүн жанында беш полициячыны атып жарадар кылып, туш келди ок чыгара башташкан. Азырынча кылмышка эч ким жоопкерчилик ала элек. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Азаттык” менен болгон маегинде министрлик 2018-жылы тик учак сатып алууга колдон келишинче аракет кыларын билдирди. Анын айтымында, бул демилгени президент менен өкмөт да колдоп жатат. - Биз буюрса универсалдуу тик учак сатып алууга аркет кылып жатабыз. Президент да, өкмөт башчы да колдоп жатат. Учурда каражат маселеси сүйлөшүлүп жатат, - деди Боронов. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тик учактын жоктугу табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда кыйынчылыктарды жаратып... Читать дальше...
Дарыя жээктериндеги кендердин лицензиялары текшерилет. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, премьер-министрдин тапшырмасынын негизинде комитет тиешелүү иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен баштады. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү дарыялардын жээктеринде кен казууга лицензия берүүгө тыюу салууну тапшырган. Мындай тапшырма экологияны сактоо жана табигый кырсыктардын алдын алуу максатын көздөйт.
Түрк жана орус басылмалары Анкара менен Москва баасы 2,5 миллиард доллардык аскердик келишимге кол койгонун кабарлашты. Ал келишим боюнча Түркия Орусиядан С-400 зениттик ракета системасын ала турган болду. Орусиянын "Ростех" мамлекеттик ишканасынын башчысы Серей Чемезов 27-декабрда "Коммерсантъ" басылмасында жарыяланган маегинде Түркия Орусиядан С-400 системасынын төрт дивизионун сатып алаарын айтты. Анын айтымында, абадан коргонуу системалары 2020-жылдын март айында Түркияга жөнөтүлө баштайт. Читать дальше...
Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп Кытайды Түндүк Корея боюнча сындады. Ага чейин Түштүк Кореянын медиасында "Кытай Пхеньянга мыйзамсыз мунай сатып жатат" деген маалыматтар чыккан эле.
30-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6; Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7; Баткенде түнкүсүн түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7; Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5; Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -1...-6 градуска чейин жогорулайт. 30-31-декабрда жана 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Читать дальше...
Социалдык тармакта айдоочу менен чатакташкан милиция кызматкери айдоочунун биометрикалык маалыматтарын сүрөтү менен алып жүргөнү тууралуу тасма тарады. Ушундан улам коомчулукта жарандардын купуя маалыматтарынын коопсуздугуна байланышкан кабатырлык пайда болууда.
“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жаңы жылдан кийин саясий ишмердигин жандантып, саясий күчтөр менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн “Азаттыкка” радиосуна билдирди. - Сүйлөшүүлөр, жолугушуулар азыр деле өтүп жатат. Жаңы жылдан кийин жанданат. Саясий күчтөрдү бириктирүү багытында да сүйлөшүүлөр болот. Максат - кийинки парламенттик шайлоого даярдануу, - деди Сариев. Мурдагы премьер-министрТемир Сариев 15-октябрдагы президенттик шайлоого катышып, 3 пайызга жакын добуш менен 4-орунду алган. Читать дальше...
Тажикстандын шайлоо аркылуу бийликке келген биринчи президенти Рахмон Набиевдин жесири өрттөн каза тапты. 80 жаштагы Мариям Набиева 28-декабрда өлкөнүн түштүгүндөгү өз үйүндө чыккан өрттөн ажал тапканын анын жакындары "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди. Бийлик өкүлдөрү тилсиз жоого эмне себеп болгонун айта элек. "Кимдир-бирөө атайылап от коюшу мүмкүнбү?" деген суроолор да жоопсуз калууда. Учурда иликтөө жүрүп жатканы белгилүү болду. Рахмон Набиев 1991-жылы Тажикстан эгемендигин жарыялагандан... Читать дальше...
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Москвада жүргүнчү ташыган автобус аралашкан жол кырсыгынан эки киши каза тапты" деген маалыматты четке какты. Министрликтин өкүлү жума күнү автобус аялдаманы сүзүп кирген окуядан үч киши жабыркаганын билдирди. Кырсык Москванын түндүк-батышындагы Южное Тушино районунда Химкинский бульварындагы аялдамада болгон. Москванын мэри Сергей Собянин окуяны дыкат иликтөөнү буюрду. Бир жума ичинде Орусиянын башкалаасында ушуну менен экинчи жолу автобус аралашкан жол кырсыгы болуп жатат. Читать дальше...
Баткендин базарларынан тез бузулуучу эки тонна тамак-аш Тажикстанга кайтарылды. Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун борборундагы базарды атайын адистер текшерип, анда Тажикстандан келген торт жана кондитердик азыктар бузулуп кеткени аныкталган. Эки тоннага жакын азыктар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Кызыл-Бел чек ара өткөрмө бекетиндеги санитардык көзөмөл-өткөрүү жайынан артка кайтарылган. Баткен... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге жана аны менен кошо дагы алты кишиге каршы козголгон кылмыш ишин кароо уланып жатат. Соттолуучулар жана алардын адвокаттары кезеги менен жарыш сөзүн айтып жатышат. Алар баары тең прокуратура коюп жаткан айыптар негизсиз экенин, тергөөдө да, соттук териштирүүдө да жетиштүү далил келтирилбегенин айтып, соттолуучуларды толук актоону соттон суранып жатышат. Исаев өзү бүгүн жарыш сөзгө даяр эмес экенин айтып... Читать дальше...
Орусиянын Анкарадагы мурдагы элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча бир жыл мурдагы фотокөргөзмөнүн уюштуруучусу Мустафа Тимур Озкан камакка алынды. Ал элчини көргөзмө учурунда атып өлтүрүүгө кол кабыш кылган деп шектелип жатканын Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" агенттиги бейшембиде кабарлады. Маалыматка ылайык, тергөөчүлөр элчиге ок аткан 22 жаштагы полицей Мевлүт Алтынташтын телефонундагы бардык маалыматты текшерип чыгышкан. Элчи Карлов 2016-жылдын 19-декабрында Анкарадагы "Орусия: Калининграддан... Читать дальше...
37 жаштагы Ренат Түлебердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчысы Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда кол койду. Түлебердиевди Мүлк фондунун жамаатына өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиев тааныштырды. Түлебердиев буга чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Мүлк фондунун буга чейинки төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземиндеги “бомба чуусуна” байланыштуу кызматын тапшырган. Читать дальше...
Орусия жаңы жылдан тартып өз аба мейкиндигинде АКШнын аскердик учактарынын чалгын максатын көздөгөн каттамдарына чектөө киргизет. Жаңы чектөөгө ылайык, америкалык аскердик учактар Орусиянын айрым аба базаларын колдоно албай калышы мүмкүн экендигин "РИА-Новости" агенттиги Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнө шилтеме кылып кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Мария Захарованын "Интерфакс" агенттигинде жарыяланган сөздөрүнө ылайык, Орусия АКШга байланышы бар аба каттамдарына үч аэродромун түнкүсүн колдонууга тыюу салат. Читать дальше...
“Бишкек парк” соода борборунун алдына бүгүн бир нече жарандык активист митингге чыгып, соода түйүнүнүн жетекчилиги улуттук баш кийим саналган калпакты шылдыңга алганын айтышты. Активисттер 22-декабрда соода борборунда иттердин көргөзмөсү өтүп, анда катышуучулардын бири итине калпак кийигизип, улуттун намысына доо кетиргенин айтып, “Бишкек парктын” жетекчилиги кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышты.
Нью-Йорктун Бронкс районундагы көп кабаттуу үйдө 28-декабрдын кечинде өрт чыгып, андан кеминде 12 киши каза тапты. Алардын арасында ымыркай да бар экенин шаардын мэри Билл Де Блазио билдирип, бул кырсык Нью-Йоркто соңку 25 жыл ичиндеги эң жаман өрт болгонун айтты. Өрт алгач Проспект авеньюсундагы үйдүн биринчи кабатында башталып, тез эле үчүнчү кабатка өткөн. Ага эмне себеп болгону белгисиз. АКШнын маалымат каражаттары кабарлагандай, өрттөн сактаныш үчүн суу толтурулган ваннага баш калкалаган эки кишинин өлүгүн өрт өчүрүүчүлөр табышкан. Читать дальше...