Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2018

Новости за 21.04.2018

Azattyk.org 

Аскадан учуп кеткен альпинисттин абалы оор

Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайында аскадан учуп кеткен альпинист оор абалда ооруканага жеткирилди. Учурда Бишкектеги жеке бейтапканалардын биринде экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.  Кырсык тууралуу куткаруу кызматына 20-апрелде түнкү саат 11де кабар түшкөн. Кырсыктаган альпинист Швециянын жараны, 32 жашта экени кабарланды. (SE)

Azattyk.org 

Арменияда тогуз күндөн бери нааразылыктар уланып жатат

Армениянын баш калаасы Ереванда жана башка шаарларда мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акциялар 21-апрелде да уланды. Демонстранттарга оппозициячыл депутат Никол Пашинян лидерлик кылууда.  Каршылык акциясына чыккандар Еревандын борборундагы жолдорду бууп, автоунаа каттамын токтотуп коюшту. Маалымат булактары буга чейин 200дөй адамды полиция кармаганын кабарлаган.  "Саргсяндан баш тарт!" деген ураан менен башталган акцияга миңдеген кишилер катышууда.  Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес... Читать дальше...

Azattyk.org 

Швециялык диджей жана продюсер Авичи көз жумду

Авичи деген ат менен белгилүү швециялык диджей жана продюсер Тим Берглинг көз жумду. Reuters агенттиги кабарлагандай, 29 жаштагы музыкант 20-апрелде Оманда дүйнө салды. Өлүмүнө панкреатит оорусу себеп болгону божомолдонууда.  Forbes журналы аны дүйнөдөгү эң көп акы төлөнгөн диджейлердин катарына кошкон. Диджейдин бир жылдык кирешеси 20 миллион доллар деп бааланган.  Стокгольмдо төрөлгөн Тим Берглинг алгачкы альбомун 2013-жылы чыгарган. 2014-жылы ал оор дартка кабылганы айтылган. 2015-жылы экинчи альбомун тартуулап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ишеним түрдүү, иш жалпы

Бишкек шаарында түрдүү дин өкүлдөрү көрктөндүрүү акциясын өткөрүштү. Мусулмандар, православдар, католиктер жана башка диний жамааттардын мүчөлөрү Жаштар сейил багына 100 көчөт тигишти. Саамалыкты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун Бишкектеги кеңсеси менен биргелешип уюштурду.

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Пхеньяндын чечимин кубаттады

Европа Биримдиги Түндүк Кореянын өзөктүк-ракета сыноолорун токтотуу чечимин кубаттады. Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини муну "Пхеньяндын көңүл көтөргөн, көптөн бери күтүлгөн кадамы" катары сыпаттады.  Түндүк Корея өзөктүк-ракеталык сыноолорду токтотоорун, атайын полигонун да жабаарын өлкө лидери Ким Чен Ын 20-апрелде билдирген. Расмий маалымат каражаттары муну ​"экономикалык өнүгүү аракети жана Корей жарым аралында тынчтыкты камсыздоо" деп түшүндүрүшкөн. АКШ президенти... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бүбүйра апа үйлүү болду

"Эл душманы" делип, 1938-жылы атылган сталиндик репрессия курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиевага өкмөт бир бөлмөлүү батир берди. Бул Сапар Исаковдун премьер-министр катары акыркы чечими болуп калды. Кыдыралиевага үй берүү маселеси буга чейин бир нече ирет көтөрүлүп, бирок чечилбей келген. Батирдин берилишине Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин президентке, өкмөткө кайрылуусу себеп болгон.

Azattyk.org 

Экзаменге даярдык: жооптун баасы

Кочкор районунун Сары-Булак айылындагы орто мектептин бүтүрүүчү классынын окуучуларына экзамендердин суроолоруна даяр жооптор жазылып, даярдалган китептер мажбурлап сатылып жатканы айтылууда.

Azattyk.org 

Сапар Исаковдун отставкасына каршы беш миңдей кол чогултулду

Сапар Исаковдун премьер-министрликтен кетишине каршы петицияга 4830 адам кол койду. Кол чогултуу change.org платформасында жүрүүдө. Жарыя Сапар Исаков кызматтан алынган күнү эле жайгаштырылып, аны колдогондор президенттен бул отставканы кабыл албоону суранышкан.  Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент ошол күнү кол койгон. 20-апрелде өкмөт башчылык кызматка Мухаммедкалый Абылгазиев дайындалды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Топ тээп, ыйманга чакырган диниятчылар

Баткен облус казыятынын дин кызматкерлери аш-тойлордо, куран окуткан жайларда гана эмес, жаштар арасында да иш жүргүзүп, аларды тартиптүү, ынтымактуу болууга үндөп жатышат. Диниятчылар жаштар менен түнүндө топ ойношот.

Azattyk.org 

Түндүк Корея өзөктүк-ракеталык сыноолорун токтотот

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын өзөктүк-ракеталык сыноолор токтотулаарын билдирди. Бул тууралуу 20-апрелде айтып, соңку алты өзөктүк сынак өткөрүлгөн полигон да жабылаарын кошумчалады.  АКШ президенти Дональд Трамп Кимдин чечимин кубаттап, "Твиттерге" "Бул Түндүк Корея үчүн да, дүйнө үчүн жагымдуу кабар" деп жазды. Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууну да күтүп жатканын белгиледи.  27-апрелде Түндүк Корея менен Түштүк Корея бийликтери биргелешип саммит өткөргөнү турат. Бул саммиттен соң АКШ жана Түндүк Корея лидерлери жолугат деп күтүлүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ала-Арчада альпинист аскадан учуп кетти

Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайында альпинист аскадан учуп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык тууралуу куткаруу кызматына 20-апрелде түнкү саат 11де кабар түшкөн.  Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктаган альпинист Швециянын жараны, 32 жашта. Анын абалы тууралуу эч кандай маалымат жок, издөө жүрүп жатат. Альпинист Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнө жакын жайгашкан мурдагы тоо лыжа базасындагы алачыкта экени кабарланды. (SE)

Azattyk.org 

Аба ырайы: айрым аймактарда үшүк жүрөт

22-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда -1…-3° үшүк жүрөт.  Өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 23...28, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17, Нарын облусунда түнкүсүн -1...-3... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бийликтин басма сөзгө мамилеси өзгөрдүбү?

Акыркы апта ичинде президент Сооронбай Жээнбеков журналистке каршы материалдык доосунан баш тартса, укук коргоочу Чолпон Жакупованын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доосу боюнча компенсацияны бөлүп төлөө тууралуу өтүнүчүн Жогорку сот кайра кароого жиберди.

Azattyk.org 

Кыргыз армиясы дүйнөлүк рейтингде жогорулады

Кыргызстандын армиясы дүйнөлүк рейтингде 17 сапка жогорулап, 136 өлкөнүн ичинде 91-орунду ээледи. Мындай маалыматты Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы 19-апрелде жарыялады. Былтыркы рейтингде кыргыз армиясы 108-сапта болчу. 2016-жылы 108-тепкичте турган.  Аталган порталдын баяндамасына ылайык, кыргыз армиясында азыр 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техника, 30  жана 21 ракеталык курулмасы бар. Армиянын кудуреттүүлүгү боюнча рейтингдин сап башында АКШ, Орусия жана Кытай турат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте түрдүү дин өкүлдөрү биргелешип көчөт тигишти

Бишкек шаарында 21-апрелде түрдүү дин өкүлдөрү көрктөндүрүү акциясын өткөрүштү. Мусулмандар, православдар, католиктер жана башка диний жамааттардын мүчөлөрү Жаштар сейил багына 100 даана көчөт тигишти.  Саамалыкты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун Бишкектеги кеңсеси менен биргелешип уюштурду.  Дин комиссиясынан билдиришкендей, иш-чара диний жамааттардын ынтымагын чыңдоо жана шаарды көрктөндүрүү максатын көздөйт. Ал өкмөттүн “Таза жашоо” өнөктүгүнүн алкагында өттү. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Telegram" чектөөгө карабастан ишин улантууда

"Роскомнадзор" "Telegram" мессенжерине бөгөт коюу аракетин улантууда. 20-апрелде түйүндү пайдаланууга көмөкчү болгон дагы 18 VPN жана прокси серверлерге да тосмо коюлганы маалым болду.  Бирок "Telegram" заманбап механизмдердин жардамы менен чектөөлөрдү буйтап өтүп, ишин улантууда. Тоскоолдуктарга карабай Орусияда "Telegram" колдонгондордун саны өскөнүн SimilarWeb аналитикалык компаниясынын маалыматына таянып РБК агенттиги жазды. Google Maps сервисинде "Роскомнадзордун" дарегине түрдүү сындар жазылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте "Медиа топтоо" форуму өтүп жатат

Бишкекте “Медиа топтоо: өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр” аттуу индустриалдык форум башталды. Жыйын адистик байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү максатында уюштурулду. Андан тышкары атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү күчөтүү жаатында талкуулар болот. Ага өлкөнүн түрдүү аймактарынан журналисттер чакырылды. -“Топтоо" деген сөз кыргызчадан алынган жана чоң мааниге ээ. Биз форумга Кыргызстандагы медианы сапаттуу, көз карандысыз жана заманбап жол менен өнүктүрүү үчүн аракет жасаган тилектештерди топтодук... Читать дальше...

Azattyk.org 

1937: Кыргыз ССРинин адилет министри сталиндик абакта жок болгон

"Куугунтук курмандыктары" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы сталиндик абакта набыт болгон мурдагы Кыргыз АССРинин жана Кыргыз ССРинин адилеттик эл комиссары Каратал Табалдиновдун тагдырына арналмакчы.

Azattyk.org 

Жорж Сорос негиздеген фонд азырынча Будапешттен кетпейт

Белгилүү филантроп Жорж Сорос негиздеген “Ачык коом” фонду Будапешттен азырынча кетпейт. Бирок уюмдун мындан аркы ишмердиги Венгрия бийлигинин маанайына жараша болот.  Бир күн мурда Австриянын Die Presse басылмасы жана башка маалымат булактары “Ачык коом” фонду августта Берлинге көчөөрүн кабарлаган эле. Фонддун өкүлү Reuters агенттигине комментарий берип, азырынча Берлинге кетүү чечими кабыл алына электигин билдирди.  Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Соростун ишмердигин көптөн бери сындап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Нобель сыйлыгынын ээси менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков түрк тектүү америкалык илимпоз, Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжарды кабыл алды. 21-апрель күнкү жолугушууда алар билим берүүгө көңүл буруу жаатында сүйлөшүшкөнүн Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады Баарлашуунун жүрүшүндө профессор мамлекеттин өнүгүшү үчүн кен байлыктарды иштетүүгө гана эмес, адамдык ресурстарга да басым жасашы керектигин белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков ага Кыргызстандын окумуштуулары менен жемиштүү кызматташуусун каалап,... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ереванда нааразылыкка чыккан 200дөй адам кармалды

Арменияда мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы чыккан жарандардын арасынан 200дөй киши кармалды. Полиция аларды алып кеткенин, ага карабай демонстранттардын саны улам өсүп жатканын жергиликтүү булактар жана "Немис толкуну" радиосу кабарлады.  "Саргсяндан баш тарт!" деген ураан менен бир апта мурда башталган миңдеген кишилердин катышуусундагы демонстрациялар 20-апрелде да уланып, акцияга чыккандар Еревандын бир канча жолдорун бууп, автоунаа кыймылын токтотуп коюшту. Аларды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ырчы Юлдуз Усманованын мурдагы күйөөсү камалды

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттеги ири ишкерлердин бири Фархад Тулагановду камакка алды. "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү аткаминерлердин маалыматына таянып кабарлагандай, 18-апрелде кармалган Тулаганов паракорчулук жана алдамчылыкка шектелүүдө. "Шайтан, "ГИФ" деген каймана аттары бар Фархад Тулаганов бир күн прокуратурада суракка алынып, эртеси Ички иштер министрлигинин тергөө абагына камалган.  Ал Улуттук коопсуздук кызматында иштегендерге пара бергени, мыйзамга каршы иштерге ортомчулук кылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте "Окуган бала - гүлдөгөн Кыргызстан" жумалыгы башталды

Бишкекте Дүйнөлүк китеп күнүнө карата "Окуган бала - гүлдөгөн Кыргызстан" аттуу жумалык башталды. Саамалыктын салтанаттуу ачылышы 21-апрелде Курманжан Датканын эстелигинин жанында болду.  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жумалыктын алкагында балдарды китеп окууга кызыктырган түрдүү иш-чаралар, оюндар да өткөрүлмөкчү. Андан тышкары Кыргызстандын белгилүү жазуучуларынын китептери сатыкка коюлат. Аны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, UNICEF, USAID... Читать дальше...


В Сергиево-Посадском округе началась реализация проекта «Светлый город»

Константин Богомолов станет художественным руководителем Театра Романа Виктюка

Ковальчук заявил об использовании Западом аварии на ЧАЭС для дискредитации СССР

Свыше 350 фактов сброса мусора из авто выявили в Подмосковье в мае



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Собянин сообщил о лидерстве Москвы в рейтинге инвестклимата

Константин Богомолов станет художественным руководителем Театра Романа Виктюка

В подмосковном ЖК «Новая Рига» начали передавать машино-места владельцам

В федеральных театрах кадровых перестановок не планируется — Ольга Любимова

Музыкальные новости

Эксперт Михаил Александров: Далекие от реалий мифологемы

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch

Новости и Культура, Дети и Россия: Бурятский Театр кукол «Ульгэр» выступил в Улан-Удэ в «Больших семейных выходных» горожан

МегаФон и «Газпром межрегионгаз» обсудили цифровизацию контроля за поставками газа

Новости России

В федеральных театрах кадровых перестановок не планируется — Ольга Любимова

Ковальчук заявил об использовании Западом аварии на ЧАЭС для дискредитации СССР

В подмосковном ЖК «Новая Рига» начали передавать машино-места владельцам

Песков: на ПМЭФ Путин выскажется об экономических достижениях и проблемах

Экология в России и мире

ГЕРОИЧЕСКОЕ УЧАСТИЕ АРМЯН В СВО. ЧАСТЬ ЧЕТВЕРТАЯ

Как избежать больших проблем при одиночном путешествии: туристкам дали важные советы по безопасности

С чем носить юбку этим летом: примеры стильных образов

Это вовсе не только Питер: названы 15 городов России, куда можно поехать на белые ночи

Спорт в России и мире

Ига Свёнтек одержала 40 побед над теннисистками из топ-10 рейтинга WTA

Названо условие сенсации в матче Арины Соболенко с вундеркиндом из России

Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе

«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros

Moscow.media

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

Глазово

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Остров Огой.







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *