БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын резолюциясы четке кагылды
Коопсуздук кеңештин 14-апрелде Орусиянын талабы менен чакырылган чукул жыйыны өттү. Орусия сунуш кылган резолюциянын долбоорунда АКШ, Британия, Франциянын Сирияга жасаган аскерий соккусу “агрессия” катары айыпталган. Добуш берүүгө келгенде резолюцияны Коопсуздук кеңешке мүчө он беш мамлекеттин үчөө эле колдоп, сегизи каршы чыкты, төртөө калыс калды. Резолюция кабыл алынуусу үчүн кеминде тогуз өлкө колдоп, Коопсуздук кеңештин туруктуу беш мүчөсүнүн эч кимиси вето салбашы керек эле. АКШнын БУУдагы... Читать дальше...