Казакстан Каспийде аскер күчтөрү болушуна каршы
Орусиянын басылмаларындагы Борбор Азия тууралуу макалаларга сереп.
Орусиянын басылмаларындагы Борбор Азия тууралуу макалаларга сереп.
Чечүүчү кармашта кыргызстандык спортчу түрк балбаны менен күч сынашкан.
Ош менен Баткен облустары талашып жаткан Кызыл-Кыя цемент заводу турган жердин дагы бир ээси пайда болду. Алар ошол эле Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн тургундары.
Жыл башынан бери Жер ортолук деңизи аркылуу Европага келген мигранттардын саны өткөн жылдын ушул убактысына караганда эки эсеге аз. Жарым жылда ушул жолду 46 миң киши басып өтсө, өткөн жылы алардын саны 101 миңден ашкан. Бул тууралуу 6-июлда Эл аралык миграция уюму (МОМ) билдирди. Ал эми 2016-жылы жылы Жер ортолук деңиз аркылуу Европага келген мигранттардын саны 231 миңге жеткен. Качкындардын басымдуу бөлүгү, 17 миңдейи Италияга, 16 миңдейи Испания жана Грецияга 14 миңи кирген. Деңиз аркылуу... Читать дальше...
Таиландда балдар менен үңкүрдө калган машыктыруучу суучул аркылуу ата-энелерге кат жөнөттү. Бул тууралуу Франс-пресс агенттиги жазды. “Моралдык жактан колдоо көрсөтүп турганыңыздарга рахмат. Мен бардык ата-энелерден кечирим сурайм”, - деп жазылган катта. 23-июнда Чианг-Рай провинциясында жергиликтүү футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы 12 өспүрүм үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Он күндөн кийин аларды британиялык суучулдар таап, видеокамерага тартып чыгышкан. Балдар... Читать дальше...
"Куугунтук курмандыктарынын" бул чыгарылышы белгилүү кыргыз мамлекеттик ишмери Таш Кудайбергеновду (1898-1956) эскерүүгө арналат.
Жапонияда катуу жааган нөшөр жана андан кийин болгон сел 15ке жакын өмүрдү алып кетти. Бул тууралуу бүгүн Киодо агенттиги билдирди. Акыркы маалыматтарга караганда, элүүдөн ашуун адам дайынсыз жоголгон. Өлкөнүн өзүн өзү коргоо күчтөрү издөө иштерин улантууда. Нөшөрлөп жааган катуу жаанга жапон деңизиндеги “Прапирун” тайфунунун таасири себеп болгон.
Европа Биримдиги (ЕБ) жана ЮНИСЕФ Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да, миграциядан жабыр тарткан балдарды коргоо боюнча жаңы программаны ишке киргизип жатат. Жакынкы үч жыл аралыгында, мигранттардын балдарына укуктук, маалыматтык жардам көрсөтүлѳт. Европа Биримдиги 42 айга созула турган бул программаны ишке ашыруу үчүн 800 миң евро бөлөт. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы балдардын 11 пайызы, башкача айтканда 259 миң баланын ата-энеси миграцияда жүрөт. Читать дальше...
4-июль күнү кечке жуук Лейлек районунда Тажикстан менен чек араны бөлүп турган чоң жолдун жээгиндеги жүк сактаган кампада өрт чыккан. Тилсиз жоо ээ бербей май куюучу жайга жармашкан. Өрттөн Кыргызстандын эки жараны жана тажикстандык төрт киши жабыркап, ооруканага түшкөн.
Футбол боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыккан эки команда аныкталды. Алардын бири Бельгия өлкөсүнүн футболчулары болду. Түндө Бельгиянын улуттук курама командасы Бразилия менен ойноп, 2:1 эсебинде утуп алды. Оюнда Бразилия эсепти теңөөгө аракетин күчөткөнү менен Бельгиянын коргоочулары кынтыксыз ойноп, атаандаштарга мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада чемпионатка эң күчтүү команда катарында келген Бразилия турнирден четтеди. Бельгиялыктар жарым финалда Франция менен ойнойт. Читать дальше...