Денис Тенди өлтүрдү деп шектелгендердин бири кармалды
Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тенди өлүмүнө шектелгендердин бири 20-июлда кармалды. Алматы шаарынын прокурору Берик Жуйриктаев кылмышка шектүү катары кармалган, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов адвокатынын катышуусунда берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алганын билдирди. Киясов убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду. Экинчи шектүүнү издөө иштери уланууда. Жергиликтүү басылмалар белгилүү спортчу менен коштошуу 21-июлда эртең менен Балуан Шолак атындагы спорт сарайында өтөрүн жазып жатышат. Читать дальше...