Грециядагы өрттүн курмандыктары 74кө жетти
Грециянын борбору Афинанын четиндеги токойлорду каптаган өрттөн каза тапкандар 74 кишиге жетти. 24-июлда дагы 26 кишинин сөөгү табылды, алардын көбү жаштар экени айтылды. Өрттүн тутанышына 40 градус ысык жана катуу шамал себеп болгону кабарланды. Өрт өчүрүүчүлөр 100дөн ашуун киши жабыркаганын, алардын айрымдарынын абалы оор экенин билдиришти. Мындан тышкары миңден ашык үй күйүп кетти. Грек премьер-министри Алексис Ципрас Босния менен Герцеговинага баруудан баш тартып, Афиныга кайтып, Евробиримдикке кайрылып, жардам сурады. Читать дальше...