Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Ноябрь
2018

Новости за 25.11.2018

Azattyk.org 

Керч кысыгындагы жаңжал

Орусиянын чек арачылары Украинын аскердик кемелерин аткылаганы кабарланды. Киев Азов деңизиндеги тирешти "агрессиялык акт" деп атады. Орус тарап болсо украиндерди чагымчыл кадамдарга барды деп айыптоодо.

Azattyk.org 

Макрон полиция менен кагылышкан демонстранттарды сындады

Франциянын президенти Эммануэл Макрон күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө каршы көчөгө чыгып, полиция кызматкерлери менен кагылыша кеткен демонстранттарды сынга алды. "Коопсуздук күчтөрүнө чабуул койгондорго уят. Башка жарандарга жана журналисттерге күч колдонгондорго уят",-деп жазды Макрон 25-ноябрда "Твиттердеги" барагына. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ишемби күнү Франциянын 1600дөй аймагында митингдер өтүп, ага 100 миңден ашык киши катышты. Кара май баасынын өсүп жатканына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Керч кысыгын жапканы кабарланууда

Орусия Кара деңиз менен Азов деңизин байланыштырган Керч кысыгын жарандык кемелер үчүн жапты. Интернетке жарыяланган сүрөттөрдөн Керч көпүрөсүнүн алдында өтмөктү атайын кеме тосуп турганын көрүүгө болот. Бул кысык Орусия Украинанын үч аскердик кемесин Керч көпүрөсүнүн жанындагы деңиздин орус тарапка таандык бөлүгүнө кирди деп айыптагандан кийин жабылды. Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрү, тескерисинче, Орусияны Кара деңизде жүргөн украин кемелерине каршы агрессияга жата турган кадамдарга барды деп айыптап жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Reuters": Сирия оппозициясына абадан сокку урулду

Сириянын Алеппо шаарынын айланасындагы куралдуу оппозициячыл күчтөргө жекшемби күнү абадан сокку урулду. Бул тууралуу "Reuters" жаңылыктар агенттиги баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясына шилтеме кылып кабарлады. Укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, бул Орусия менен Түркиянын ортосундагы сентябрь айында кабыл алынган келишимден кийинки алгачкы чабуул болуп калды. Аба соккулары Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын оппозициясын Алеппонун калк жашаган аймагына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдиктин лидерлери Брексит келишимин жактырышты

Жыйырма айдан бери уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн кийин Евробиримдик Британиянын уюмдан чыгуусу боюнча эки негизги документти жактырды. Мындай чечим уюмдун 27 өлкөсүнүн лидерлеринин Брюсселде 25-ноябрда өткөн жыйынында кабыл алынды. Лидерлер жактырган 585 беттен турган келишимде Британия 2019-жылдын 29-мартында Евробиримдиктен кандай шарттар менен чыгары жазылган. Ошондой эле Лондон менен Брюсселдин келечектеги кызматташуусу тууралуу саясий декларация да колдоо тапты. Негизги келишимди Британиянын парламенти ратификациялашы керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстан аскердик даярдыгын текшерерин Кыргызстанга кабарлады

Өзбекстан эртең 26-ноябрда өзүнүн аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерет. 25-ноябрда бул тууралуу расмий нота өзбек тараптан Кыргызстанга келип түшкөнүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Өзбекстан чыгыш тарабынан Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешери маалым. (RK)

Azattyk.org 

Өзбекстан аскерлеринин даярдыгын текшерерин Кыргызстанга кабарлады

Өзбекстан эртең 26-ноябрда өзүнүн аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерет. 25-ноябрда бул тууралуу расмий нота өзбек тараптан Кыргызстанга келип түшкөнүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Өзбекстан чыгыш тарабынан Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешери маалым. (RK)

Azattyk.org 

"Тизмегейт": КСДПнын кеңешчиси "Азаттыкка" калп айтканын моюнуна алды

КСДП партиясынын саясий технологу аталып келген Алексей Василивецкий «Азаттык» радиосуна калп айтканын моюнуна алды. Ал социалдык түйүндөр аркылуу кыргызстандыктарга жолдогон видео кайрылуусун таратып, "Азаттыктын" кабарчысынын "Жээнбековдун штабында иштедиңиз беле?" деген суроосуна "Жок, иштеген эмесмин" деп туура эмес жооп бергенин айтты. Василивецкий орус жараны экенин, былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго кеңеш берип иштегенин, бул үчүн акы алганы чын экенин, соңку кезде аңдуулар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина менен Орусия Азов деңизиндеги окуя үчүн бири-бирин айыптоодо

Украинанын деңиздеги аскер күчтөрүнүн башчылыгы Орусияны Азов деңизинде украиналык аскерлерге карата агрессия жасоодо деп айыптап чыкты. Жекшемби күнү таратылган билдирүүдө Одесса портунан Мариуполго карай сүзүп бараткан украиналык кемеге Орусиянын “Дон” чек ара кемеси чабуул жасап, негизги кыймылдаткычын бузуп кеткени айтылат. Адамдар арасында жабыркагандар жок. "Орусия өзүнүн зордукчулдугун жана эл аралык укук нормаларын таптакыр тоготпогонун дагы бир ирет көрсөттү" – деп айтылат Украинанын билдирүүсүндө. Читать дальше...

Azattyk.org 

26-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

26-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -7...-12, күндүз 4...9, Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз 2...7, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10, Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2 градус болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Аскерге баргысы келгендер көбөйдү"

Кыргызстанда армияда кызмат өтөгүсү келгендердин саны көбөйдү. Бул тууралуу Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев "Азаттыктагы" маегинде билдирди. Ал ошондой эле кыргыз армиясындагы жоокер өлүмү, кырсык, зордук-зомбулукка байланышкан чуулгандуу фактылар, өзүнүн аты аталган чырлуу окуялар тууралуу суроолорго жооп берди.

Azattyk.org 

Элчинин өлүмү боюнча иш тергелип бүттү

Түркияда орус элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип бүттү. Anadolou мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, прокуратура 28 адамга айып такканы жатат, алардын арасында Фетхулла Гүлен жана анын бир нече тарапкери бар. Элчи Карлов 2016-жылдын 19-декабрында Анкарадагы "Орусия: Калининграддан Камчаткага чейин саякатчынын көзү менен" аттуу фотокөргөзмөдө сүйлөп жатканда окко учкан. Элчини аткан 22 жаштагы полиция кызматкери Мевлүт Алтынташты коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерден атып өлтүрүшкөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаңы конуштардын жарыбаган турмушу

Тизеге жеткен баткак жолдор, суусу жок, электр жарыгы үлбүлдөп эле күйгөн айылдар. Мындай көрүнүшкө Бишкектен алыс чыкпай эле көзүң түшөт. Баш калаанын тегерек четинде жайгашкан жаңы конуштарда кыш өзүнүн каарын көрсөтүүдө.

Azattyk.org 

Өзбекстандык келин учактын ичинде көз жарды

Өзбекстандык келин учактын ичинде көз жарды. "Азаттык" радиосунун  өзбек кызматы кабарлагандай, окуя ишемби күнү Кытайдын борбору Бээжинден Ташкентти көздөй багыт алган учакта болгон. China Southern Airlines авиакомпаниясынын каттамына билет алган Наргиза Касымова толгоосу эрте келип, ымыркайын учактын ичинде төрөдү. Бул анын бешинчи баласы экени кабарланды. Күтүүсүз жагдайдан улам лайнер кайра аэропортко келип конуп, натыйжада каттамдын жүргүнчүлөрү Ташкентке беш саат кеч конушту. Ал эми төрөгөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаннат кушунун ургаачысы күйөө тандайт

Бейиш куштарынын ургаачылары түгөйлөрүн ырдатып, бийлетип тандайт. Булчуңдарды күчтүү кыла турган көнүгүү жүрөккө пайдалуу. Дүйнөдөгү эң кубаттуу супер компьютерлер АКШ жана Кытайга таандык. Байыркы майялардын Тикал шаарында 10 миллионго чамалуу эл жашаган.

Azattyk.org 

Казакстандан бензин ташыган үч адам кармалды

Казакстандан мыйзамсыз кара май ташып келе жаткан үч кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, чек арачылар "Чоң-Капка" бекетинде үч автомашинаны токтотуп текшергенде ичинен жалпысынан 1,5 тонна бензин куюлган желим челектер табылган. Документи жок жүктү алып өтүүгө аракет жасагандар милиция органдарына өткөрүлүп берилди. Кыргызстанда күйүүчү май кескин кымбаттады. Айдоочулар мындай өзгөрүү алардын капчыгын кагып жатканын айтышууда. Ал эми... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр жолдор тазаланбай калып жаткан себептерди атады

Кардын жаашы жана техниканын жетишсиздиги жолду убагында тазалап, себүү иштерин толук жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өкмөттө өткөн кеңешмеде билдирди. "Бирок жолчулар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жер-жерлерде унаа жолдорун тейлөө боюнча гана эмес, жол кыймылын жөнгө салуу жана айдоочуларга жардам берүү иштерин дагы аткарууда" деди министр. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Алепподо мониторинг жүргүзүүдө

Орусия Сириянын Алеппо шаарына химик адистерин жөнөттү. Бул тууралуу жекшемби күнү Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдирди. Аскер кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик телеканалдар аркылуу бул шаарда ууландыруучу снаряддар атылып, адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат тараганына байланыштуу жөнөтүлдү. "Сирияда жайгашкан байкоочу бекеттердин радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу жаатында адистешкен кызматкерлери атайын жабдыктары менен окуя болгон жерге дароо жетип барышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тереза Мэй британ элине кайрылуу жолдоду

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй британ элине ачык кайрылуу жолдоду. Европа Биримдигинин Брюсселде өтө турган кезексиз саммитине аттанар алдында ал элге кайрылып, Брекзит өлкөнүн тарыхында жаңы баракча ачарын айтты. "Бул биздин улуттун жана элдин кызыкчылыктарына жооп бере тургандай келишим болот. Европа Биримдигинен чыгуу сунушун колдогондор үчүн да, каршы болгондор үчүн да бирдей иштейт” деди Мэй. Буга чейин Евробиримдик менен Лондон Брекзиттен кийинки кызматташтык тууралуу саясий декларациянын долбоорун макулдашкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек-Ош автожолундагы чектөө алынды

Бишкек-Ош автожолундагы чектөөлөр алынды, жол толугу бойдон ачык. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов билдирди. Оторовдун айтымында, ашууда кар жааган жок, буга чейин пайда болгон тыгын тарады. Автотрассанын 121-125-чакырымдары кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу ишемби күнү убактылуу жабылган. (RK)


Белый дом заявил, что США готовы обсуждать ДСНВ с Россией

Подросток случайно убил пристававшего к нему незнакомца в Москве

В Совфеде заявили об отсутствии рисков от введения цифрового рубля

Как Россия после эмбарго стала ещё больше зарабатывать на нефти в ЕС



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Захарова назвала заявления Путина о ядерном оружии абсолютно четкими

Источник 360.ru: при пожаре в квартире на юго-западе Москвы погибла женщина

Названа главная легочная болезнь, угрожающая миллионам жителей России

Программа ремонта поликлиник продолжит реализовываться в Подмосковье — Воробьев

Музыкальные новости

Андрей Воробьев: около 110 новых магазинов «Магнит» построят в Подмосковье

Новости и Культура, Дети и Россия: Театр Ульгэр выступил в Этнографическом музее народов Забайкалья в Улан-Удэ

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация!

Новости России

Программа ремонта поликлиник продолжит реализовываться в Подмосковье — Воробьев

Как Россия после эмбарго стала ещё больше зарабатывать на нефти в ЕС

Швыдкой заявил, что эффективность новых руководителей театров Москвы оценят через два года

Источник 360.ru: при пожаре в квартире на юго-западе Москвы погибла женщина

Экология в России и мире

Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

ГЕРОИЧЕСКОЕ УЧАСТИЕ АРМЯН В СВО. ЧАСТЬ ЧЕТВЕРТАЯ

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Befree запускает сайт для поиска талантов

Спорт в России и мире

Теннисистка Андреева заявила, что хочет войти в топ-20 рейтинга WTA ради собаки

Превзойдет саму Шарапову? юная Мирра Андреева наступает на пятки звездам тенниса

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Теннисист Джокович побил рекорд Федерера по победам на турнирах "Большого шлема"

Moscow.media

В Москве арестовали бывшего замглавы Росприроднадзора по делу о мошенничестве

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Создан новый метод предсказания деменции с точностью до 80%







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *