Украин парламенти 30 күнгө аскердик абал киргизди
Украин парламенти – Жогорку рада 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү колдоду. Президент Петро Порошенко өлкөгө аскердик абал киргизүү жөнүндө жардыкка 26-ноябрда кол койду. Мыйзам долбоору дароо парламентке келип түшкөн. Украинанын Куралдуу күчтөрү толук күжүрмөн даярдыкта экенин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Керч кысыгында кырдаал курчугандыктан мындай буйрук өлкөнүн Коопсуздук кызматынын ички курамына дагы берилди. Буга чейин Киевдин маалыматына караганда, Орусия Украинанын 23 морягын кармап кеткен. Читать дальше...