Испаниядагы шайлоодо социалисттер алдыга чыгышты
Испанияда соңку төрт жылдын ичинде үчүнчү жолу өтүп жаткан чукул парламенттик шайлоодо бийликтеги партия алдыга чыкты. Экзит-поллдор премьер-министр Педро Санчес жетектеген Испаниянын социалисттик жумушчу партиясы жалпы добуштардын 30 пайызга чукулун алганын көрсөтүп жатат. Алдын ала жыйынтыктар ырасталса, социалисттер коалиция түзүү үчүн башка партиялардын колдоосуна муктаж болот. Экзит-поллдорго ылайык, Пабло Касадо жетектеген "Элдик партия" добуштардын 16,8 пайызын, Альберт Риверанын "Жарандар" блогу 14 пайызын алды. Читать дальше...