Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2019

Новости за 05.05.2019

Azattyk.org 

Москвадагы учак кырсыгы 41 адамдын өмүрүн алды

Орусиянын Тергөө комитети кырсыкка кабылган "Sukhoi Superjet" учагындагы 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Москвадан Мурманскка жөнөгөн учакта баары 78 адам - беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан. "Sukhoi Superjet" учагы асманга көтөрүлгөн соң жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон. Интернетке тараган жана Орусиянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн видео тасмада куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан учак аба бекетине келип конуп жатканын көрүүгө болот.

Azattyk.org 

Москва: учак кырсыгынан бир адам каза тапканы ырасталды

5-майда “Аэрофлот» компаниясынын учагы "Шереметьево" аба бекетине чукул конууга аргасыз болуп, күйүп кетти. Орусиянын Тергөө комитети бир адам каза тапканын, дагы төрт киши жаракат алганын тастыктады. Ошол эле кезде орусиялык маалымат каражаттар өлгөндөр жана жабыркагандар андан көп болушу мүмкүн экенин жазып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты адам ооруканага жеткирилгенин кабарлады.  Интернетке тараган жана Орусиянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн видео тасмада куйругу жалындап күйүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Заманиния: Иран мунайын экспорттону улантабыз

Ирандын мунай министринин орун басары Амир Хусейин Заманиниянын 5-майда айтканына караганда, Тегеран мунайды "көмүскө базарга" чыгаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. “Биз бардык ресурсту мобилизация кылып, мунайды "кара базарга" чыгарабыз”, - деди ал. Заманиниянын бул билдирүүсү АКШ Ирандын мунайын сатып алууга киргизген санкциясынан баш тартпай турганын айткандан кийин болуп отурат. Тегеран АКШнын санкцияларына карабастан, мунайды экспорттоону уланта бере турганын билдирүүдө. “Бул - контрабанда эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда “Талибандын” кол салуусунан сегиз полиция кызматкери мерт болду

5-майда Ооганстандын түндүгүндөгү Пули-Хумри шаарында «Талибан» кыймылы полиция башкармалыгына кол салып, коопсуздук күчтөрүнүн кеминде сегиз кызматкери мерт болду. Ал эми 55 киши, анын ичинде күч органдарынын 30дан ашуун кызматкери жаракат алган. Бул тууралуу Баглан провинциясынын саламаттыкты сактоо департаментинин башчысынын орун басары Ахмад Бариз Сахибзада билдирди. Ал атышуу дагы деле уланып жаткандыктан, курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Маалыматтарда алгач жанкечти өзүн жардырып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түндүк Македонияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат

Президенттик шайлоого биринчи айлампада 42,8% алган Стеву Пендаровски менен 42,2% топтогон Гордана Сильяновска-Давкова катышып жатат. Эртең менен саат жетиде өлкө боюнча 3400дөй шайлоо бекети ачылды. Мамлекеттик шайлоо комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00гө карата шайлоочулардын 20% добуш бергенин маалымдады. Добушканалар кечки жетиде жабылат.  Биринчи айлампага үч талапкер ат салышкан. Анда Стеву Пендаровски менен Гордана Сильяновска-Давкова дээрлик теңме-тең добуш топтогон. Ал эми Европа Биримдигиндеги мурдагы элчи... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Мамлекет башчы 5-май — эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өзгөчө маанилүү күн экенин белгилеп, Баш мыйзам кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөнүн билдирген.  «Конституция — бул өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу. Негизги мыйзамда камтылган ченемдерди кыйшаюсуз аткаруу — сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүшүнүн кепили. Майрамыбыз кут болсун, урматтуу кыргызстандыктар!» деп жазылган президенттин куттуктоосунда.  Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ ХАМАСтын Израилге аткан ракеталык соккуларын айыптады

АКШ палестиналык согушкерлердин Израилге аткан ракеталык соккуларын айыптады. Мамлекеттик департаменттин атынан 4-майда таратылган билдирүүдө Вашингтон Израилге тилектештигин билдирип, Израил «өзүн өзү коргоого укуктуу экендигин» айткан. «Кошмо Штаттары Газадагы ХАМАСтын жана палестиналык жихадчы топтун жазыксыз карапайым жарандарды жана жалпы эле Израилди көздөй аткылоосун айыптайт. Буга жоопкер адамдарды өз аракеттерин тезинен токтотууга чакырабыз», - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагустун билдирүүсүндө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстан: «Талибандын» чабуулунан 20дай киши жарадар болду

Ооганстандын түндүгүндөгү Пули-Хумри шаарында «Талибан» кыймылы полиция бөлүмүнө кол салып, кеминде 20дай адам жарадар болду. Жанкечти өзүн жардырып, кийин согушкерлер менен полиция өкүлдөрүнүн ортосунда атышуу башталган. «Атышуулар токтогон жок, жарадарлар ооруканага жеткирилди», - деген жергиликтүү бийликтин өкүлү Асадулла Шахбаз аймакка башка провинциялардан күч түзүмдөрү келе жатканын кошумчалады. Баглан провинциясындагы бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алып, анын согушкери... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Интернет трафигин көзөмөлдөйт

Бул тууралуу 3-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышкан жыйында сөз болду. Ал Интернеттин кирген-чыккан трафигин эсепке алуу боюнча иштерди тездетүүнү талап кылды:  - Жарым жыл мурда тийиштүү тапшырмалар берилген. Бирок бүгүнкү күнү бул багыттагы процессти тездетүү зарыл. Салык төлөмдөрү баштагыдай эле көмүскөдө калып жатат. Дагы бир ирет белгилей кетсем, Интернеттин трафигин эсептөөнү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акты болушу зарыл, - деди Боронов.  Натыйжада Экономика министрлигине... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда тиркеме аркылуу анонимдүү сүйлөшүүгө тыюу салынды

Буга байланыштуу мыйзам Орусияда 5-майдан тартып күчүнө кирди. Эми Интернетте жеке куржун аркылуу сүйлөшүү үчүн телефон номур бекитилиши зарыл. Бул үчүн мессенжер кызматы уюк операторуна жазышып жаткан абоненттердин номурун сурап кайрылат. Оператордон 20 мүнөт ичинде оң жооп келсе, анда тараптар сүйлөшүүсүн уланта алышат. Ал эми уюк операторунун маалымат базасына анын абоненти кайсы тиркеме аркылуу сүйлөшүп жатканы тууралуу жазылат. Эгер абонент эч бир уюк операторунун маалымат базасында жок болсо... Читать дальше...

Azattyk.org 

6-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

6-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3° чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү уланат.  6-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда карга айланат, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда орозо 6-майда башталат

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечими менен ыйык Рамазан айы 6-майда башталат деп белгиленди. 5-майда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулуп, андан соң саат 3:54тө ооз бекилет. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтияты маалымдады. Исламдын беш шартынын бири — Рамазан айында орозо кармоо. Орозо учурунда мусулмандар битир-садага берүүгө милдеттүү. Муфтияттын маалыматы боюнча быйыл берилүүчү садага-битир киши башына 1,6 кг буудай, ун, мейиз же 3,2 кг арпа, курма өлчөмүндө же булардын акчалай наркы берилет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иранда президенттин бир тууганы коррупция үчүн камалды

Ирандын президенти Хасан Роуханинин бир тууган иниси Хусеин Ферейдун 4-майда соттун чечими менен түрмөгө камалды. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жарым-жартылай расмий болуп саналган «Mehr» жана ISNA агенттиктери маалымдагандай, сот чечимине нааразы тарап аны жокко чыгартууну көздөп жатат. Президент Хасан Роуханинин иниси жана кеңешчиси Хусеин Ферейдун 2017-жылы кармалып, бирок көп өтпөй күрөө менен бошотулган. Каршылаштары анын камалышын жана коррупциялык иштери үчүн сот жоопкерчилигине тартылышын талап кылышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаман ойду жакшы уйку жууйт

90 миллион жыл мурдагы суу чаян табылды. Уйку стрессти дарылап, жаман нерселерди унуткарат. Титан планетасындагы кайыптан жаралчу көлдөр. Европа куртбалыгы уругун 5000 чакырымга чачканы тастыкталды.

Azattyk.org 

Зеленский инаугурацияны 19-майда өткөрүүнү сунуш кылды

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский инаугурацияны 19-майда өткөрүүнү сунуш кылды. Бул сунушун ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Эгерде Жогорку Рада жаңы президенттин инаугурациясын 27-майга чейин белгилебесе, анда Зеленский парламентти таратуу тууралуу буйрук чыгара албайт. Украин мыйзамдары боюнча, президент Раданы ыйгарым укугу аякташына жарым жыл калганга чейин гана тарата алат. Учурдагы Раданын ыйгарым укугу 27-ноябрда бүтөт.  Жогорку Раданын спикери Андрей Парубий азыр парламентти таратууга негиз жок экенин айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда президенттикке алгачкы жолу аял талапкер катталды

Мамлекет башчылыгына шайлоодо талапкер катары «Ак жол» партиясынан Дания Еспаева көрсөтүлгөн. Анын талапкерлигин колдоп, 140 миңден ашуун шайлоочу кол коюп берген. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Еспаеваны талапкер кылып каттады.  Дания Еспаева 58 жашта. Мурунку жылдары түрдүү банктарда жетекчи кызматтарда иштеген. 2016-жылдан тартып парламентте депутат. Казакстандагы президенттик шайлоого катталган талапкерлердин саны тогузга жетти. Талапкерлерди каттоо бир жумадан кийин аяктайт.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Укук коргоочулар: Орусия Идлибге абадан сокку урду

Орусиянын учактары Башар Асаддын учактары менен өнөктөштүктө Сириянын Хама жана Идлиб провинцияларын бомбалашты. Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарынын абалына көз салган уюм билдирди. Маалыматка ылайык, 30-апрелдеги чабуулдан 69 адам набыт болгон. Сокку учурунда ичине жардыргыч зат менен кошо темир сыныктары толтурулган жасалма бомбалар колдонулганы айтылууда. Дамаск бул соккунун максаты согушкерлерди жок кылуу экенин билдирди. Мамлекеттик SANA маалымат агенттиги кабарлагандай, авиасоккулар согушкерлер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Митингге чыккан Военно-Антоновканын тургундары айып төлөштү

3-майда Өкмөт Үйүнүн алдында нааразы болуп чыккан Военно-Антоновка айылынын тургундары 3000 сом айыпка жыгылды. Калган 30дай киши түшүнүк кат жазып берген. Айыл тургундары колунда «кызыл китеби» бар болгонуна карабастан, өкмөттүн «жерди мыйзамсыз алышкан» деген чечимге нааразы. Алардын бири Эрлан Нурматов «Азаттыкка» буларды билдирди: - Биз бул жерлерди 2012-жылы сатып алганбыз. Бирок кийин «бул - айыл чарба жерлери, аларга мораторий кирген» деп там салдырбай келатат. Бизге «кызыл китептерди» Мамлекеттик каттоо кызматы берген. Читать дальше...

Пресс.kg 

Что сказали депутаты и чиновник о своем присутствии на мероприятии Матраимовых?

Что сказали депутаты и чиновник о своем присутствии на мероприятии Матраимовых?Наш корреспондент Эламан Карымшаков задал интересующие всех вопросы следующим лицам: 1) Тазабек Икрамов2) Алмазбек Токторов3) Руслан Казакбаев4) Алмамбет Шыкмаматов5) Кубатбек Боронов6) Рыскелди МомбековЧей ответ вам понравился больше всего? Опубликовано Sputnik Кыргызстан: Новости и события дня Четверг, 2 мая 2019 г. 783 просмотров всего, 783 просмотров сегодня

Пресс.kg 

Задержан подозреваемый за заведомо ложное сообщение о теракте на Орто-Сайском рынке в 2018 году

Сотрудники Службы по противодействию экстремизма и незаконной миграции ГУВД Бишкека задержали подозреваемого за заведомо ложное сообщение об акте терроризма на Орто-Сайском рынке в Бишкеке в 2018 году. Об этом сообщает пресс-служба ГУВД Бишкека.       По ее данным, 16 мая 2018 года примерно в 12:00 в службу «102» ГУВД г.Бишкек поступило сообщение о том, […]

Azattyk.org 

Бүгүн Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынган күн

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 26 жыл толду.  Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан бери Баш мыйзам бир нече жолу өзгөртүлгөн.  Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча акыркы референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган.  5-май майрам күн болуп эсептелет. (ZKo)


К 100-летию педиатрической службы Якутии: врач Сардана Маркова о профессии, кадрах и проблемах

«Техноград» расскажет горожанам о трех востребованных специальностях в ИТ

Московская пенсионерка разыграла мошенников, подменив деньги бумагой

Вот и все: Минфин сделает один вид инвестирования невыгодным?



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Вот и все: Минфин сделает один вид инвестирования невыгодным?

Собянин поздравил россиян с Международным днем защиты детей

В детской школе искусств Моршанска за 1 млн рублей открыли виртуальный концертный зал

Для юных москвичей проведут онлайн-викторину о ...

Музыкальные новости

Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  

Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 3 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

Новости России

Для юных москвичей проведут онлайн-викторину о ...

Московская пенсионерка разыграла мошенников, подменив деньги бумагой

Московская пенсионерка подшутила над мошенниками

День защиты детей 1 июня: история и традиции праздника в России

Экология в России и мире

Конференция «Общество и психическое здоровье» прошла в Ставрополе

Я думала, мы умрем: американка переехала в Великобританию и столкнулась с левосторонним движением, праворульными машинами и механической коробкой передач

Всеармянский союз «Гардман-Ширван-Нахиджеван» осуждает лживое заявление президента Азербайджана Алиева

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Спорт в России и мире

Мирра Андреева вышла во второй круг Открытого чемпионата Франции

Касаткина о романе Синнера и Калинской: рада, больше ничего не хочу говорить

Надаль пропустит Уимблдон из-за желания сыграть на Олимпиаде

Прямая трансляция матча Рыбакиной с победительницей четырех "Больших шлемов"

Moscow.media

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Доступный, летний, твой – StarLine A60 BT GSM ECO

В Петербурге суд оправдал владельца транспортных средств, который давал взятки сотруднику ГИБДД

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *