Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2019

Новости за 17.05.2019

Azattyk.org 

Москва менен Амстердам “Арктик Санрайз" кемеси боюнча талашты жөнгө салды

Орусия менен Нидерланддар 2013-жылы “Гринпис” экологиялык уюмунун кемесин басып алуу боюнча узак убактан берки талашка чекит койду. 17-майда жарыяланган билдирүүдө Нидерланддын желеги менен келе жаткан “Арктик Санрайз" кемесине келтирилген чыгым үчүн Москва 2,7 миллион евро төлөп бере турганы көрсөтүлгөн.  “Орусия Федерациясы жана Нидерланддар бири бирине койгон доону толук жөнгө салды” деп айтылат эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери тараткан биргелешкен билдирүүдө. "Гринпис" экологиялык уюмунун... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Азаттык+»: Караколдун мыктылары

Жоомарт Карыбаев 20 жашында директордун орун басары болгон. Акылбек Өмүргазы уулу жумушчуларына чачтарачтан бери жалдап, чет өлкөгө эс алууга жиберип турат. 50 сотых күнөсканада 300 миңден ашык гүл. Туратбек Абдыкадыров быйыл борбордук аянтты да гүлдөттү. "Азаттык+" бул берүүдө Караколдун эмгекчил тургундары менен тааныштырат.

Azattyk.org 

“КТ Мобайл чуусу” өкмөттү жарга такадыбы?

“КТ Мобайл” компаниясына байланыштуу жаңжал ырбады. Аны иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тууганы, “Ачык өкмөт” долбоорунун координатору Иманкадыр Рысалиевдин өз укугунан аша чапканы ачыкка чыкты. Мындан улам айрым эл өкүлдөрү Рысалиевдин жана Абылгазиевдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүүдө.

Azattyk.org 

Украина: эки министр кызматтан кетерин жарыялады

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин 17-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Ал өз чечимин быйыл Жогорку Радага боло турган парламенттик шайлоого катыша турганы менен түшүндүрдү. Павел Климкин кызматтан кетип жатканы тууралуу билдирүүсүн “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды. Ошондой эле 2014-жылдан бери Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап келген Александр Турчинов да кызматтан кетти. “Мени кызматка койгон президенттин ыйгарым укуктары аяктап жатканына байланыштуу Коопсуздук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чех жараны Донбасста согушканы үчүн соттолду

Чехиянын Пардубице шаарынын соту 2015-жылы Украинанын чыгышында орусиялык жикчилдер тарабында согушкан чех армиясынын жоокери Эрика Эштага өкүм чыгарды. Ал үч жылга жаза мөөнөтүн артка жылдыруу менен соттолду. Башкача айтканда, төрт жыл ичинде ал мыйзам бузбаса, жазасын өтөөдөн бошотулат. Андан тышкары ал аскердик наамынан ажыратылды. Тергөөнүн маалыматына караганда, 2015-жылы жазында Эрик Эшта Украинанын чыгышына келип, орусиячыл жикчилдер өз алдынча жарыялап алган "Донецк элдик республикасынын" бөлүктөрүндө бир айдай кызмат өтөгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзгөндүк блогер эки айга камалды

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда ал Кылмыш-жаза кодексинин опузалап пара талап кылуу жана ээнбаштык беренелери боюнча айыпталып жатат.

Azattyk.org 

Кумсалардын никесине уруксат берилди

Тайвандын парламенти бир жыныстагы түгөйлөрдүн баш кошуусуна уруксат берди. Кытай өз провинциясы деп эсептеген арал ошентип "гейлердин никесин мыйзамдаштырган" Азиядагы биринчи жер болуп калды. Кошмо Штаттар "кумсаларды тазалоо" операциясына тиешеси бар делген Чеченстандын күч түзүмдөрүнө жаңы финансылык санкцияларын киргизди. Мехикону каптаган кара түтүндөн улам бийлик мектептерди убактылуу жабууну чечти. Украинада парламентте көпчүлүк коалиция ыдырады.

Azattyk.org 

Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгер бутун оорутуп алганы кабарланды

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан дарыгер Ирина Цопова эки кабаттуу керебеттен түшүп келе жатып, бутун оорутуп алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" ырастап, дарыгер кыйноого кабылышы мүмкүн деген божомолдорду четке какты: "Бутун кайрып алган күнү тергөө абагынын дарыгери келип, рентгенге тарткан. Сынбаптыр, бирок жарака кеткен экен. Гипс коюп, травматологдун жардамын алган. Врачтар аны ооруканага жаткырууга муктаждык жок дешти. 16-майда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сузактагы чатакты милиция иликтеп жатат

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп саналган адам ички иштер органынын атайын багыттагы отрядынын мурдагы кызматкерин сабаган окуяны Жалал-Абад облустук милициясы териштирип жатат.

Azattyk.org 

Кочкордогу болочок программисттер

"Агахан" фонду, ЮСАИДдин “демилгелүү жаштар” долбоору жана Билим берүү министрлиги республикадагы 24 мектепке компьютер программаларын тереңдетип окутуу ыкмасын киргизди. Азыр бул программа Нарын облусундагы 11 мектепте иштеп жатат.

Azattyk.org 

"Альфанын" кызматкерлери ок атуу боюнча таймашты

КМШ өлкөлөрүндөгү "Альфа" атайын тобунун кызматкерлеринин таймашы Бишкек шаарындагы Ички иштер министрлигине караштуу «Динамо» спорт комплексинде 16-май күнү өттү. Алар таамай ок атуу боюнча мелдешти. Мелдеш кызматтык милдетин аткарууда курман болгон офицерлердин элесине арналып, генерал Артур Медетбеков башында турган «Альфа-антитеррор» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү. Ага «Альфа» атайын даярдыктагы тобунун ардагерлери Орусия, Казакстан, Беларустан келсе, Кыргызстандан Улуттук коопсуздук кызматынын 9-башкармалыгынын... Читать дальше...

Ca-irnews.com (kg) 

Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттемелерин аткарууну токтото баштады

Ирандын Атомдук энергетика боюнча уюмунун атын атоону калабаган өкүлдөрүнүн бири өлкөнүн Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешинин акыркы билдирүүсүндө баса белгиленгенип айтылган өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттемелерди аткарууну токтотуу планы ишке ашып баштаганын билдирди.

Azattyk.org 

Милиция кызматкери баланы куткаруу үчүн итти аткан

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Адилет Бекжанов үч жаштагы баланын өмүрүн сактап калды. Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 16-майда "Дордой" базары тарапта болгон. Милиция кызматкери Адилет Бекжанов кыйкырган үндөн улам көчөгө чуркап чыгып, кичинекей баланы ит тиштеп алганын көргөн. Карап турган адамдар баланы куткара албай койгон. Айбан баланы сүйрөп жөнөгөндө, милиция кызматкери табелдик куралын колдонууга мажбур болгон. Андан кийин "Тез жардам" келип, наристени ооруканага алып кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Зариф Кытайды өзөктүк келишимди сактап калууга чакырды

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Кытайды, Орусияны жана башка өнөктөштөрдү 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактап калууга чакырды. Зариф бул тууралуу 17-майда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуу үчүн Бээжинге келген учурда билдирди. Кытай 2015-жылы Британия, Франция, Германия, Орусия жана АКШ менен бирге Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол койгон. Ага ылайык, Иранга салынган санкциялар алынган. Бирок былтыр май айында АКШ «Тегеран милдеттенмелерин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен: жаңы прокурордун убадасы

Баткен облусунун прокурору болуп Абдибакыт Халмурзаев дайындалды. Бул кызматта мурда киши колдуу болгон Анарбай Мамажакыпов иштеген.

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбеков казак президентин туулган күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда телефон аркылуу Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана алдыдагы эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышууну талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев быйыл марттан бери Казакстанды башкарып келе жатат. Коңшу өлкөнү 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев кызматынан кетерин жарыялагандан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда активист Бейбарыс Толымбековду аскерге алып кетти

Таза шайлоого үндөгөн баннер үчүн он беш күнгө камалып чыккан активист Бейбарыс Толымбековду 17-майда аскер комиссариатынан армияга алып кетти. Жергиликтүү Vlast сайтынын жазышынча, Толымбеков аны достору менен коштошууга мүмкүндүк бербей аскерге алып кетип жатканына нааразылыгын билдирген. Ал арада социалдык тармактарда Бейбарыс Толымбековдун аскер формасын кийген видеосу тарады. Анда ал комиссиянын чечими жок эле, шашылыш аскерге жөнөтүп жатканын билдирген. Сөзүн айтып бүтө электе эле аны аскер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент: Кен тармагында айрым топтордун кызыкчылыгы корголгон

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда Балыкчы шаарынын активи жана тургундары менен жолугушууда тоо кен тармагы өтө коорупциялашканын билдирип, мындай иштерде мамлекеттин жана коомдун эмес, жеке адамдардын кызыкчылыктары эске алынганын билдирди. - Тоо кен тармагына көңүл бура баштадым. Бул тармак, айрыкча лицензия, уруксат берүү системасы коррупцияга белчесинен баткан. Кен чыккан жерлерде көп учурларда мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы корголгон эмес. Жеке, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун гана кызыкчылыгы корголгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Өткүн өтүп, жаан жаайт

18-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 9…14... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тайван бир жыныстагыларга никеге турууга уруксат берди

Тайвандын парламенти 16-майда бир жыныстагылардын бирге түтүн булатышына уруксат берди. Кытай өз провинциясы деп эсептеген бул арал кумсалардын никесин мыйзамдаштырган Азиядагы биринчи аймак болуп калды. Мыйзам долбоорун 66 депутат колдоду, 27 депутат каршы добуш берди. Документ президент Цай Инвень кол койгондон кийин күчүнө кирет. Бир жыныстагы адамдардын баш кошуусун мыйзамдаштыруу тууралуу талаш-тартыш Тайванда көптөн бери уланып келген. Айрым штаттарда кумсалардын никеси мыйзам түрүндө таанылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

ӨКМдин суучулдары көлмөлөрдүн коопсуздугун текшерип жатат

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 14-15-май күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ноокен районунда Нарын дарыясынын жээгиндеги жайгашкан “Бачок” участкасында суу астында текшерүү иштерин жүргүзүштү. Натыйжада суу астында адам өмүрүнө коркунуч жараткан темир-тезек, таштанды жана узундугу бир метр келген балырлар бар экени аныкталып, бул жайда сууга түшкөнгө тыюу салды. - “Бачок” участкасы сууга түшүүгө ыңгайлуу эмес жана жарандарга коркунуч туудурат. Сууга түшкөнгө болбойт... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМдин мурунку кызматкери коопсуздугуна кабатыр

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү токмоктогон облустук ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы отрядынын (Спецназ) мурунку кызматкери өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканын “Азаттыкка” билдирди. "Мен ал балдарды мурда-кийин көргөн эмесмин жана жакшы тааныбайм. Мен тартылган видеонун Интернетке чыгып кетүүсү күтүүсүз болду. Бул боюнча өз коопсуздугумду ойлоп укук коргоо органдарына кайрылган жокмун. Учурда өзүм жана үй-бүлөм үчүн коркуп турам. Мамлекетте мыйзам иштесе... Читать дальше...


Подмосковный Комлесхоз опубликовал прогноз пожарной опасности на выходные

Заворотнюк похоронили на аллее деятелей искусств Троекуровского кладбища

Амбиции родителей. Как перестать закрывать за счет ребенка свои гештальты

Психолог дала советы, чем занять ребёнка на каникулах



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Юных жителей Химок угостили бесплатным мороженым в День защиты детей

Москвичам пообещали нежаркое и дождливое начало лета

«Чужих не бывает»: Герой России пожелал детям счастливого детства и будущего

Собянин поздравил россиян с Международным днем защиты детей

Музыкальные новости

Конец близок в релизном трейлере Destiny 2: The Final Shape

«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3

В Екатеринбурге Росгвардия обеспечила правопорядок на переходном матче Чемпионата России по футболу

Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие

Новости России

«Студия театрального искусства» подтвердила смерть актера Липинского

Три человека пострадали в результате аварии на 56-м километре МКАД

Комплексная безопасность - детям!

Сегодня похоронили актрису Анастасию Заворотнюк, которая много лет боролась с раком

Экология в России и мире

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером

Eleganzza весна-лето 2024

«585*ЗОЛОТОЙ» выступила партнером медиафестиваля творческой молодежи YOUPITER

Бесплатные ежедневные тренировки от сети фитнес-клубов Spirit. Fitness в парке Горького/Музеон

Спорт в России и мире

Кецманович отказался от борьбы в игре с Медведевым на "Ролан Гаррос"

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй

В России отреагировали на "скрытую баранку" и достижение Рыбакиной на Ролан Гаррос

Синнер повторил уникальное достижение Джоковича и Надаля на турнирах «Большого шлема»

Moscow.media

НА ДЕТСКОМ ФЕСТИВАЛЕ ИСКУССТВ «НЕБО» СОСТОИТСЯ 5 ПРЕМЬЕР И ПОКАЖУТ НОВИНКИ ОТ ВЕДУЩИХ МОСКОВСКИХ ТЕАТРОВ

Военные следователи продолжают оказывать гуманитарную помощь военнослужащим, находящимся в полевых госпиталях

Доступный, летний, твой – StarLine A60 BT GSM ECO

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *