Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2019

Новости за 03.10.2019

Azattyk.org 

Путинди кетиргиси келген бакшынын акылы жайында эмес деп табылды

Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасында полициянын тергөөсүнүн алкагында жүргүзүлгөн психологиялык-психатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен Александр Габышев акыл-эси ордунда эмес деп табылды. Бул тууралуу «Ачык Орусия» укук коргоо кыймылынын координатору Валентина Дехтяренко билдирди. Анын айтымында, Габышевдин адвокаттары муну четке кагып, көз каранды эмес экпертиза жүргүзгөнү жатышат.  51 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй ушул жылдын март айында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сириядан кайткан тажик жарандары кармалууда

Ирактын борбору Багдадда жана бир катар аймактарда комменданттык саат киргизилди. Алдынкы күнү нааразылык акциялар маалында каза тапкандардын саны 18 кишиге жетти. Тажикстандык укук коргоочулар Сириядан кайтып келгендерге куугунтук башталганын айтып, коңгуроо кагып жатышат.

Azattyk.org 

Баасы учакка тең төөлөр

Чөлдөгү ыйык жаныбар катары бааланган төө - Бириккен Араб Эмираттарынын символу. Төөлөрдүн жарышын, фестивалдарды, төөлөрдүн сулуулук сынагын, төө базарларын, жада калса төөлөр үчүн курулган ооруканаларды да бир гана Бириккен Араб Эмираттарынан көрүүгө болот.

Azattyk.org 

Нарында «Сууканалдын» кызматкерин топурак басып каза болду

Нарын шаарында «Сууканал» ишканасынын 29 жаштагы жумушчусун топурак аралаш таш басып калып көз жумду. Дагы бир жумушчу жабыркап ооруканага түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 3-октябрда болду. Алар Райымбеков көчөсүндө чуңкурдун ичинде суу түтүктөрүн оңдоп жатканда кырсыкка кабылышты. Чоо-жайы териштирилүүдө. (SE)

Azattyk.org 

Парижде полиция кызматкери кесиптештерин бычактады

Франциянын борбор шаары Парижде полициянын кеңсесинде бир кызматкер чогуу иштеген кесиптештерине бычак менен кол салды. Соңку маалыматтарга ылайык, анда төрт киши өлдү. Бычак көтөргөн адам да атып өлтүрүлдү. Азырынча аны бул кылмышка эмне түрткөнү белгисиз. Полициянын бул кеңсеси Нотр-Дам чиркөөсүнө жакын жайгашкан. Окуя болгон район курчоого алынды жана андагы метронун станциясы жабылды. Ал жерде ички иштер министри Кристоф Кастанер жүрөт.

Azattyk.org 

Кумтөрдө иштегендер пенсиясына кызыгышты

«Кумтөр» алтын кен ишканасынын жергиликтүү жумушчулары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууда пенсияга чыгуу мөөнөтүнө жана пенсия өлчөмүнө байланышкан маселени көтөрүштү.

Azattyk.org 

Орусияда өзбек мигранттарын кордогон полиция кызматкерлери иштен алынды

Москванын четиндеги Балашиха шаарында өзбекстандык эки кишинин терезеден секиришине себепкер болгон полиция кызматкерлери жумуштан алынды. Расмий маалыматка караганда, ал окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында эки ыкчам кызматкер иштен алынып, алардын жоопкерчилиги мыйзамдын алкагында каралмай болду. Ошондой эле 10 киши түрдүү тартип жоопкерчилигине тартылды.  20-сентябрда өзбекстандык Дилшод Темиров менен Илхом Халматов оор жаракаттар менен Балашиханын ооруканасына жеткирилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сокулукта автобус 5-класстын окуучусун тебелеп кетип каза болду

Сокулук районун Күн-Туу айылында 5-класстын окуучусу эл ташыган №18 автобуска тебеленип каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Кырсык 3-октябрда болгон. Маалыматка караганда окуучу автобустун арткы эшигинен түшүп бараткан. Айдоочу аны байкабастан автобусту айдаганда баланын бир буту эшикке кыпчылып калып, автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип калган. Ал ошол жерден мүрт кеткен. Учурда окуя иликтенип жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Башкы прокуратура: Шадиевди экстрадициялоо маселеси көтөрүлгөн эмес

Башкы прокуратурада Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жүргөн жери тууралуу так, документтер менен тастыкталган маалымат жок. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, ал Америка Кошмо Шттарында жашырынып жүрөт. Башкы көзөмөл органы «Азаттыктын» суроосуна расмий түрдө ушундай жооп берди. Андан алынган маалыматка караганда, кылмышкерди эстрадициялоо боюнча АКШ менен Кыргызстандын ортосунда укуктук-келишимдик база... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иракта калайман баш аламандыкта 18 адам өлдү

Иракта коменданттык саат жарыяланганына карабай 3-октябрда да өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланды. Полиция демонстранттарга ок атуучу курал, көздөн жаш агызган газ колдонду. Өлгөндөрдүн арасында полиция кызматкерлери да бар.  Бийлик өлкөнүн борбору Багдадда таң эрте жолдорго чектөө киргизгенине карабай, Тахрир аянтына ондогон адам чогулду.  Багдадда 2-октябрда кечинде мамлекеттик мекемелер, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана элчиликтер жайгашкан райондо 2-октябрда жардыруу болду. Айрым бир маалыматка... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам парламентте экинчи окууда колдоо тапты

Кызуу талаш-тартыштардан кийин 3-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда жактырышты. Документке 84 депутат «макул», 23 эл өкүлү «каршы» добуш беришти. Депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбоору кесиптик кошуундардын өкүлдөрү менен депутаттардын ортосунда карама-каршы пикирлерди жаратты. Буга байланыштуу 1-октябрда Кесиптик кошуундар үйүнүн алдында нааразылык акциясы өткөн. Анда Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбооруна каршылык айтылган. Читать дальше...

Ca-irnews.com (kg) 

Валид Муаллем: Иран Сирияны колдоп келди, бирок араб туугандар аркабыздан сокку урушту

Сириянын тышкы иштер министри Иран Сириянын террорчуларга каршы күрөшкөн өнөктөштөрүнүн башында турарын айтып, “Иран Сирияны колдоп келди, бирок араб туугандар аркабыздан сокку урушту”, - деп билдирди.

Azattyk.org 

Абдыкалык Рустамовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Абдыкалык Рустамовдун камактагы мөөнөтүн 30-ноябрга чейин узартты. Ал эми жардамчысы үй камагында болот. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Рустамов менен анын жардамчысы 30-июлда 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган. Маалыматка караганда, алар чет элдик жарандан жер фондунан 5 гектар участок берүүдө оң чечим чыгарганы үчүн пара талап кылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

«Азаттыктын» макаласынан соң үйлүү болгон бүлө

Чиедей алты баласы менен жаңы үйгө көчүп кирген Динара Жумабекованын кубанычында чек жок. Ага кайрымдуу адамдар үй сатып беришти. Бели ката элек кыздарын ээрчитип алып талаада, бирөөгө жалданып иштеп, күнүмдүк тиричилигин өткөргөн Динара Турдубекова тууралуу «Азаттык» радиосу сентябрь айынын башында макала даярдап обого алып чыккан.

Azattyk.org 

Баткендеги Көк-Таш айылына ИИМдин ички аскеринин ротасы жайгаштырылды

Коомдук коопсуздукту камсыздап, чек арадагы чыр-чатактын алдын алыш үчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин ротасы Баткендин чек арага жакын аймагына тартылды. ИИМдин ички аскеринин тараткан маалыматы боюнча рота Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ганы атындагы орто мектептин имаратына жайгаштырылды. Бул маселе президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевдин Баткенге болгон иш сапары учурунда талкууланган. Учурда аскер кызматкерлери жашай турган мектептин имараты оңдолуп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абад: жумуш издегендерге жарманкеде 300 бош орун сунушталды

Шаарда өткөн бош орундар жарманкесинде ар түрдүү мекеме-уюмдар, окуу борборлору жана өнөр жай ишканалары тарабынан 300 жумушчу орун сунушталды. Жарманкеге Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмү, эмгекке жарамдуу жаштар, жумуш берүүчүлөр, мамлекеттик жана муниципалдык органдар, шаар тургундары катышты. Адистер иш издеген жарандарга бош орундар тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Иш-чараны уюштуруунун максаты... Читать дальше...

Azattyk.org 

Желим баштыкка салык салынышы мүмкүн

Кыргызстандын ички рыногунда полимердик жана желим баштыктарды сатууда жана импорттоодо аларды өлкө аймагында утилдештирүү үчүн төлөмдөр киригизилиши мүмкүн. Өкмөт “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Бул мыйзам долбоор айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана полимер менен пластикалык материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктардын калдыктарын азайтуу максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары долбоордо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт уранга каршы мыйзамды колдой турганын жарыялады

Өкмөт Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун колдой турганын жарыялады. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, өкмөт депутаттар тобу иштеп чыккан уранга каршы мыйзам долбоорун илгерилетүүгө тоскоолдук кылган кандайдыр бир жашыруун аракеттерди жасаган жок. 24-июнда бул мыйзам долбоорун жактыруу боюнча өкмөттүн расмий корутундусу чыгып, ал мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, «Бир Бол» фракциясынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбек ырчылары той-топурда ырчылардын санынын чектелишине нааразы

Өзбекстанда бир катары ырчылар социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу той-топурда, үйлөнүү үлпөттөрүндө ырчылардын санынын чектелишине нааразы болуп жатышат. Өткөн айда парламент той-топурдун чыгымын азайтуу чаралары камтылган токтом кабыл алган. Ага ылайык, үйлөнүү үлпөттөрүндө музыкалык топтордун саны экиден ашпашы керек жана 250 адамдан көп конок чакырганга болбойт. Ошондой эле үйлөнүү үлпөтүнүн кортежи үч гана машинеден турушу керек.  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Журналисттик этика комиссиясы Абдыкеримовдун арызы боюнча чечим чыгарды

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия «АЮ холдинг» компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун арызы боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу маалымат аталган комиссиянын «Фейсбуктагы» баракчасына чыкты.  Ага ылайык, «Жаңы Ордо» гезитинин 2019-жылдын 6-сентябрында «Шакинин канаты жакынкы күндөрү кайрылабы?» деген автору жазылбаган чакан макалада Журналисттин этикалык кодексинин үч беренеси бузулган. 8-беренеде «журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жерүй боюнча жыйын өткөрүүгө чакырган жарандык активист суракка чакырылды

«Жерүй: кечээ, бүгүн, эртең» деген аталышта элдик жыйын өткөрүү боюнча демилге көтөргөн жарандык активист Айбек Бузурманкулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берүүдө. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова «Азаттыкка» ырыстап, Бузурманкулов факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суралганын айтты. Ал кайсы иш экенин «тергөөнүн кызыкчылыгы» деген жүйө менен тактаган жок. Бузурманкулов «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда... Читать дальше...


Ни "халяль", ни "грешниц": Церковь и Роспатент подготовили особый запрет для бизнеса

В Самарском театре драмы состоится премьера спектакля "Два благородных дона"

Выставку ко Дню медицинского работника подготовили в центрах госуслуг

Подготовка к реконструкции завершилась на Центральном московском ипподроме



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Москва ответила на намерение Киева использовать Patriot в небе над Россией

Вечер отечественных балетных достижений: в Большом театре прошел выпускной концерт МГАХ

Ни "халяль", ни "грешниц": Церковь и Роспатент подготовили особый запрет для бизнеса

Мазур: Томская область "повернула" на восток раньше других регионов РФ

Музыкальные новости

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Отельеры вступают в Игры дружбы // Стоимость размещения в гостиницах растет

В Тульской области продолжается культурный проект «Классика: история и современность»

Новости России

Мария Багреева: за 2 года ИТ-ипотеку получили 17 тыс. специалистов Москвы

Свыше 180 млрд рублей вложили в свое развитие предприятия ОЭЗ «Технополис Москва»

В РПЦ предложили запретить регистрацию товарных знаков с религиозной символикой

Сумма одобренных Москвой грантов на патентование в РФ выросла почти в 2 раза

Экология в России и мире

В Москве в ТРЦ Columbus открылся магазин O`Stin в формате 4.0

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Российский лоукостер запустил рейсы в Анталию из Махачкалы

Секрет долгожителей Азии раскрыт: гастроэнтеролог Садыков рассказал о пользе красного риса

Спорт в России и мире

17-летний россиянин Даниил Саркисян разгромил Форбса из США на юниорском «Ролан Гаррос»

Даниил Медведев назвал трёх людей в истории тенниса, с которыми хотел бы поужинать

Прямая трансляция матча Елены Рыбакиной против экс-первой ракетки мира на «Ролан Гаррос»

Медведев высказался об игре Свёнтек

Moscow.media

Пожар в пятиэтажке унес жизнь неосторожного курильщика

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  

Аккумулятор неанонсированного Samsung Galaxy Z Fold6 Ultra сертифицировали

Торжественное возложение цветов к памятному знаку «Юным героям — партизанам и подпольщикам» в Феодосии







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *