Сыябан: Маданий мурас жана миграция
"Сыябандын" сыйлуу коноктору: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү композитор Абидин Темиров, Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Саадат Даминова, Германияда жашаган музыкант Тимур Ысыев.
"Сыябандын" сыйлуу коноктору: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү композитор Абидин Темиров, Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Саадат Даминова, Германияда жашаган музыкант Тимур Ысыев.
Тегеранда орус журналисти Юлия Юзиктин кармалышына байланыштуу Ирандын Москвадагы элчиси Тышкы иштер министрлигине «орус жаранынын укуктарын коргоо жана кырдаалдын чоо-жайын тактоо үчүн» чакыртылды. Ирандагы Орусиянын элчилиги журналисттин кармалышына байланышкан маселелер менен алек болуп жатканын билдирди. "РИА Новости" агенттиги кабарлагандай, Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Аббас Мусави Юзик «түшүндүрмө берүү үчүн» кармалганын жана жакын арада бошотуларын айткан. Ал кошумча маалымат берген эмес. Читать дальше...
3-октябрда Бишкекте мектептен чыгып үйүнө бараткан 5-класстын окуучусу автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип каза болду.
Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 4-октябрда Нур-Султанда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кытайдын Шинжаң аймагындагы «кайра тарбиялоочу лагерлерде» казактар жок экенин айтты. - Биздин президент [Касым-Жомарт Токаев] жакында эле Кытайда мамлекеттик сапарда болду. «Билим берүүчү борборлордо» азыр Кытайда жашаган казактар жок. Бул маалымат жогорку деңгээлде ырасталды, - деген министр мурда ал жакта канча казак камакта болгонун тактаган жок. АКШнын мамлекеттик катчысы... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео НАТОго жакында эле мүчө болгон Монтенегро (Черногория) мамлекетиндеги сапарында Вашингтон менен Подгорица курал-жабдык боюнча ири келишимге кол коюуга даяр экенин билдирди. Помпео президент Мило Жуканович, өкмөт башчы Душко Маркович жана тышкы иштер министри Срджан Дарманович менен жолугушту. Мурдагы Югославиянын курамына кирген Монтенегро Орусиянын каршылыгына карабай 2017-жылдын июнь айында НАТОго мүчө болгон. Мамлекеттик катчы Кошмо Штаттар... Читать дальше...
АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы вице-президент Жо Байдендин жана анын уулу Хантердин үстүнөн иликтөө жүргүзүүгө Кытайды да чакырды. Украин президенти Владимир Зеленский 3-октябрда элине кайрылып, «Штайнмайер формуласын» таануу Донбасстан баш тартуу дегенди билдирбейт деп айтты. Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигине кириши мүмкүн.
Бишкекте “Кыргыз таануу маселелери: байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын болуп өттү. Иш-чарага жергиликтүү жана Борбор Азия мамлекеттеринен, Орусиядан келген окумуштуулар катышып, илимий баяндамаларында чыгыш таануу жана кыргыз таанууну мындан ары терең иликтөө жаатында өз сунуштарын билдиришти.
АКШ президенти Дональд Трамп Демократтардын атынан президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан мурдагы вице-президент Жо Байденге жана анын уулу Хантерге карата иликтөө жүргүзүүгө Кытайды чакырды.
Бишкекте өтүп жаткан "Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу эл аралык конференцияны кыргыз өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Борбор Азия Университети жана Жаңы технологиялар паркы уюштурган. Ага 12 өлкөдөн жаңы технология боюнча 20дан ашык адис жана Борбор Азиядагы 100дөн ашык эксперт катышууда.
Бишкекте "Борбор Азиядагы санариптик трансформация" аталышындагы эл аралык конференция өтүп жатат
Быйыл январь айында Москва шаарында кыргызстандык жаран Мусулманкул Камбаралы уулу киши колдуу болуп каза болду. Аны орусиялык 17 жаштагы өспүрүм бала бычактап салган деп шек саналууда. Анын соту 17-октябрга белгиленди.
Адамдын жеке уруксатысыз анын мамлекеттик базада сакталып турган персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок. Бул тууралуу 4-октябрда Бишкекте өткөн «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясы өтүп жаткан учурда президент Сооронбай Жээнбеков айтты. - Өтө кылдат мамилени, зор түйшүктү талап кылган багыт — бул маалыматтарды коргоонун коопсуздугу. Мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо — мамлекеттик сырды коргоодон башталат. Ошол эле учурда жарандарыбыздын кызыкчылыктары — кол тийгис. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы вице-премьер-министр, Нарын облусунун мурдагы губернатору, мурдагы айыл чарба министри жана элчилик сыяктуу бир топ жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеп келген Эмилбек Узакбаев 90-жылдардын ортосундагы бийлик номенклатурасынын сырлары менен бөлүштү. Ал 1995-жылдагы президенттик шайлоодо ошол кездеги президент болуп турган Аскар Акаев коммунисттердин жол башчысы, партиянын борбордук комитетинин мурдагы биринчи катчысы Абсамат Масалиевден кантип уттуруп,... Читать дальше...
Кыргызстандык мушкерге жеңиш алып келген беттеши бүгүн Чеченстандын борбору Грозный шаарында болду.
Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып кол чогултуп жатышат. Саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, учурда Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктардан баш-аягы 10 миңге жакын кол топтолду. - Республиканын бардык аймактарынан карапайым адамдар телефон чалып «Садыр Жапаров эмне үчүн эркиндикке чыгарылбай жатат?» деп тынчсызданышууда. Алар «митингге чыгабыз» дегенинен аны токтотуп койсок кол чогулта башташты, - деди Токтосунов. Читать дальше...
«Азаттык» менен «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» ой дөбөсүнүн биргелешкен долбоору.
2020-жылкы президенттик шайлоого талапкер катары катышканы жаткан АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Кытайда жүргүзгөн ишмердүүлүгүн Бээжин текшерип, иликтеп чыгышы керек. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттер менен жолугушкан учурунда жарыя кылып баса белгиледи. Маселе Жо Байден расмий сапары менен Кытайга барган 2013-жылдагы окуя тууралуу болуп жатат. Ошол учурда аны уулу Хантер дагы коштоп барган. Андагы расмий сапар менен барган учурда... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин бейшемби күнү кечинде эл аралык “Валдай” конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Москва Кытайга ракеталык коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жардам берерин билдирди.
Украинанын Львов шаарынын аэропортуна жакын жерде 4-октябрда Ан-12 учагы авариялык жагдайда конуп, беш адам өлгөн. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитет бортто сегиз адам болгонун, үчөө жараат алганын билдирди. Баштапкы маалыматтарга ылайык, учак Испаниядан Стамбулга тартып, майы түгөнүп калган. Май куюу үчүн Львов аэропортуна келатып, учуп-конуу тилкесине жетпей кулаган. Учактагылар кайсыл мамлекеттин жараны экени, кандай жүк алып баратканы айтыла элек.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясы саясатчы Равшан Жээнбековдун арызын карап, чечим чыгарды. Комиссиядан 4-октябрда маалымдашкандай, “Stanradar”, «Белый Парус», «Дело №», «Вечерний Бишкек» басылмаларында чыккан окшош макалалардын баарында кыргызстандык журналисттердин Этика кодексинин №8, 9, 10, 17, 19-беренелери бузулган. “Stanradar”, «Белый Парус», "Вечерний Бишкек" басылмаларына бул боюнча эскертүү берилди. "Вечерний Бишкек" гезити... Читать дальше...
Индиянын көз карандысыз кыймылынын лидери Махатма Гандинин сөөгүнүн күлү өлкөнүн борбордук штатындагы мемориалдан уурдалды. Вандалдар саясатчынын сүрөтүнө «саткын» деп жазып кетишкен. Полиция аларды издеп жатат. "The Wire" басылмасы кабарлагандай, окуя 2-сентябрда, анын 150 жылдык мааракесинде болгон. Ганди 1948-жылы январь айында өлтүрүлгөн, сөөгү өрттөлүп, күлүнүн бир бөлүгү Мадхья-Прадеш штатындагы мемориалда сакталып турган. Ганди британ баскынчылыгына тынч жол менен каршы чыгып, бүткүл дүйнөгө өрнөк болгон. Читать дальше...
АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага 150 даана "Javelin" ракетасын сатууга макул болду. Аскердик техникалардын жалпы баасы 39 миллион долларга барабар экенин Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги билдирди. Бул Украинага жеткириле турган "Javelin" ракеталарынын экинчи партиясы. Былтыр Кошмо Штаттар Киевге 200 ракета саткан. Курал-жарактын дал ушул түрү АКШ менен Украина президенттеринин чуулгандуу телефондук сүйлөшүүсүндө да талкууланган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Владимир Зеленский Украина... Читать дальше...
Кыргызстанда 1235 киши өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркайт. Бул тууралуу 4-октябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында айтты. - Аларга 2018-жылга чейин тендердик негизде бир эле компания гемодиализ кызматын көрсөтүп келген. Бирок бейтаптардын саны акыркы жылдары көбөйгөнүнө байланыштуу башка жеке менчик клиникалардын кызматтарын төлөө менен жеңилдетилген дарылоо системасын киргизүү зарылчылыгы келип чыкты, – деди Чечейбаев. Жыйынга тиешелүү өкмөт өкүлдөрү... Читать дальше...
Орусиялык журналист Юлия Юзик Тегеранда кармалды. Иранда ал Израилдин атайын кызматы менен иштешкен деп айыпталууда. Жакын күндөрү сот болорун журналисттин жакындары билдиришти. Журналист Борис Войцеховский Юзик бир канча жыл мурун Тегеранда кабарчы болуп иштегенин, чакыруу менен жакында кайра барганын жазды. Аэропортто эле анын паспортун алып, кайра мекенине кетип жатканда берилерин айтышкан. Войцеховскийдин тастыкташынча, аны Ислам революциясы сакчылары корпусунун кызматкерлери 3-октябрда... Читать дальше...
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берилди. Сот ишти качан карап баштары азырынча белгисиз. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Андан тышкары мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага... Читать дальше...