Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2020

Новости за 10.04.2020

Azattyk.org 

Кимсанов: «Прагадан Алини алып кел» дешкен

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун мекеменин жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видео билдирүүсү ачыкка чыкты.

Azattyk.org 

Кимсанов: Матраимов "Прагадан Алини таап келесиңер" деп буйрук берген

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов эки айга камакка алынгандан кийин социалдык тармакта анын видеосу тарады. Видеодо Кимсанов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбековдун тынымсыз коркутууларына, басымына кабылганын айтууда. Андан сырткары Кимсанов Матраимов ага "Азаттыктын" кабарчысы Али Токтакуновду Прага шаарынан таап келүүгө буйрук бергенин да айтып жатканын угууга болот.

Azattyk.org 

Эл үнү: карайлаган энелер, жүрөктү өйүгөн насыя

«Эл үнүнө» жаңы конушта жашап, тамак-ашка жетпей кыйналган энелер кайрылышты. Насыясы барлар сарсанаа болушууда. Орусия менен БАЭдеги айрым мекендештер ишсиз калып, үйүнө да кайта албай кыйналып жатканын билдиришти.

Azattyk.org 

Орусияда кыргызстандыктарга вирус жукканы расмий айтыла элек

Орусияда канча кыргызстандык коронавируска чалдыкканы тууралуу расмий маалымат жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди: "Якутияда эки кыргызстандыктан чыгыптыр" деп маалымат каражаттарына жарыяланды. Ал тууралуу бизге расмий маалымат келген жок. Азырынча «силердин жаран ооруп калды» деген так маалымат жок». Ал эми «Азаттыктын» Орусиядагы кабарчысы «коронавирус жуктуруп алдык» деп Москвадан эле кеминде кыргызстандык алты киши байланышканын маалымдады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай итти эти желе турган жаныбарлардын катарынан чыгарды

Кытайдын Айыл чарба министрлиги итти эти желе турган жаныбарлардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу ишкерлик темасына ылайыкташкан британиялык «Quartz» агенттиги жазды.  Мекеменин жакында жарыялаган тизмесинде «адамзат цивилизациясынын жана коомчулуктун жаныбарларга камкордугунун өнүгүшүнө байланыштуу иттер адамга шерик жаныбарга айланды» деп белгиленет министрликтин документинде.  Үй жаныбарлары деген акыркы тизмеге уй, кой, тоок, үндүк, чочко сыяктуу жаныбардын 13 түрү киргизилген. Андан тышкары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Абылгазиев ЕАЭБде убактылуу эреже киргизүүнү сунуш кылды

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында жүк ташуу жана айдоочулардын жүрүшү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кабыл алуу керек деп эсептейт. Мындай сунушун ал 10-апрелде Евразия өкмөт аралык кеңешинин видеоконференция режиминде өткөн жыйынында айтты. Премьер-министр бүгүнкү күнү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана өз ара сооданы тийиштүү деңгээлде сактоо ЕАЭБге мүчө болгон бардык мамлекеттер үчүн өтө маанилүү маселе болуп жатканын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аяна: Коронавирус окууга тоскоол боло албайт

8-апрелден тартып Кыргызстанда орто мектептин окуучулары аралыктан окуп жатышат. Бир топ түйшүккө карабай, окуучулар жаңы шартка ыңгайлашып, билим алууну улантууда. Ал эми мугалимдер өзгөчө кырдаал изденүүгө, жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө түрткү берип жатканын белгилешет.

Azattyk.org 

Медиа чектелген шартта иштеп жатат

Кыргызстандын медиа коомчулугу өкмөткө жана Бишкек комендатурасына кайрылып, өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин жөнгө салуунун жолун сунуш кылды.

Azattyk.org 

АКШда учакка түшкөндөр 96% азайды

Коронавирус пандемиясынан эң көп жабыркап жаткан Кошмо Штаттарда авиажүргүнчүлөр 96% азайды. Транспорт коопсуздугунун башкармалыгы жарыялаган жаңы статистикага ылайык, 8-апрелде аэропортторунун көзөмөл пункттарынан болгону 95 миң киши өткөн. 2019-жылдын ушул эле күнү 2,3 миллион жүргүнчү өткөн болчу. «Airlines for America» ассоциациясы ички каттамдагы учактарда орундуктардын ондон бири гана ээленип жатканын билдирди. Уюм америкалык авиакомпаниялар активдүүлүгүн 71% азайтышканын, бул жүргүнчү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен: 15-апрелге чейин малды жайлоого айдоого тыюу салынды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул тууралуу 10-апрелде эскертти. Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында жана аба-ырайынын туруксуздугуна байланыштуу көрүлгөн чара. “Жарандардын массалык мал айдоо аракети өзгөчө кырдаалдын тартибин бузат. Жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзөт. Мындан тышкары тоолуу аймактарда жана жайыттарда аба ырайынын төмөндөшү күтүлөт”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы: 8-марттагы окуя боюнча эки милиционер жазаланмай болду

Быйыл 8-марттагы окуядан кийин кармалгандарга Акыйкатчынын жана Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрүн жолотпой койгон эки милиционерге чара көрүлмөй болду. Бул тууралуу 10-апрелде мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды тынчтык маршынын 70тей катышуучусу кармалып турган имаратка киргизбей койгону айтылат. Райондук прокуратура акыйкатчыга жөнөткөн жообунда Ички иштер министрлигинин Ички иликтөөлөр кызматы эки... Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук банктын резерви 2,3 млрд. доллар

Бул 9-апрелдеги көрсөткүч экенин Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева 10-апрелде брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, жыл башынан бери Улуттук банк сомдун кунун кармап туруш үчүн 216,9 млн. долларды интервенциялады. Жалпысынан жыл башынан бери доллардын сомго карата курсу 11,92% көтөрүлгөн. Аида Карабаева банкка акча салган аманатчыларды кабатыр болбоого чакырып, бүгүнкү күндө Кыргызстанда банк системасы туруктуу тартипте иштеп жатканын эскертти. Анын сөзү боюнча, бардык каражаттар... Читать дальше...

Azattyk.org 

COVID-19: Ташкентте төрөт үйү карантинге алынды

Кыргызстанда бешинчи адам коронавирустан каза тапты. Өзбекстанда бир төрөткана дарыгерлери, андагы энелер жана ымыркайлар менен кошо карантинге алынды. Коронавирустан эң көп жапа чеккен айрым өлкөлөрдө эпидемия туу чокусуна жеткени байкала баштады.

Azattyk.org 

Уюк байланыш кызматкерлерине өткөрмө кагаз берүү каралууда

Ишмердүүлүктүн уруксат кагаз берилүүчү электрондук системасына банктардын, уюк байланыш ишканаларынын, жеке медициналык мекемелердин жана интернет-провайдерлердин кызматкерлерин ташууга уруксат берүүнү киргизүү маселеси каралат. Мындай сунуш Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын 10-апрелдеги жыйынында Бишкектин комендатурасына берилди. Комендатурага ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрү үчүн өткөрмө кагаз берүү иштерин күчөтүү зарыл экени эскертилди. Мындан тышкары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жээнбеков Түрк кеңешине чек аралардагы чектөөлөрдү азайтууну сунуш кылды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков пандемиядан улам чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого өз залакасын тийгизгенин айтты. Мамлекет башчысы бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында билдирди. «Чек арадагы чектөөлөр мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруусунда кыйынчылыктарды жаратып жатат. Бул илдеттин кесепетинен биздин өлкөнүн бюджети 20% азайышы мүмкүн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда өзгөчө абал узартылды

Казакстандагы өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узартылды. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз катчысы Берик Уали «Фейсбук» барагына жазды. Ал ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларындагы карантинди узартууну тапшырганын да белгиледи. Казакстанда өзгөчө абал 16-мартта киргизилген. 19-марттан тартып борбор Нур-Султан жана Алматы карантинге жабылган. Кийинчерээк карантин чаралары башка аймактарга да киргизилген. 10-апрелге карата бул өлкөдө... Читать дальше...

Azattyk.org 

COVID-19: Дарыгерлерге төлөнүүчү кенемте такталды

Иш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алган медициналык кызматкерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация берилет. Ал эми оорудан көз жумган кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнөт. Бул тууралуу Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын маалыматына ылайык, учурда оору жугузуп алган дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилүүдө. Тийиштүү органдарга акчаны өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөп берүү тапшырылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбеков Түрк кеңешинен кыргыз мигранттарына жеңилдик берүүнү суранды

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринен кыргыз мигранттарына жеңилдик берүүнү суранды. Бүгүн уюмдун онлайн өткөн жыйынында сүйлөп жатып кыргыз президенти көптөгөн жарандар коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам өз мекенине кайта албай жатканын айтты: «Уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн биздин көптөгөн жарандарыбыз бул илдеттин кесепеттеринен улам жумушун жоготуу коркунучу астында турат. Ушуга байланыштуу, сиздерге оор абалда калган... Читать дальше...

Azattyk.org 

ОПЕК+ мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтат

Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) жана мунайчы постсоветтик өлкөлөр тогуз сааттык талкуунун натыйжасында бейшембиде мунаса табышты. Ага ылайык, кара май өндүрүү май, июнь айларында күнүнө 10 миллион баррелге чейин азайтыла турган болду. Ошондо эң көп Орусия жана Сауд Арабиянын өндүрүшү азаяат. Тагыраагы эки өлкө суткасына 2,5 миллион бочке аз сатышы керек.  Бул кадам коронавирус пандемиясынан жабыркап жаткан дүйнөлүк мунай базарын турукташтырууга багытталган. ОПЕК+ (ОПЕК жана Орусия... Читать дальше...

Azattyk.org 

11-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

11-апрелде Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17; Талас облусунда түнкүсүн -2…-4 үшүк жүрөт, күндүз 12…17; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7... Читать дальше...

Azattyk.org 

Карантин дыйкандардын колун байлады

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жазгы талаа иштерине тоскоолдуктар болуп жатканын дыйкандар биринен сала бири даттанып чыгышты.

Azattyk.org 

«Талибан» Ооганстанда банк кызматкерлерин өлтүрүп кетти

«Талибан» кыймылынын жоочулары Ооганстандын Борбордук банкынын беш кызматкерин өлтүрүп кетишти. Кылмыш өлкөнүн батышындагы Герат провинциясында болгонун жергиликтүү полициянын өкүлү Абдул Ахад Вализада жума күнү билдирди.  Анын айтымында, жоочулар банк кызматкерлерин уурдап кетип, 9-апрелдин кечинде атып салышкан. Маалыматты Ички иштер министрлиги да ырастап, кылмыш үчүн талибдерди айыптады. Министрлик аталган кыймылдын жоочулары аймактагы мамлекеттик кызматкерлерди, анын ичинде аскерлерди уурдап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Элчилик: «Шереметьевого» барган жарандарыбызды кайра хостелге алып келдик

Москванын «Шереметьево» аэропортунун коопсуздук кызматы Бишкекке каттам күткөн кыргыз жарандарына ал жерге топтолууга уруксат берген жок. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова «Азаттыкка» билдиргендей, атайын уюштурулган хостелде жаткан кыргызстандыктар үч күн мурда аэропортко барышкан, бирок алар 10-апрелге караган түнү чыгарылды.  «Үч күн болду, биздин жарандар хостелден чыгып кеткен, - деди ал. - «Шереметьевонун» терминалдары жабык. Бирок «Б» деген терминалына барып отуруп жатышты. Читать дальше...


Празднование юбилея высадки союзников в Нормандии станет «днем Зеленского»

В Петербурге не стало актера из мюзикла «Старик Хоттабыч» Владимира Крылова

Очевидец раскрыл подробности ДТП с главой минздрава Камчатки

Жители Москвы могут провести время в летних читальнях



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Финансовые финансы

В Петербурге не стало актера из мюзикла «Старик Хоттабыч» Владимира Крылова

Очевидец раскрыл подробности ДТП с главой минздрава Камчатки

Празднование юбилея высадки союзников в Нормандии станет «днем Зеленского»

Музыкальные новости

Концерт студии "Жерминаль"

ONYX отправляется в Большой тур по России

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже товаров из магазина

Сергей Собянин поздравил москвичей с Международным днем защиты детей

Новости России

В Петербурге не стало актера из мюзикла «Старик Хоттабыч» Владимира Крылова

На МКАД грузовик столкнулся с двумя легковушками

Финансовые финансы

Парк, усадьба, карта: в Абрамцеве провели турнир по спортивному ориентированию

Экология в России и мире

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Всеармянский союз «Гардман-Ширван-Нахиджеван» осуждает лживое заявление президента Азербайджана Алиева

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Коллекция купальников Love Republic

Спорт в России и мире

Прямая трансляция матча Рыбакиной с победительницей четырех "Больших шлемов"

Синнер повторил достижение Джоковича и Надаля по победам на "Больших шлемах"

Мирра Андреева вышла во второй круг Открытого чемпионата Франции

Медведев пошутил о том, что часто проводит ночные матчи на турнирах «Большого шлема»

Moscow.media

ALMI Partner и «Даком М» будут совместно развивать и продвигать отечественные ИТ-решения

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *