Украин парламентинде самогон ачыткандарды айыпка жыкпоо тууралуу сунуш айтылды
Украин парламенти Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын айрым депутаттары Административдик укук бузуу тууралуу кодекске алымча-кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашты. Анда өлкөдө самогон салгандарды, бул ичимдикти сактагандарды айыпка жыгууну камтыган ченемдерди алып таштоо сунушталган. Депутаттар ошондой эле мындай ичимдик даярдаган адамдарга кайсы бир талаптарды коюу, салык салуу жана талапты бузганы үчүн жоопкерчилигин кароо үчүн дагы башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү караштырып жатат. Читать дальше...