Эрдоган күйөө баласынын кызматтан кетишине макулдук берди
9-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган финансы жана казына министри Берат Албайрактын кызматтан кетүү жөнүндө арызына кол койду. Министр 8-ноябрда «Инстаграмдагы» баракчасына ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетип жатканын жазган. Жергиликтүү серепчилер министр Албайрактын кызматтан кетишин өлкөдөгү экономикалык кризиске байланыштырышууда. Берат Албайрак бул кызматка 2018-жылы келген. Буга чейин ал түрк парламентинде депутат болуп, энергетика жана табигый ресурстар министри болуп да иштеген. Читать дальше...