"Кумтөр ишин кароо АКШнын юрисдикциясына кирбейт"
Кумтөргө байланыштуу Нью-Йорктогу соттун чоо-жайы тууралуу Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон адвокат, “Arnold & Porter” эл аралык юридикалык фирмасынын өнөктөшү Бенжамин Минц “Азаттык” радиосуна алтын кендин айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди. Кумтөр кенин иштеткен “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” ишканалары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде Нью-Йорктогу сотко кайрылганын аталган компанияларга ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген. Читать дальше...