Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2022

Новости за 21.01.2022

Azattyk.org 

Евробиримдик гуманитардык кризиске байланыштуу Ооганстан менен мамилесин жандантты

Европа Биримдиги беш айлык тыныгуудан кийин Ооганстандагы ачарчылыкка байланыштуу бул өлкө менен карым-катышын жандантканын жарыялады. Уюмдун жетекчилиги бул Кабулдун башында турган “Талибан” кыймылын таануу эмес экендигин белгилеп, мамиле гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн гана минималдуу түрдө калыбына келтирилерин кабарлады. Ушул аптанын соңунда ымаланы жумшартуу ыкмаларын сүйлөшүү үчүн талибдердин делегациясы Норвегиянын борбору Ослого келери маалымдалды. Норвегия өкмөтү бул “Ооганстанда күчөп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия биргелешкен машыгуу үчүн Беларуска С-400 ракеталарын алып келди

Орусия чек арада өткөрө турган биргелешкен аскердик машыгуу үчүн эки С-400 зениттик ракеталык комплекстерин Беларуска алып келди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Москва мындан сырткары окуудан өтүү үчүн Су-35 үлгүсүндөгү 12 истребител учактары жана “Панцирь” ракеталык комплекси да жеткирилгенин маалымдады. Мурдараак Александр Лукашенко Беларустун батыш жана түштүк чек араларында – Польша менен Украина чектешкен жерлерде Орусия жана Беларустун куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары өтөрүн жарыялаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан атомдук электр станциясын курууга кызыкдар

Диплом чырынан улам Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын депутаты Орозайым Нарматованы мандаттан ажыратты. Алматыдагы башаламандыкта каза болгондордун сөөгү жашыруун көмүлгөн жер аныкталды. Кыргызстандын аймагында Орусия менен биргеликте чакан атомдук электр станциясын куруу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Azattyk.org 

Франциянын Улуттук ассамблеясы Шинжаңдагы “геноцидди” айыптаган резолюция кабыл алды

Франциянын парламентинин төмөнкү палатасы – Улуттук жыйналыш Кытайдын бийлигин “уйгурларга жана башка азчылык улуттарга карата геноцид” үчүн айыптаган резолюция кабыл алды. Документ 169 “макул”, бир “каршы” добуш менен бекитилди. Анда Франциянын аткаруу бийлигине эл аралык коомчулук менен чогуу Кытайдын бийлигине таасир этип, Шинжаңдагы азчылык элдин укугун коргоо тапшырмасы коюлду. Мурдагы жылы Улуу Британиянын Жамааттык палатасы жана Нидерланд менен Канаданын парламенттери кабыл алган ушундай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Адахан Мадумаров сурактан чыкты

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Ал бүгүн Башкы прокуратурага сурак берүү үчүн кайра барган. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып дүйшөмбү күнү, 24-январда саат 10:30да кайра суракка келерин билдирди.  Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ мамкатчысы менен Орусия министринин Женевадагы сүйлөшүүсү жыйынтыкталды

21-январда Женева шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү аяктады. Эки делегациянын жолугушуусу бир жарым саатка созулуп, андан кийин башкы дипломаттар өз алдынча маалымат жыйынын өткөрдү. Лавров сүйлөшүүдө Украинадагы кырдаал, анын ичинде Орусия кол салышы ыктымал деген кооптонуу тууралуу сөз болгонун ырастап, Вашингтон Москванын талаптары боюнча кат жүзүндө жообун бермей болгонун айтты. Блинкен “Алдыдагы күндөрү өзүбүздүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Италиядагы кыргызстандык мигранттардын жашоосу тууралуу тасма тартылды

Борбор Азиядагы коопсуз миграция долбоорунун алкагында Италиядагы кыргыз мигранттарынын жашоосу тууралуу даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу ЮСАИД уюмунан билдиришти. Тасманын бет ачары 19-январда Бишкекте өтмөк. Бирок пандемияга байланыштуу болбой калган. Даректүү тасма кыргызстандык эмгек мигранттарынын Италиядагы жашоосу тууралуу баяндайт. Тасманын башкы каармандары көчүүнүн кыйынчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн бөлүшөт, ошондой эле коопсуз миграция үчүн бардык талаптарды аткаруу боюнча маанилүү маселелерди көтөрүшөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мандаттан ажыраткан диплом чыры

Кыргызстанда жогорку кызмат адамдарынын диплом чыры уланууда. Диплом чырына илинген Нарматова жана Момбеков Боршайком 20-январда Орозайым Нарматованы Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратты. Мындай чечимге Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду. БШКнын маалыматында, текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Токаев нааразылыктарга бай-кедей ажырымы алып келгенин айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-январда ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, мамлекетте байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым кыйла көбөйүп кеткенин билдирди. Ал январдын башындагы окуялардын бир себеби катары да ушуну атады. "11-январда парламентте айтканымдай, бай менен кедейдин арасындагы ажырым жол берүүгө мүмкүн болбой турган деңгээлге жетти. Айтылып келген социалдык-экономикалык жагдай менен реалдуу абал болуп көрбөгөн чекке жетти жана ал биздин экономикабызды кайрадан карап чыгуу зарылдыгын көрсөтүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт.  Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2…7; Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 1…6; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5 күндүз 2…7; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…4; Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-1; Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматыда жашыруун көмүлгөн сөөктөр табылды

20-январда Европарламент Казакстандагы январь окуялары боюнча резолюция кабыл алды. Анда депутаттар Европа кеңешин Казакстандагы кандуу тополоңдорго жооптуу мамлекеттик аткаминерлерге санкция салууга үндөштү. Ал арада Алматыда башаламандыкта мерт болгондордун сөөгү жашыруун көмүлгөн жер аныкталганы маалым болду. Полиция ал жерде "согушкерлердин" сөөгү көмүлдү деп айтып жатат. Европарламенттин резолюциясы Европарламент бейшембиде кабыл алган 27 беренеден турган документте депутаттар казак бийлигин саясий куугунтукту токтотууга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сыдыковдун сабалышы: Кыргызстан Казакстандан кенемте талап кылат

Казакстандын Бишкектеги консулу Алматыда сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу 21-январда Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Аталган мекеме анда  бул жарандын саламаттыгына оор залал келтирген  казак күч кызматкерлери тууралуу нота тапшырылганын маалымдады. ТИМ тараткан маалыматта  кыргыз тарап бул окуянын адилет, акыйкат иликтеп-тергелиши, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы,  Сыдыковго кенемте төлөнүшү керектигин билдиргени айтылат.  Казакстандын Алматы шаарында башламандыктарга байланыштуу кармалып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Блинкен менен Лавров украин кризиси боюнча сүйлөшүүсүн баштады

21-январда Швейцариянын Женева шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу башталды. Сүйлөшүүнүн башында Лавров мамкатчы менен Орусия койгон коопсуздук кепилдигин талкуулагысы келерин айтты. Ал жолугушуудан чоң нерсе күтпөй жатканын, бирок кездешүү АКШнын позициясын көрсөтө турганын билдирди. Блинкен болсо жолугушуу АКШнын жана анын Европадагы өнөктөштөрүнүн Орусиянын Украинага карата агрессиясын алдын алуу аракеттеринин бир бөлүгү экенин белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

Нифадьев: Садыр Жапаров Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган

Кыргыз-Орус Славян университети президент Садыр Жапаров аталган окуу жайдын юридикалык факультетин 2006-жылы сырттан окуп бүткөнүн билдирди. Окуу жайдын ректору Владимир Нифадьев Жапаров дипломдук ишин мыкты жактаганын маалымдады. "Ал 2006-жылдын 19-майында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын конституциялык-укуктук макамы" деген темадагы дипломдук ишин "эң жакшы" деген баага жактаган", - деди Нифадьев. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "диплом текшерүү" жараянына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Окуу жайдагы диндин карааны, студенттердин дооматы

Сокулук районунун Шопоков шаарындагы коллежде студенттерге дин таңууланып жатат делген кайрылууну Чүй облустук милициясы териштирип жатат. Билим берүү министрлиги да өз изилдөөсүн жүргүзүүдө. Окуу жайдын жетекчилиги студенттердин кайрылуусун негизсиз деп эсептейт.

Azattyk.org 

Казак элчиси кыргызстандык ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев өз өлкөсүндө тоз-тополоң болгон күндөрү жардам көрсөткөн кыргызстандык ыктыярчыларга жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге ыраазычылык катын тапшырды. Элчи башаламандык учурунда 1,5 миңден ашык четте жүргөн казакстандык жарандар ошол күндөрү мекенине Бишкек аркылуу кайтып келгенин, алар Кыргызстанды жөн гана коңшу өлкө эмес, "кыйын кырдаалда жөлөп-таяган боордош мамлекет катары" карап келишкенин белгиледи. Казакстандагы башаламандык учурунда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мектеп өксүсө, коом бүлүнөт

Коом караңгы болсо зулумдарды же жоопкерчиликсиз кишилерди шайлайт же алардын бийликке келишине жол берет. Андай төбөлдөр жаш муундун өз алдынча ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болуп өсүшүн дегеле каалабайт. Ушундай туңгуюк абал түзүлүп калса, эмне кылуу керек? Мугалимдер өздөрү жагдайга таасир эте алабы? Сабатсыздарды башкаруу оңой, бирок... Мамлекеттик бийлик менен коомдун билимдүү катмарынын өз ара мамилеси эзелтен татаал боло келген. Өлкөсүнүн тагдырындагы тарыхый озуйпасын аңдап билген лидерлер философтор менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара кызматы: тажикстандык айдоочунун сабалганы такталган жок

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуя тууралуу маалымат берди. Анда 20-январда Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы айланма жол тилкесинин Бакай бөлүгүнөн  Тажикстандын номери менен жүк ташыган унаа өткөн. "Бул машине “Ак-Сай” чек ара бекетинен Тажикистандын Хожа Аъло айылын көздөй катуу ылдамдыкта өтүп кеткен. Тажикистандын чек ара өкүлү Кыргызстандын чек ара өкүлүнө Кыргызстандын жарандары бул машиненин алдыңкы айнегин талкалаганын билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран, Орусия жана Кытай деңизде биргелешкен машыгууларын баштады

21-январда Иран, Орусия жана Кытай Инди океанынын түндүгүндө деңиз-аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен машыгууларын баштады. Бул тууралуу ирандык басылмалар кабарлап, аталган үч өлкө АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн өсүп жаткан басымдарына каршы бириккени жатышканын жазды. Ирандын куралдуу күчтөрүнүн контр-адмиралы Мустафа Таджеддини жергиликтүү телеканалдарга кабарлагандай, машыгууларга 11 ирандык, 3 орусиялык жана 2 кытайлык аскердик кемелери катышат. Ирандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү жарым-жартылай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандын жарандыгы 2253 адамга берилди

Президент Садыр Жапаров 21-январда Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыгынан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, 2253 адамга (1724ү чоңдор,  529у балдар) жарандык берилди. Президенттин басма сөз кызматы алардын басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирди. Жалпысынан атуулдук алуу тууралуу 2497 арыз түшкөн. Ошол эле учурда жарлыктарга ылайык, 244 киши (198и чоңдор, 46сы балдар) бул өлкөнүн жарандыгынан чыкты. Садыр Жапаров былтыр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Москва: журтташына кол cалган үч кыргызстандык жаран кармалды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарындагы кыргызстандык "Тik Tok" блогерге кол салуу фактысы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 1991-жылкы жарандын сабалып-тонолушуна байланыштуу шаардык полиция үч кыргызстандыкты  камады, учурда тергеп-иликтөө жүрүп жатат. Мунун алдында орусиялык айрым басылмалар окуя "Москва-сити" борборунда,  блогер жашаган квартиранын ашканасында болгонун жазышкан. Анда телефонун, синтезаторун жана 27 миң рубль акчасын тартып алышканы айтылган. Кол салгандар блогерди машинага сала кетип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Австрия коронавируска каршы вакцина алууну милдеттендирди

Австриянын парламенти башкаруучу коалициянын жарандарды коронавируска каршы вакцинаны алуусун милдеттендирген мыйзам долбоорун жактырды. 20-январдагы жыйында 183 орундуу Улуттук кеңештин 137си документке макул деп добуш берди, 33ү каршы болду. Мыйзам 4-февралдан тартып күчүнө кирет. Марттын ортосуна чейин ар бир жаран вакцинациялоо тууралуу кагаз жүзүндө эскертме алат. Андан кийин вакцина албагандарга 3600 еврого чейин айыппул салынат. Кош бойлуу аялдарга жана медициналык негизде вакцина алганга болбой турган адамдарга гана чектөө жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага суракка кирди

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага суракка кирди. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сауна окуясы: төрт кызды ооруканага жеткирген жагдай

Кара-Балта шаарында өз өмүрүнө кол салууга аракеттенген төрт кыздын бири тилкат жазып, анда сойкулукка айыптаган адамдарды күнөөлөгөн. Өткөн айда Кара-Балта шаарында активисттер сауналарды жабуу талабы менен бийликке кайрылган. Дары ичип, жанынан кечүүгө аракеттенишкен 19-январда болжол менен саат 19:22 чамасында Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарынын төрт тургуну - кыздар дарыга ууланганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алар Кара-Балта шаардык ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Asia Mall: бомба жөнүндө жалган маалымат түшкөн номер аныкталды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат келип түшкөн номерди жана анын ээсин аныктады. Атайын кызмат учурда жалган кабарды ошол жаран берип-бербегени такталып, текшерилип  жатканын билдирди. Аталган соода борборунда 20-январда түштөн кийин бомба коюлду деген маалыматтан улам ичиндеги жарандардын баары сыртка чыгарылып, машине токтотуучу жайы бошотулган, милиция имараттын жака-белин курчоого алган. Шектүү эч нерсе табылбагандыктан Asia Mall кечки саат 7де кайра ачылган. Читать дальше...


Актер сериала «Папины дочки» Андрей Светлов пропал в Москве

Дмитрий Азаров на выставке «Россия» поздравил молодоженов из Самарской области

Губернатор Московской области проверил строительство школы в Домодедове

Смерть не к лицу: пластических хирургов арестовали за гибель пациента



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Резидент технополиса «Москва» в июле-сентябре запустит производство киберпротезов

Воробьёв: новую школу в Домодедове откроют 1 сентября

Семьи из Подмосковья посетили благотворительный концерт в храме Христа Спасителя

Певец Юрий Лоза признался, что получает базовую пенсию в размере 16 тыс. рублей

Музыкальные новости

ПОДГОТОВИТЬСЯ К ЛЕТНЕМУ СЕЗОНУ? ЛЕГКО! ВМЕСТЕ С ПЛАТФОРМОЙ FITSTARS НА УМНЫХ ТЕЛЕВИЗОРАХ LG

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.

Институт экономики города и СберИндекс впервые исследовали доступность жилья в более чем 700 городах России

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»

Новости России

iPhone15 резко подешевел в России

Капелло прокомментировал назначение Станковича на пост главного тренера «Спартака»

Певец Юрий Лоза признался, что получает базовую пенсию в размере 16 тыс. рублей

Губернатор Московской области проверил строительство школы в Домодедове

Экология в России и мире

Делаем образ стильным при помощи одной яркой детали

Показ Academy Kaurtseva Fashion Day III 24

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети

Не чувствую руку: Доктор Кутушов рассказал к чему приводит частое онемение конечностей

Спорт в России и мире

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

Виктория Азаренко пробилась в четвертьфинал турнира WTA в Риме

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP

Moscow.media

Страдания юного Аюша Булчун

Руки-загребуки или парфюм с запахом уголовного дела

Более 1 млн проездов по трассе М-12 Восток совершили автомобилисты в майские праздники

Фикс-тариф будет доступен всем пользователям BelkaCar







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *