Журналист Болот Темировдун иши боюнча сот 25-майда уланат
Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-майда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иштер боюнча соттук угуу болуп, кийинки жараян 25-майга белгиленди. Соттук отурумда Темировдун адвокаты Разак Ашимбаев мамлекеттик айыптоочулар келтирген далилдер негизсиз экенин айтып, аны жокко чыгаруу өтүнүчүн берди. Бирок судья аны канааттандырган жок. Журналисттин жактоочусу милиция кызматкерлери Темировду кармаган учурда баңгизат табылганы камерага түшпөй калганын айтты. Алар баңгизат укук коргоо кызматкерлери өздөрү салып койгон деп эсептешет. Читать дальше...