Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2022

Новости за 12.07.2022

Azattyk.org 

Кыргызстанда жол кыймылын одоно бузгандардын жоопкерчилиги күчөтүлөт

Министрлер кабинети автоунаа кырсыктарын алдын алуу максатында жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынган. Кандай чаралар экени айтылган жок. Жыйында ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берип, 2017-2021-жылдар аралыгында өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 4000 адам каза болуп, 49 миңден ашыгы ар кандай жаракат алганын билдирди. Министрдин айтымында, жалпы жол кырсыктарынын 86% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мектеп директорлорун сынак менен тандоо тууралуу жарлык чыкты

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандала турган болду. Бул боюнча “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталган. Жарлыкка ылайык, беш жыл жетекчилик кызматта иштегендер жумуштан бошотулат. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Ихсан" кооперативинин жетекчиси кармалды

"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси камакка алынды. 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук жараян жабык өттү. Соттук-медициналык экспертиза Казакстандагы Январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгенин аныктады.

Azattyk.org 

"Карыган апам кантет?" Январь окуясына айыпталган Алибек абакка кесилди

11-июлда Алматы шаарынын Алмалы райондук соту Январь окуялары маалында курал-жарак уурдаган деп айыпталган Алибек Иманбековду алты жылга кести. Иманбеков тергөөдө кыйноого туш болуп, кагаздарга аргасыздан кол коюп бергенин айтты. Ошол эле күнү Нур-Султан шаарында 20дай адам кан төгүү учурунда набыт болгон жакындарын актоону жана ал окуяларды адилет тергөөнү талап кылып турушту. Дүйшөмбү күнү өткөн сотто судья прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, Алибек Иманбековду алты жылга эркинен ажыратты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кремль Казакстанды "жазалайбы"?

Батыш басылмалары өткөн аптада казак мунайын экспорттоодогу негизги багыт болгон Каспий куур консорциумуна Орусиянын бөгөт койгон чечиминин саясий себебин талдашты. Казакстан үчүн "жаза" Англис тилдүү Eurasianet сайты орусиялык соттун казак мунайынын эң чоң бөлүгү экспорттолуп жаткан Каспий куурун тостуруп салууга эмне түрткү болгонун изилдеген. 5-июлда Новороссийскидеги Приморск соту “экологиялык укук бузууларга” шылтап Каспий куур консорциумун бир айга токтотту. Макаланын автору Алмаз Куменов... Читать дальше...

Azattyk.org 

Зордуктоо иши: айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок

12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо иши боюнча жараян уланды.  Бул ишке эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир киши айыпталууда. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султановдун айтымында, бүгүнкү отурумда үч күбө суралып, бирөө келбей калгандыктан кийинки жараян 13-июлга жылды.  “Азыркы күндө айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок. Соттук териштирүүдө алардын дагы позициясын билебиз. Аларды дагы сурайбыз”, - деди жактоочу. Султановдун айтымында... Читать дальше...

Azattyk.org 

13 жаштагы кыздын зордукталышы: сот жабык өттү

12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү уланды. Буга чейин жабыркаган тараптын адвокаттары иш менен таанышууга убакыт сурашкан. Бүгүнкү соттук териштирүүгө Омбудсмендин жана Балдар омбудсменинин өкулдөрү киргизилген жок. Судья алардын киргизилбегенин, сотту жабык өткөрүү нормалары менен негиздеген. Балдар Омбудсменинин өкүлү Гүлзина Бообекова сот аларды ушуну менен экинчи жолу жараянга киргизбей койгонун билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Этил спиртин өндүрүүгө мамлекеттик монополия киргизилет

Кыргызстанда ушул жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилет. 12-июлда президент Садыр Жапаров "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Анда жарлык этил спиртин өндүрүү багытын жакшыртуу, салыкты көбөйтүү, аткезчилик жол менен ташып келүүгө, контрафакттык продукцияга бөгөт коюу жана калктын саламаттыгын коргоо максатын көздөй турганы айтылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мүлктү легалдаштыруу: кооптонткон жана жооткоткон жагдайлар

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мүлктөрдү легалдаштыруу мыйзам долбоорунда айрым бир опурталдуу учурлар бар экенин билдирди. Ал документ жетимдерден тартып алган мүлктү, адам, курал-жарак сатуудан жана коррупциядан түшкөн кирешени адалдаштырууга жол ачылышы ыктымалдыгын эскертти. Өткөн айда президент Садыр Жапаров парламентте долбоордун башкы максаты мүлкүн четте жашырган ишкерлердин, мурунку аткаминерлердин акчасын өлкөгө алып келүү экенин айткан. Дастан Бекешев президенттин администрациясы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда маймыл чечегин жуктурган биринчи учур катталды

Орусияда маймыл чечегин жуктурган биринч учур катталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта илдет Европадагы мамлекеттердин биринен саякаттап келген адамдан табылганы айтылат. Анда оору жеңил формада өтүп жатканы, бейтап обочо кармалып жатканы жана аны менен байланышта болгон адамдар медициналык байкоодо турганы да белгиленет. Вирустун жаңы толкуну быйыл майдан тартып башталган. АКШ, Канада, Австралия, Испания, Португалия, Улуу Британия, Франция, Италия... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Ак-Кеме" мейманканасынын мурдагы жетекчиси кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Ак-Кеме» мейманканасынын жооптуу адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын билдирди. “Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” мейманканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү актысына ылайык, мамлекеттик бюджетке 7 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген. Жетекчиликтин атайлап 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейинки аралыкта чет элдик студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп бергени аныкталган”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Токтакунов: "Чөйрө" платформасы идеяларды күтөт

Чет жактагы жигердүү кыргыз жарандарынын башын бириктирген "Чөйрө" платформасы Кыргызстандын ар кыл тармактарына салым кошууну көздөгөн идеяларды жана жарандарды күтөт. Бул тууралуу аталган платформанын негиздөөчүсү, Германияда иштеген кыргызстандык программист Азамат Токтакунов Люцерн шаарында өтүп жаткан  "Чөйрө-2022" форумунда билдирди. Анын айтымында, “Чөйрө” платформасынын алкагында Кыргызстанда ондогон акысыз долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын арасында кыз-келиндерге IT тармагында акысыз билим берген “Чырак”... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ "Ихсандан" жабыркагандарды милицияга кайрылууга чакырды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Ихсан" турак жай кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткандарды Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү №469 дарегине кайрылып же 0312 26 64 05, 0 709 11 45 74 телефондоруна, 102 кызматына байланышууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда жарандарга ар кандай уюмдарга акча салбоого да чакырык ташталган. Буга чейин ИИМ "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Кылмыш кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркмөн кыздын күрөшү

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы даярдаган белгилүү түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова тууралуу даректүү тасманы сунуштайбыз. Ал адам укуктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгү жана түркмөн бийлигинен көргөн кысым тууралуу баяндап берет.

Azattyk.org 

Байден космостун НАСА тарткан алгачкы түстүү сүрөтүн көрсөттү

АКШнын NASA агенттиги "Жеймс Уэбб" космостук телескобу тарткан ааламдын алгачкы түстүү сүрөтүн жарыялады. Уникалдуу кадрды Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жана NASA агенттигинин администратору Билл Нельсон Ак үйдөн жасалган түз эфирде дүйнөгө көрсөтүштү. Толук түстүү биринчи сүрөт миңдеген галактикаларды, анын ичинде буга чейин инфракызыл диапазондо гана тартылып келген күңүрт объектилерди да тунук көрсөтөт. Кадр жогорку сапатта жана андагы ар бир чекит даана көрүнөт. “Бул чоң ааламдын өтө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө "Йакын инкар" диний уюмунун үч мүчөсү кармалды

Чүй аймагынан "Йакын инкар" диний уюмунун мүчөлөрү деп шектелип 29 жана 35 жаштардагы үч киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Милициянын маалыматында, кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесине (“Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо”) шектелип жатышат. Учурда №1 тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө. Алардын үйүн тинтүү учурунда "Йакын инкар" диний уюмунун материалдары табылган. Милиция шектүүлөр тыюу салынган уюмдун идеологиясын жайылтышканын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Секелектин зордукталышы боюнча сотко эки институттун өкүлү киргизилген жок

Бүгүн, 12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча жараян өтүп жатат. Бул ишке эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир киши айыпталууда. Отурумга Акыйкатчы институтунун жана Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү киргизилген жок. Сот жабык өтүп жатат.  “Азаттыктын” журналисти жеринен кабарлагандай, азырынча соттон алардын эмнеге киргизилбегени боюнча түшүндүрмө боло элек. 8-июлдагы отурумда дагы Акыйкатчы институтунун өкүлү киргизилген эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Аял эт эмес". Активисттердин нааразылыгы, муфтияттын жообу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Бишкек шаарынын Свердлов районунун башкы имам-хатиби Садыбакас Дооловдун сөзү боюнча чыгарган корутундусуна жарандык активисттер макул эмес. Алар муфтият имамдын сөзүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык териштирүүгө тийиш деп эсептешет. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Свердлов районунун башкы имамы Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосу боюнча териштирүү жүргүзгөн. Муфтият имамдын "эт аялдын денеси... Читать дальше...

Azattyk.org 

Люцернде чет жактагы кыргыз жарандарынын “Чөйрө” форуму башталды (видео)

Швейцариянын Люцерн шаарында чет жактагы кыргызстандыктардын “Чөйрө-2022” форуму башталды. Бул иш-чарага Германия, Швейцария, Австрия, Чехия, АКШ жана Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жашап иштеген ондогон кыргызстандыктар, IT көчмөндөр, кыргыз диаспораларынын лидерлери, ишкерлер катышууда. Ошондой эле форумга Кыргызстандан журналисттер жана жарандык активисттер келген. “Чөйрө” форуму “Санариптик кылымдын чакырыктары – Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк” деген аталыш менен өтүп жатат. Эки күндүк... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бир катар тарыхчы окумуштуулар Мира Карыбаеваны актоону суранды

Кыргызстандагы бир катар тарыхчы окумуштуулар Улуттук тарых музейиндеги коррупцияга шек саналган, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаеваны соттон актоону өтүнүп, билдирүү таратты. Алардын бири, бул иште күбө катары көрсөтмө берип келген тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин Мира Карыбаева музейдеги коррупциялык иштерге аралашпаганын, каржылык жетектөө жаатында ыйгарым укугу болбогонун "Азаттыкка" билдирди. "Мира Карыбаева Улуттук тарых музейин каржылык жактан жетектөө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Январь окуясы: Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталды

Казакстандагы Январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү жүргүзгөн тергөөдө жана соттук-медициналык экспертизада аныкталганын музыкант өзү Фейсбукка жазды. "Бүгүн Ленин райондук милициясы менин ишим боюнча тергөөнү аяктап, материалдар менен тааныштырды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча менин саламаттыгыма оор залал келтирилгенин эксперттер аныкташты. Чогулган материалдар Башкы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри алмашты

Бүгүн, 12-июлда шаар мэри Эрнисбек Ормоков биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нурбек Сатаровду эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Нурбек Сатаров 2021-жылы Ала-Бука районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылы Ат-Башы районунун акими кызматын аркалаган. Жалал-Абад шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев башка кызматка которулганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган.(TB)

Azattyk.org 

ИИМ: "Ихсан" кооперативинин жетекчиси камалды

"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси 46 жаштагы Б. А. Кылмыш кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу") менен козголгон кылмыш иштерин тергөө алкагында, 11-июлда кармалды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына киргизилди. Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматына быйыл март айынан бери өлкөнүн ар кайсы аймагынан "Ихсан групп... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ Чыңгыз Жумагуловду кармоого маалымкат бербегенин билдирди

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Интернетте "ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча багыттык маалымкаты" деп тараган документти төгүнгө чыгарды. Басма сөз катчы Тилек Оторовдун айтымында, сүрөттөгү документтин юридикалык күчү жок. "Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул кагазда каттоо номери жана министрдин орун басарынын колу коюлган эмес. Ошондуктан, документ юридикалык күчкө ээ эмес". 8-июлда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Сапатсыз дарылар каптайт". Өкмөттүн талаштуу токтому

Өкмөт 24-июнда жашоого өтө зарыл дары-дармектерди Кыргызстанга каттоосуз алып келүүгө берилген уруксатты дагы алты айга узарткан токтом чыгарды. Бул токтом коомдо талаш пикирди жаратууда. Өкмөт дары-дармектердин таңкыстыгынын алдын алып жатканын айтса, бир катар эксперттер өлкөгө сапатсыз дарылардын агымы күчөйт деп эсептейт. Министрлер кабинетинин 24-июнда чыккан бул токтому азырынча расмий булактарда жарыялана элек. Тармактагы адистер кандай дары-дармектерге уруксат берилип жатканы белгисиз экенин... Читать дальше...


Вратаря ЦСК Торопа готовят к операции в московской больнице

Разделение изотопа

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Оппозиционер из Молдовы Илан Шор стал гражданином РФ



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Москве чеченская семья окружила отделение полиции, чтобы забрать родственницу

Оппозиционер из Молдовы Илан Шор стал гражданином РФ

Музей «Горки Ленинские» организует квест-детектив в ночь с 18 на 19 мая

Скрывавшаяся от родственников юная чеченка покинула московский отдел полиции

Музыкальные новости

В ЦСКА рассказали о тяжести травмы голкипера Владислава Торопа

В Армении прошел крупнейший на постсоветском пространстве «Бессмертный полк». Видео. Фоторяд

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»

Новости России

В Москве чеченцы окружили отдел полиции из-за сбежавшей родственницы. Она боится, что ее убьют

Разделение изотопа

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Экология в России и мире

Не чувствую руку: Доктор Кутушов рассказал к чему приводит частое онемение конечностей

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

"Глория Джинс" открывает первые магазины Ready! Steady! Go!

С чем носить джинсовое платье этой весной: примеры образов

Спорт в России и мире

«Подача на победу на Уимблдоне». Гвардиола – о заключительном туре АПЛ

Без защиты: как Медведев и Хачанов проиграли свои матчи в Риме

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Соболенко — Коллинз: белоруска выиграла первый сет в полуфинале Рима

Moscow.media

Разделение изотопа

Фикс-тариф будет доступен всем пользователям BelkaCar

Завершена надвижка моста в Нагатинском затоне

АвтоВАЗ запустит производство доступного семиместного автомобиля "Лада"







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *