Кыргызстанда аскер жана милиция кызматкерлеринин маянасы көбөйөт
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматында, укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 1-октябрдан тарта көбөйөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда кол койду. "2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура кызматкерлерин кошпогондо, Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жылдык эмгек акы фондунун 80% чейин жогоруласын", - деп жазылган жарлыкта. Читать дальше...