Чек арадагы каргашанын зыянын жоюуга 497,6 млн. сом бөлүндү
Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен 497,6 сом бөлүнүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди. Кыргызстандын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Талас Айдарбек уулу Улуттук телерадиокорпорациянын (УТРК) эфиринде билдиргендей, бул каражат күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармекке жумшалууда. "Министрлер кабинетине жабыр тарткандарга турак жайларды куруп берүү, тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек менен камсыздоо, аскердик жана социалдык объектилерди жаңы куруу тапшырмасы берилген. Читать дальше...