Бишкекте навайкана менен жыгач иштеткен цех өрттөнүп кетти
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкектеги Муромская көчөсүндөгү барак тибинде салынган имараттагы навайкана менен жыгачты кайра иштеткен цех өрттөнүп кеткенин билдирди. Ага ылайык, кырсык тууралуу 18-августта таң эрте маалымат түшкөн. 600 чарчы метрдей аянтты чалган өрт саат 10.40тарда толугу менен өчүрүлдү. "Кырсыкта жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч бригадасы, бир суу ташыган машина тартылды", - деп билдирди министрлик. Апта башында Бишкекте Орозбеков... Читать дальше...