Кайра шайлоо: Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берилди
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди. Буга саясатчы үгүт иштери баштала электе баннерлерди илип алганы себеп болгон. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева 19-августта "Азаттыкка" ырастады. Буга байланыштуу арыз 14-августта башка талапкер Лейла Саралаеванын өкүлүнөн түшкөн. Саралаева Бишкек шаарындагы эки жерге Бакир уулунун сүрөтү, бюллетендеги номуру жана “Мен кайтып келдим” деген урааны жазылган баннер илингенин жазып... Читать дальше...