Салимовду соттон Тез жардам алып кетти, аны эки айга камоо чечими чыкты
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-октябрдын кечинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасын карады. Соттун чечими менен ал 9-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу аны адвокаты Кайсын Абакиров Kaktus.media агенттигине билдирди. Сот жараяны жүрүп жаткан маалда Салимовдун кан басымы көтөрүлүп, Тез жардам чакырылганы, дарыгерлер аны алып кетишкени кабарланды. Жергиликтүү медиаларда жарыяланган видеодо аны менен кошо... Читать дальше...