Газа: Ок атууну токтотуу режими бейшембиде башталары күтүлүүдө
Газадагы ок атууну убактылуу токтотуу келишимин дүйнө лидерлери кубаттоо менен кабыл алышты. "Рейтер" агенттиги жазгандай, Катардын арачылыгы менен жетишилген макулдашуунун шарттарын аткаруу бейшембиде башталары күтүлүүдө. Шейшембинин кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси жоочулардын барымтасындагы 50 аял менен балдар төрт күндүн ичинде бошотуларын, күнүнө кеминде ондон киши кое берилет деп билдирген. Дагы 10 киши азат кылынат деген шартта ок атышпоо режими узартылышы ыктымал. Читать дальше...