“Эже-сиңдилер” берүүсү жылды жыйынтыктаган чыгарылышына Асел Ногойбаеваны, Шайырбү Сагынбаеваны жана Толгонай Солтонованы чакырды. Кулак-мурду мурдагы күйөөсү тарабынан кесилген Асел Ногойбаева 2023-жылы зордук-зомбулукка каршы күрөштүн символуна айланды. Би-Би-Синин 2023-жылдагы дүйнөнүн эң таасирдүү жана шыктандырган 100 айымынын тизмесине Кыргызстандан Шайырбү Сагынбаева кирген. Ал рак оорусуна чалдыккан кыз-келиндерге кол өнөрчүлүк кылып жардам берип келет. Кемпир-Абад иши үчүн камалган жарандык... Читать дальше...
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү аймактык реформанын долбоорун даярдады. Анда Ош шаарын кеңейип, ага Кара-Суу районунун Төлөйкөн менен Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүн кошуу каралган. Буга каршы чыккандар дагы, колдогондор дагы бар. Долбоодо жалпысынан Ошто 30дан ашык айыл өкмөттү кыскартуу сунушталып жатат. Президент Садыр Жапаров экинчи элдик курултайда аймактык реформа тууралуу комментарий берип, айрым сунуш бергендерди сынга алган жана ириде мамлекеттин кызыкчылыгынан улам жүргүзүлөрүн эскерткен.