Москвада 140тан ашык адамдын өмүрүн алган кандуу окуядан кийин Орусиядагы айрым мигранттар аларга мамиле катаалдаганын, басым-кысым жана текшерүү көбөйгөнүнө даттанышты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда терроризмге каршы иш-чаралар жүрүп жатканын белгилеп, зарыл иши жоктор ал өлкөгө барбай турганы оң деп эскертти. Тажикстандан Орусияга каттаган жүргүнчүлөрдүн агымы кыскарды. Маалыматка караганда, Москвага барууну пландаган айрым тажикстандыктар билеттерин кайра тапшырууда.
Бишкек менен Чүйдө катуу шамалдан 26 киши жабыркап, эки адамдын жамбашы сынып, калгандары башынан жаракат алды. Тажикстанда Москвадагы терактка айыпталып камалгандар менен байланышы бар деп шектелген тогуз киши кармалганы кабарланды. Сот “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Айке Бейшекееваны камакта калтырды. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар ишмердүүлүгү үчүн камалган 11 журналистти эркиндикке чыгарууну талап кылууда.
29-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
28-мартта катуу шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарак кулап, автоунааларды басып калды. Катуу шамалдын кесепети тартылган сүрөт-видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары жарыялашты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) мунун алдында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө секундасына 17-22 метрге жеткен шамал болорун эскертип, элге коопсуз жайларда болууну эскерткен.
Бүгүнкү маектештерибиз - композиторлук, аткаруучулук, комузчулук, өнөрлөрү,педагогдук ишмердиги менен таанымал Кыргыз Эл артисттери, 50 жыл бирге түтүн булатып келаткан жубайлар Атайбек Бөдөшев менен Каныкей Эралиева.