Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2025

Новости за 21.05.2025

Azattyk.org 

Белужистан: Жардыруудан беш адам каза болду, 35 киши жабыркады

Пакистандын Белужистан провинциясында окуучуларды ташыган автобустун жанында жардыруу болуп, беш адам каза болду, 35и жаракат алды. Набыт болгондордун арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу Пакистандын армиясы кабарлады. Маалыматка караганда, окуя 20-майда болду. Жардырууга жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Буга чейин аймакта болгон бир нече куралдуу кол салуу жана жардырууларга жоопкерчиликти АКШда террордук деп таанылган "Белужистан боштондук армиясы" уюму алган. Пакистанда согушкерлер 11-мартта поездге кол салып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Газа: Ачарчылык - аскердик тактикабы?

БУУ Газадагы гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип, азык-түлүк, дары-дармек тез арада жеткирилбесе арты апаатка жеткирерин эскертүүдө. Израил бир нече апталык блокадасын алып, машинелерди өткөргөнү менен бул жараян жай жүрүп жатканын, гуманитардык жардамдын көлөмү жетишсиз экенин эксперттер айтып жатышат. Эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Еврошаркеттин сынына карабай, Израил Газадагы согушту кеңейтип, күн сайын анклавды аткылап келатат.

Azattyk.org 

Орусия 20 миңдей мигрантты кармап, согушка айдады

Журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Кыргызстанда кармалган орусиялык активист мекенинде "террорчулук" үчүн соттолду. Орусия 20 миңдей өзбек, тажик, кыргыз жаштарын "тутуп алып", согушка айдаганы расмий айтылды.

Azattyk.org 

Сот Канышай Мамыркулованы камакта калтырды

Эркин журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Журналист айыптардын баарын четке кагып, мыйзам алдында күнөөсү жок экенин дагы кайталады.

Azattyk.org 

"Азатлык": Түркмөнстанда аскерлер пахта талаасында иштөөгө мажбур болууда

Түркмөнстандын Ахал облусунда армиядагы жоокерлер пахта талаасында иштөөгө мажбур болуп жатканы тууралуу "Азаттыктын" түркмөн редакциясы - "Азатлык" радиосу жазды. Маалыматка караганда, ушундан улам коңшу өлкөдө аскерден качкан дезертирлердин саны көбөйдү. "Азатлык" радиосунун ишенимдүү булактары аскерлер талаага ишке жиберилип, аларга төлөнчү акча аскер жетекчилеринин колуна тиерин айтышкан. Жергиликтүү эл аларга эмгек шаймандары берилбей турганын айтып беришкен. Ишке салынган жоокерлердин бири алар жумуштан баш тартса... Читать дальше...

Azattyk.org 

Картөшкө баасы: "Өзүбүздүн дыйкандарды да колдой билүү керек"

Кыргызстан мурда Кытайдан ири көлөмдө картөшкө импорттогон эмес. Расмий статистикада, ишкер баяндамаларда жылына 30-40 тоннадан ашык импорт тууралуу маалымат жок. Быйыл көрүнүш кескин өзгөрдү. Базар баасы, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиевди кепке тарттык.

Azattyk.org 

"14 миңдей бөбөк чарчап калышы мүмкүн". Газаны ачарчылык тооруду

БУУ Газадагы гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип, азык-түлүк, дары-дармек эң жакын арада жеткирилбесе, анын арты апаатка алып келерин эскертүүдө. Израил блокадасын алып, машинелерди өткөргөнү менен бул жараян жай жүрүп жатканын, жүктүн көлөмү жетишсиз экенин эксперттер белгилешет.

Azattyk.org 

Атайын кызмат 10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттарга рейд башталарын билдирди

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрдү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант мыйзамсыз жүргөнү айтылып, ушул жылдын 10-июнунан тартып рейддер башталары эскертилди. "Көптөгөн чет өлкөлүктөр жана чакыруучу субъекттер өлкөгө кирүүнүн жагымдуу жана жөнөкөйлөтүлгөн тартибин кыянаттык менен колдонушат. Чет элдиктер өлкөгө потенциалдуу туристтердин жана студенттердин атын жамынып келип, иш жүзүндө мыйзамсыз иштешет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда аскерде каза болгон жоокердин өлүмү иликтенүүдө

Казакстандын Абай облусуна үч апта мурун аскерде кызмат өтөөгө барган жоокер каза болду. Маалыматка караганда, анын өлүмүнө менингит оорусу себеп болгон. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Маркум жоокер 25-апрелде коңшу өлкөнүн түндүгүндөгү аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө барганын, 16-майда денеси ысып, ооруканага жаткырылганы кабарланды. "Баштапкы текшерүү жүргүзүлүп, дарылануу өткөрүлгөндөн кийин жоокердин абалында өзгөрүү болгон жок. 17-майда кошумча текшерүү өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы менен бейтап ооруканага жаткырылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот Канышай Мамыркулованын тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы узартты

Бишкектин Октябрь райондук соту 21-майда эркин журналист Канышай Мамыркулованын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Процесс маалында айыптоо актысы окулду жана анда Мамыркулованын Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүлөрү камтылганы белгилүү болду. Журналист коюлган айыптардын баарын четке кагарын айтып, күнөөлүү эместигин дагы бир жолу кайталады. Эркин журналистке кылмыш ишин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгоп, сотко ашырган. Шаардык милициянын кызматкерлери Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

ӨКМ Балыкчынын кире беришиндеги куураган көчөттөр жөнүндө түшүндүрмө берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Балыкчы жолунун боюнда жаңы отургузулган көчөттөрдүн куурап, саргайып кеткени тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеме президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган "Жашыл мурас" программасынын алкагында жалпы 2 миң гектардан ашык жерди жашылдандырууну пландаштырганын, былтыр декабрда Балыкчы шаарынын кире беришине 500 көчөт айдалганын маалымдады. Аларды карап өстүрүү, көзөмөлдөө жергиликтүү бийликке берилгенин белгиледи. Ошол эле маалда куурап калган көчөттөр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Европа Биримдиги "Азаттык" радиосуна 5,5 миллион евро бөлөт

Евробиримдик "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна чукул жардам көрсөтүү үчүн 5,5 миллион евро бөлүп берүүнү макулдашты. Бул тууралуу шейшембиде шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас билдирди. Каллас Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусунан кийин журналисттерге айткан сөзүндө бул каражат "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "маанилүү ишин колдоо үчүн берилгенин" белгиледи. Кая Каллас Евробиримдиктин каржылоосу дүйнө жүзү боюнча медианын ишин камтыбай турганын, бирок... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Эреже бузган айдоочу кайра экзамен тапшырат". Президенттин демилгеси мыйзам долбооруна айланды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан экзаменге жиберүүнүн тартибин иштеп чыгып, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда ондон ашык жолу эреже бузгандардын, анын ичинде атайын белгиси жок машине айдагандардын жана жол эрежелерин одоно бузгандардын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, айдоочу өзү экзаменге жөнөтүлөт. Мындай демилгени быйыл март айында президент Садыр Жапаров көтөрүп, тиешелүү мекемелерге тапшырма бергени маалым болгон. Мыйзамга айланган демилге... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте "Манастын" англисче котормосунун бет ачары өттү

Бишкекте бүгүн, 22-майда "Манастын" кара сөз түрүндөгү вариантынын англисче котормосунун бет ачары өттү. Казы Дыйкамбаев атындагы дипломатиялык академияда уюштурулган иш-чарага кыргызстандык жана чет элдик илимпоздор катышты. "Манас" эпосунун кыскартылган вариантын Кыргыз эл жазуучусу, драматург, жазуучу Бексултан Жакиев иштеп чыккан. Англис тилине Акылай Байматова которуп, филология илиминин кандидаты Алымжан Закиров рецензиялаган. "Бугупресс" басма үйү басып чыгарган китептин алгачкы бет ачары былтыр, Германиянын Берлин шаарында өткөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Сирияга салган экономикалык санкцияларын алат

Европа Биримдиги Сирияга салган экономикалык санкцияларды алат. Бул тууралуу шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды. "Биз сирия элине жаңы, инклюзивдик жана бейкут Сирияны куруусуна жардам бергибиз келет. Евробиримдик сириялыктарды соңку 14 жылдан бери такай колдоп келген жана мындан ары дагы улантат",-деп жазды Каллас. Reuters агенттиги ириде бул чечим Сириянын Борбордук банкына тишелүү болорун кабарлады. Ага ылайык, ЕБ бул уюмга мүчө мамлекеттерге... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламент Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында Руслан Мукамбетовду Кыргызстандын коргоо министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Анын талапкерлиги боюнча маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Чечимди 67 депутаттын 66сы колдоду. 15-майда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Руслан Мукамбетов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 54 жаштагы Мукамбетов... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖК: мамлекеттик ипотека үчүн мугалимдерге, дарыгерлерге өзүнчө тизме түзүү маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутат Элдар Абакиров Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) мугалимдер жана дарыгерлер үчүн өзүнчө тизме түзүлүшү керектигин билдирди. Ал 50% дароо төлөп ипотекадан батир алып жаткандардын айынан бул кызматкерлерге кезек тийбей, батир алууда кыйналып жатышканын айтып, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды. "Өткөндө мен Мамлекеттик ипотекалык компанияга мугалимдер жана дарыгерлер үчүн өзүнө кезек кароо маселесин койдум эле. Бирок МИК... Читать дальше...

Azattyk.org 

ДСУ пандемияга каршы күрөш тууралуу тарыхый макулдашуу кабыл алды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 20-майда пандемия маалында көрүлүүчү аракеттер тууралуу макулдашуу кабыл алды. Документ тууралуу COVID-19 пандемиясынан улам башталган сүйлөшүү үч жылга созулган. Натыйжада макулдашууну дүйнөнүн 124 өлкөсү колдоду, ал эми Орусия, Италия, Словакия, Польша, Израил жана Иран баштаган 11 өлкө добуш берүүдөн карманды. Документ Женевадагы Саламаттык сактоонун дүйнөлүк ассамблеясынын 78-сессиясында кабыл алынды. Анда дары-дармекти, вакциналарды, медициналык каражаттарды иштеп чыгуу маселелери каралган. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖК: Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин ИИМге берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңеште 21-майда Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин прокуратурадан ИИМге өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору дароо үч окууда добуш берүүгө коюлуп, колдоо тапты. Президент Садыр Жапаров 16-майда “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол коюп, бул бул система Башкы прокуратурадан Ички иштер министрлигине өткөн. Министрлер кабинетине буга байланыштуу бир жуманын ичинде Жогорку Кеңешке тиешелүү укуктук актылардын долбоорун киргизүүнү тапшырган. Жарлыкта... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: Шаирбек Бопонов ички иштер органдарынан биротоло бошотулду

Ички иштер министрлиги (ИИМ) милициянын полковниги Шаирбек Бопонов бир ай иштей электе эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгына жетекчи кызматынан алынганын, ички иштер органдарынын биротоло бошотулганын билдирди. Маалыматта мындай чечим 20-майда кызматтык иликтөөнүн негизинде кабыл алынганы белгиленген. "Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын одоно бузганы, жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылууда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Лондон Газадагы аракеттери үчүн Израил менен соода сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотту

Британия Газадагы аракеттеринен улам Израил менен эркин соода тууралуу сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотту. Расмий Лондон бул өлкөдөгү Израилдин элчисин чакырып, Иордан дарыясынын оккупацияланган Батыш жээгине көчүп баргандарга кошумча санкция салынганын жарыялады. Британ тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Газа тилкесиндеги аскердик чыңалууну "кара мүртөздүк" деп атады жана Тель-Авивди бул аймакты блокадада кармоосун токтотууну талап кылды, болуп жаткан окуяларды чечкиндүү айыптай турганын билдирди. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: мигранттарды жүргөн жери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды

Орусиянын парламенти Москвада жана Подмосковьеде мигранттарды жүргөн жери, геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти Мамлекеттик Дума 20-майда дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен жактырды. Ага ылайык, ушул жылдын сентябрь айынан тартып алгач Москва менен Подмосковьеде мигранттардын жүргөн жерин көзөмөлдөгөн төрт жылдык эксперимент башталат. Алар атайын тиркемеге катталып, укук коргоо органдарына жүргөн жери... Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *