Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын күйөөсү абактан бошотулду
Беларус саясатчысы, оппозиция лидери Светлана Тихановскаянын күйөөсү Сергей Тихановский абактан бошотулду. Мындай чечим АКШ президентинин атайын чабарманы Кит Келлогдун Минскиге сапарынан соң ишке ашты. Жалпысынан Беларус абагынан саясий негиз менен соттолгон 14 адам бошотулду. Алардын арасында “Азаттыктын” беларус кызматынын мурдагы журналисти Игорь Карней да бар. Абактан бошотулгандар Вильнюска жеткирилгенин Келлогдун орун басары Жон Коул билдирди. Ал эркиндикке чыккан саясий туткундарга бүгүнкү чечим күтүүсүз болгонун да кошумчалады. Читать дальше...