Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2026

Новости за 22.01.2026

Azattyk.org 

АКШга элчи болуп Айбек Артыкбаев аттанабы?

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев жумуштан бошотулуп, Монголияга элчи болуп дайындалды. Монголияда элчилик ачылганы бул өлкөдөгү дипломатиялык миссияны алгач болуп башкарган Айбек Артыкбаев жумуштан бошотулду.

Azattyk.org 

Бейтсон: Виза саясаты АКШга пайда алып келиши керек

АКШ 21-январдан тарта 75 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуп, туристтик жана иш визасы үчүн 15000 долларга чейин күрөө коюуга милдеттендирди. Буга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ян Бейтсонго бир нече суроо узаттык.

Azattyk.org 

Нурай Серикбайдын өлүмү: Полициянын үч кызматкерине шалаакылык үчүн иш козголду

Казакстандын Ички иштер министрлиги Нурай Серикбайдын өлүмүнө байланыштуу полиция кызматкерлерине каршы кылмыш иш козгоду. "Власть" басылмасы бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов билдиргенин жазды. Чымкент шаарынын полиция департаментинин үч кызматкери шалаакылык үчүн айыпталууда. Андан тышкары шаардын полиция башчысы, анын орун басары, башкармалыктын жетекчиси жана жабырлануучунун кайрылуусуна кайдыгер мамиле кылган, кылмыш иш козгобой койгон жооптуу адамдар кызматтарынан алынды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көп аялдуулук: Мияровдун иши сотко жетти

Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөдөгү нааразылык акцияларында 3 миң 117 киши каза тапканын билдирди. Бирок башка маалымат булактарында өлгөндөрдүн саны 5 миңден ашары айтылууда. Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгы берилди. Ал бул сыйлыкты Борбор Азиядан биринчи болуп алды. Көп аялдуулукка байланыштуу президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияровго каршы козголгон иш сотто карала баштады.

Azattyk.org 

Спикер Бишкекте ыш азайганын айтты. Борбордогу индекс 320дан ашты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин 22-январдагы сессиясында Бишкектеги ыш тууралуу айтты. Ал абанын сапатын өлчөгөн жабдыктар быйылкы кышта башкалаада биринчи жолу "жашыл аймактарды" көрсөткөнүн, муну мэриянын иш-аракеттеринин натыйжасы катары баалоого болорун билдирди: "Ыш боюнча айта турган болсок... Ачык айтыш керек. Биринчи жолу быйылкы кышта Бишкек шаары күндөлүк өлчөөлөрдүн негизинде бир нече ирет "жашыл аймакка" өттү. Жылдагыдай, демейдегидей ыш жок. Ышты жоюу боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран: Интернет жок, куугунтук уланууда

Иранда 10 күндөй мурун интернет өчүрүлгөндөн бери өлкө глобалдык желеге кошула элек. Бийлик нааразылык акцияларын күч колдонуп, өтө ырайымсыз ыкмалар менен басканда ирандыктардын үнүн басуу үчүн интернетти өчүрүп салган. 21-январда Ирандын мамлекеттик телеканалы каза болгондордун санын атады. Бирок укук коргоочулар коопсуздук күчтөрүнүн колунан набыт болгондор андан эселеп ашарын айтышууда. АКШ Тегеран режиминин чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүн айыптоо жана демонстранттарды кылмышкер кылып көрсөтүү аракети... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Өзбекстандын 44 жаранын депортациялады

21-январдын кечинде АКШдан депортацияланган өзбекстандык 44 киши Ташкентке чартердик учак менен жеткирилди. Маалыматка караганда, алар Кошмо Штаттарда мыйзамсыз жүргөн. Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов жарандарды мекенине «коопсуз жана өз убагында жеткирүү үчүн» америкалык тиешелүү мекемелер менен биргелешип рейс уюштурулганын маалымдады. Анын айтымында, эки өлкө чет мамлекеттердеги өзбек жарандарынын укуктарын коргоо жана аларды мекенине кайтаруу маселесинде кызматташтыкты улантууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда Конституциялык реформа боюнча комиссия түзүлдү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституциялык реформа боюнча комиссия түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Тиешелүү документ 22-январда расмий маалымат каражаттарына жарыяланды. Жарлыкта "Конституциялык реформа боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында комиссия түзүлөрү" жазылган. Комиссиянын курамына 100дөн ашык киши кирди, алар - парламент депутаттары, маслихат төрагалары, маалымат каражаттарынын башчылары, коомдук ишмерлер, мамлекеттик органдардын, аймактардагы коомдук кеңештердин, эксперттик жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайлык компания Кыргызстанда жаңы типтеги турак жай комплекстерин курат

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Кытайдын "Цзюйхен кыймылсыз мүлк" компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Тараптардын жолугушуусу 21-январда өткөнү тууралуу маалымат агенттиктин сайтына жарыяланды. Жыйынтыгында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, кытайлык компания Кыргызстанда бизнес-борборлорду, турак жай жана соода борборлорун камтыган көп функциялуу комплекс... Читать дальше...

Azattyk.org 

Энергетика министринин орун басары жарыкты кезектештирип өчүрүү жок экенин айтты

Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында башка мыйзамдар менен чогуу “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков документ жөнүндө баяндама жасап, мында жашыл экономикага инвестиция тартуу үчүн жеңилдиктер каралып жатканын айтты. Депутат Махабат Мавлянова Ноокат районунда электр энергиясы күн алыс убак-убагы менен өчүрүлүп жатканын белгилеп, “кезектештирип өчүрүү барбы?” деп сурады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек: Үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды, балдары таятасынын кароосуна берилди

Бишкектин Биринчи май райондук милициясына үй-бүлөлүк зомбулукка даттанып райондун тургуну кайрылган. 22-январь күнү ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күйөөсүнүн зомбулугуна даттанган аялдын жашаган жерге барып, коргоо ордерин тапшырды. Милициянын маалыматына караганда, аял күйөөсү ичип алып, күч колдонорун, психологиялык басымга аларын айтып арызданган. Коңшулары да үй ээси мас болуп алып, ызы-чуу саларына даттанышкан. Шектүү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Маалыматта милиция кызматкерлери үй-бүлөнүн жашоо шарты начар экенине... Читать дальше...

Azattyk.org 

U-20: Кыргызстандын хоккейчилери алдыга чыкты

Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) Бишкек шаарында өтүп жаткан үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) дүйнө чемпионатында үчүнчү жолу катары менен жеңишке жетишти. Хоккей федерациясы маалымдагандай, 21-январда турнирдин үчүнчү айлампасынын алкагында Кыргызстандын курама командасы Ирандын курамасы менен беттешип, 15:1 эсебинде ири жеңишке жетишти. Биринчи бөлүктө 8:0 эсебинде алдыга чыкты. Бул беттеште Алихан Али-Аскаров төрт шайба, Умар Эгембердиев менен Егор Лещенко үчтөн шайба киргизүү менен айырмаланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат “Газпромдун” жабдуулары эки ай иштебей калгандыктан төлөм көп чыгып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын абоненттерге коюлган “акылдуу” эсептегичтердин көрсөткүчтөрдү аралыктан жеткирген жабдуусу – телеметриясы эки ай иштебей калганын, ал иштеген соң төлөм каражаттары адаттан көп чыгып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 22-январда парламенттин жыйынында айтты. “Бизге жашоочулардан кайрылуулар келип жатат. “Газпром” компаниясы октябрь-ноябрдыкын декабрга кошуп, абоненттерге үч айдын эсеп-дүмүрчөгүн жиберүүдө. Компания өзү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек-Талас аба каттамы жанданды

"Асман аба жолдору" компаниясы Бишкек - Талас каттамын жандантып, баа арзандатылганын билдирди. Маалыматка ылайык, 4-январдан бери аптасына эки ирет: дүйшөмбү жана жума күндөрү Бишкек-Талас-Бишкек багыты боюнча дотацияланган каттамдар аткарылып жатат. Билет баасы 2100 сом, мурдагы баасы 3100 сомго чейин болчу. Компания билеттерди "Асман Эйрлайнс" тиркемеси аркылуу сатып алуу ашыкча төлөөдөн жана башка кошумча түйшүктөрдөн жеңилдетерин эскертти. “Талас” аэропорту 1979-жылы учактарды жана тик учактарды эксплуатациялоо үчүн курулган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түптөгү мектептин кулаган чатыры боюнча түшүндүрмө берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министрлиги Түп районундагы Миң-Булак айылында мектептин чатыры кулап кеткени боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматта айтылгандай, Ислам Касмалиев атындагы 150 орундуу мектеп 2023-жылы "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, "Энержи-Нур строй" ишканасы тарабынан курулган. "Мектеп азырынча пайдаланууга бериле элек. Анткени чатырын жабуу иштери толук аяктай элек болгондуктан, министрликтин Ысык-Көл облусундагы аймактык башкармалыгы тарабынан кабыл алынган эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте жана Чүйдө 14 мектеп курулат

Бишкекте жана Чүйдө 14 жаңы мектеп курулат. Бул мектептердин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Маалыматты курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Имаканакун уулу 22-январда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын сөзүнө караганда Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда 1000, Биримдик Кут жаңы конушунда 750, Алтын Ордо - 750, Новопавлока айылында -750, Орто-Сай айылында 750, Улан кичирайонунда 750, Келечек жаңы конушунда 360, Маевка айылында 275 орундуу мектеп курулат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек мэриясынын кызматкери 1 миллион сом пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын кызматкери 1 миллион сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөрүлгөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте энесин сабаган деген шек менен 48 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарынын 68 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, уулу дайыма сабап келгенин айтып даттанды. Анын сөзүнө караганда, 48 жаштагы уулу ичип алып, кол көтөрүп жүргөн. Милиция жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындап, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен кылмыш ишин козгогон. Жабырлануучунун уулу Ш. А. кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат. Жаран энесине кол көтөрүп же аны өлтүрүүгө аракеттенген деген шек менен кармалган... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Төлөөгө чамасы жоктор да алып жатат". Өкмөттүн той-ашка насыя алууну токтотуу сунушу

Кыргыз өкмөтү той-топур үчүн банктардан насыя алууга тыюу салууну сунуштап жатат. Акыркы учурда Кыргызстанда күнүмдүк керектөө үчүн насыя алгандардын саны көбөйгөн. Муну кымбатчылык менен байланыштыргандар болууда.

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында “Гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алды. Мыйзамды 40тай депутат демилгелеген. Анын алкагында “Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө”, “Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө, “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдарына жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Документ тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзгөндө 1,5 айлык ымыркай кыймадан кийин чарчап калганы кабарланды

Өзгөн райондук ооруканасында 1,5 айлык ымыркай чарчап калганы боюнча ишти райондук милиция иликтөөгө алды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер бөлүмү (ОИИБ) маалымдады. Ага ылайык, 21-январь күнү Өзгөн райондук милициясына аймактык ооруканадан 2025-жылы 11-ноябрда туулган ымыркай кан аздыгынан улам чарчап калганын маалымдашкан. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө күбөлөр суралган. "Ымыркайдын өлүмүнүн келип чыгуусун аныктоо максатында тийиштүү экспертиза дайындалды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Кыргызстанда үй-бүлө курган казакстандыктар үйүнө кайта албай жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда жүрүүнү жаңылоо үчүн чек арадан “кирди-чыкты” чарасы (визаран) жоюлгандан улам Кыргызстанга Кыргызстанда үй-бүлө курган казакстандыктар үйүнө кайта албай жатканын айтты. Бул тууралуу ал 22-январда парламент жыйынында айтты. “Азыр Казакстандан Кыргызстанга көпчүлүк казак жарандары кире албай калышты. Биз 2023-2024-жылдан баштап “визаран” деген мыйзамды жоюп салганбыз. Азыр үй-бүлөлөр ажырап калууда. Мисалы, кыргызстандык жарандын аялы Казакстандын жарандыгы болсо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп Европа үчүн жаңы тарифтик төлөмдөр азырынча кирбей турганын айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Гренландияны АКШ кошуп алуусуна каршы чыккан европалык өлкөлөргө мурда убада кылган жаңы тарифтик төлөмдөр азырынча киргизилбей турганын билдирди. Ал бул тууралуу 21-январда Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан форумда билдирип, азырынча бул чечимди ишке ашырууну кийинкиге калтырганын айтты. Трамптын бул сөзү анын НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолугушуусунан кийин айтылды. Бул тууралуу АКШ президенти өзүнүн соцтармактардагы баракчаларына да жазды. "НАТОнун... Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *