Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer
Март
2026

Новости за 15.03.2026

Azattyk.org 

Казакстандагы референдум: Токаевдин билдирүүсү, үндөбөгөн Назарбаев, кармоолор

15-мартта Казакстанда жаңы Баш мыйзам боюнча референдум өттү. Эртең менен Астанада казак президенти Касым-Жомарт Токаев барган тилкеде бир нече журналист кармалды. Токаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, жаңы редакция кабыл алынары шексищ экенин айткан соң кабарчылар кое берилди.

Azattyk.org 

Казакстанда Конституция боюнча референдум аяктады, шайлоочулардын 73,24% добуш берди

Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдум өттү. Борбордук референдум комиссиясы билдиргендей, саат 20:00гө карата өлкө боюнча 9 126 850 жаран добуш берди. Бул шайлоочулардын 73,24% түзөт. Кызылордо облусунда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга катышкандар көп болду (93,04%). Ал эми Алматыда эң аз же шайлоочулардын 33,43% гана келди. Борбордук референдум комиссиясы буга чейин добуш берүү өттү деп жарыялаган. Саат 18:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 70,98% түзгөнүн билдирген.... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Абрамзондон эл үчүн кечирим сураган". Кыргыздын ташын да сүйүп өткөн Кеңеш Жусупов

Кыргыз адабиятында кайталангыс изи бар Кеңеш Жусупов акка моюн сунду. Маркум акыркы сапарга Кыргыз академиялык драма театрынын астынан узатылды. Аны менен коштошуу үчүн атпай журтка таанымал акын-жазуучулар, интеллигенция өкүлдөрү анан жазуучунун талантын сыйлаган окурмандар келишти.

Azattyk.org 

ЦУМдун жанына курулуп жаткан үч кабат имарат толугу менен бузулат

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанындагы жаңы салынып жаткан үч кабаттуу имарат толугу менен бузулат. Мындай чечим аталган имараттын кожоюндары, шаар бийлиги жана “Ташболот Холдинг” компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кабыл алынды. Аталган компаниянын маалыматына караганда, бул имараттын кожоюндары башка. Бузууга байланыштуу техникалык жумуштарга Old Bishkek долбоорунун өкүлдөрү жардам берет. Имараттын орду көрктөндүрүлөт. Бул имараттын курулушу коомчулукта талаш-талкуу жаратып келген. Читать дальше...

Azattyk.org 

БШК Азыгалиевди арызынын негизинде депутаттык мандаттан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратты. Арызды Боршайком 15-мартта карады. Азыгалиев өзүнүн чечими тууралуу азырынча комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин азыркы курамы жаңы шайланып келгенде Азыгалиев "Ата-Журт" депутаттык тобунун лидери болгон жана бул топто Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын депутаттар бар экени айтылып келген. Ташиев кызматтан кеткенден кийин анын аты “Эл үмүтү Ата-Журт” болуп өзгөрүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Астанада добушканада "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысын полиция кармап кетти

Казакстандын борбору Астана шаарындагы добушканалардын биринде "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Жолдас Орисбайды полиция кармап кетти. Азырынча журналист менен байланышуу мүмкүн боло элек. Полициянын райондук бөлүмү Орисбайдын кармалганын ырастады. Нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери журналист “мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап-жасабаганы текшерилип жатканын” маалымдады. Ошондой эле түшүнүк кат жазгандан кийин кое берилерин билдирди. Informburo басылмасы Орисбай менен кошо дагы бир журналист дагы камалган болушу мүмкүндүгүн жазды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жакынкы Чыгыш: Араб өлкөлөрү Иранга каршы согушабы?

Ирандагы согуш башталганына эки жумадан ашты. АКШ менен Израил күн сайын ар түркүн объектилерге аба чабуулун күчөтүүдө. Иран өз кезегинде Израилди жана америкалык аскердик базалар жайгашкан араб мамлекеттерин бутага алууда. Алар азырынча коргонуу менен чектелип, согушка аралашып кетиши арсар.

Azattyk.org 

ТИМ: Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн дагы 142 кыргыз жараны алынып келди

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн дагы 142 кыргыз жараны алынып келгенин кабарлады. Ага ылайык, Сауд Арабия-Бишкек каттамындагы учак 15-мартта эртең менен Манас аба майданына конду. "Буга чейин Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн бул кыргыз жарандары буга чейин автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген. Министрлик кооптуу аймактардан жарандарды мекенине кайтаруу чаралары тууралуу маалымат берип турат. Ошондой эле жарандарды кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөлөргө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кудайберген базарындагы өрт чектөөгө алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарындагы Кудайберген базарында 15-мартта эртең менен ири өрт чыкканын, ага жалпы алты топ тартылганын билдирди. "Өрт саат 08:52де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", -деп жазылган маалыматта. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Жабыркагандар, чыгаша-зыян тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Аталган министрликтин маалыматына караганда, соңку беш жылда Кыргызстанда өрттөн 248 адамдын өмүрү кыйылды, бул аралыкта өлкөдө 19 миңге жакын өрт кырсыгы катталды.

Azattyk.org 

Дагы үч ирандык футболчу кыз Австралиядан мекенине кайтып барууну чечти

Ирандын футбол боюнча кыз-келиндердин курама командасынын дагы үч оюнчусу Австралиядан мекенине кайтып барууну чечти. Мунун алдында бир оюнчу өз өлкөсүнө кеткен. Австралиянын ички иштер министри Тони Берк алардын өкмөтү ирандык оюнчулардын коопсуз келечегин камсыздоо үчүн бардык аракеттерди жасаганын, бирок алардын ындай оор чечим кабыл алууга мажбур кылган абалды өзгөртө албасын билдирди. Мунун алдында Ирандын Спорт министрлиги бул маалыматты ырастаган жана "өлкөнүн футбол боюнча кыз-келиндер курама... Читать дальше...

Azattyk.org 

Султанбековдун, Атамбаевдин жана Эрматовдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарды

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, аталган партиянын мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана алардын тарапташы Эрмек Эрматовдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-майга чейин узартты. Бул тууралуу адвокат Асел Аргымбаева кабарлады. Ага ылайык, сот мындай чечимди 13-мартта чыгарган. Аргымбаева алар камалган төрт айдан бери тергеп-иликтөөнүн алкагында эч кандай иштер жүрбөгөнүн, сурак болбогонун... Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *