Жээнбеков менен Токаев кыргыз-казак алакаларынын жаңы барактарын такташты
Президенттик аппарат билдиргендей, эки тараптуу, анын ичинде ЕАЭБдин, ЖККУнун жана ШКУнун алкагындагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнүн азыркы абалы жана келечеги талкууланды.
Жээнбеков Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, анын мындан аркы ишине ийгилик каалады. Кыргыз президенти казак кызматташын Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө дагы бир жолу чакырды.
Казакстан президенти жаңы шайланган мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик иш сапары менен Кыргызстанга келгени үчүн кубанычта экенин белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев боордош Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын билдирди.
9-июнда өткөн кезексиз шайлоодо Касым-Жомарт Токаев калктын 70 пайыздан ашык добушун алып жеңишке жеткени жарыяланган. Анын инаугурациясы 12-июнда өттү. (ErN)