Бишкекте милициянын автоунаасы кырсыкка кабылды
Кырсык 13-июлда түшкө чейин, саат 11 ченде болгон. Бишкек милициясынан кабарлашкандай, кырсыкка кабылган автоунаалардын бири ИИМдин алындагы Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматына таандык болгон.
Учурда экспертиза дайындалып, териштирилүүдө.
Күбөлөр милициянын кызматтык автоунаасы жолчырактын кызыл жарыгынан өтүүгө аракет кылып, кырсыкка кабылганын айтып чыгышты.(BkA/YrU)