Көркөм сүрөт музейиндеги жасалма сүрөттөрдү текшерүү уланууда
Алар Андрей Мыльников жана Евсей Моисеенконун сүрөттөрү. Ошондой эле Усубалиев дагы бир сүрөт шек жаратып жатканын кошумчалады:
“Дагы бирөө шек туудуруп жатат. Аны изилдеп атабыз. Мыльников менен Моисеенконун сүрөттөрү так чыкты, экөө тең атактуу сүрөтчү болгон. Эмгектери абдан баалуу. Бирок бул картиналар жасалма экен. Бирок биз бул жерде аларды "Шыгаев жасады" деп айткан жокпуз. Болгону эксперт катары анын кабинетине илинген эмгектер жасалма экенин айтып жатабыз”, - деди Усубалиев.
Көркөм сүрөт музейиндеги чыр быйыл жаз айында чыккан.
Анда Маданият министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия музейдин мурдагы директору Юристанбек Шыгаев Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган "Ит менен ат" жана Николай Генин "Бакуниндин портрети" аттуу сүрөттөрүнүн түп нускасын алып, көчүрмөсүн жасап жатканда бузуп алганын аныктаган. Мындан соң Шыгаев кызматтан кетип, дагы бир текшерүү дайындалган.
Шыгаев учурда иш алып барып жаткан комиссия бир тараптуу иш жүргүзүп жатканын айтып, анын жыйынтыгы чыкканда түшүндүрмө берерин билдирди. (BkA/ZA)