Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Чех атайын кызматы орусиялык тыңчыларды ашкерелегенин билдирди

Чехиянын Коопсуздук жана маалымат кызматынын башчысы Михал Коуделка 21-октябрда парламентте анын мекемеси Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына иштеген агенттердин түйүнүнүн бетин ачканын билдирди. Анын айтымында, бул операцияны Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча улуттук борбор менен чогуу ишке ашырган.


Коуделканын ырасташынча, тыңчылардын түйүнү Орусиянын Чехиядагы элчилиги аркылуу каржыланып турган. Агенттердин уюму Прага шаарында катталган программалык камсыздоо, компьютер саткан эки коммерциялык уюмга жамынып алып иш жүргүзгөн.


Түйүндүн мүчөлөрү убагында Орусиядан келген, чех жарандыгын алган адамдар болгон жана алар Чехиянын жана башка Европа өлкөлөрүнүн объекттерине хакердик чабуул жасап турушкан.


Бул окуянын мындан башка чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Чех атайын кызматы иликтеп-териштирүүнү улантып жатат.



Чехияда орус атайын кызматынын чалгын түйүнү жок кылынганы тууралуу алгачкы маалымат былтыр декабрь айында чыккан. Анда Коуделка соңку беш жылдын ичинде анын мекемеси ондогон орусиялык жана кытайлык агенттерди ашкерелегенин билдирген. Мунун алдында "такталбаган маалымат таратып жатат" деп аны чех президенти Милош Земан кескин сынга алган. Земан Москвага ыктаган саясатчы экени белгилүү. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *