Кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнө салды
Таанымал кинорежиссер ноябрь айынын соңунда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада реанимацияда экени айтылып жаткан.
Болот Шамшиев кыргыз-совет кинорежиссеру. СССРдин Эл артисти. Ал 1941-жылы 12- январда Фрунзеде төрөлгөн.
Ал "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмаларды тарткан. (ZA)