Ташкент: ооганстандык качкын келин көз жарды
"22 жаштагы келин аман-эсен уул төрөдү. Ымыркайдын салмагы 3 кг 840 грамм. Азыркы тапта жаш эне баласы менен төрөтканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирген министрлик.
Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкент аэропортунан эки миңге чукул ооганстандык качкын эвакуацияланганын кабарлаган.
15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алган. 100 миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качууга аргасыз болгон.
Дүйнөнүн 12 өлкөсү ооган качкындарына транзиттик аймак болуп берүүгө даяр экенин билдиришкен. Алардын арасында Өзбекстан да бар. (BCh)