Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Камактагы Равшан Жээнбеков боор оорусу өтүшүп баратканын билдирди

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков боорунда олуттуу көйгөй жаралганын билдирди. Бул тууралуу 21-октябрда анын "Фейсбуктагы" баракчасына жарыяланды.


"Саясий туткун катары менин ден соолугумдун абалы кармалган шарттан көз каранды экенин билдирем", - деп белгиледи Жээнбеков.


Маалыматты саясатчынын уулу Азат Равшан "Азаттыкка" бышыктап, атасы Бишкектеги жеке үч клиникага көрүнгөнүн, текшерүү уланып жатканын айтты.


"Диагноз боюнча боордун фиброзунун үчүнчү баскычына чалдыгыптыр, циррозго өтүп кетүү коркунучу бар экен. Бул өтө оор диагноз болуп саналат. Биздин мамлекетте бул ооруну дарылаган адистер аз экен", - деген Азат Равшан президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, атасынын дарылануусуна мүмкүнчүлүк берүүнү суранды.


Азат Равшандын кайрылуусун бул жерден угуңуз:



 


Жээнбековдун оорусу тууралуу буга чейин адвокаты Замир Жоошев да маалымдап, чет элден дарылануу зарылчылыгы жаралганын айткан.


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан Равшан Жээнбеков саламаттыгын текшертип жатканын тастыкташты. Саясатчынын абалы дурус экенин, дарылоо зарылчылыгы дарыгерлердин тыянагына жараша болорун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Аны камакка алган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат бере элек.



Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Равшан Жээнбеков 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) анын документтерин кабыл алган. Азырынча талапкер болуп каттала элек.


Равшан Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.



Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра камоо чечимин чыгарган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп сыпаттаган. Жарандык коом аны саясий туткун деп мүнөздөп келет.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *