Чүйдөгү айланма жолдун жээгиндеги ири өрт өчүрүлдү
Буга чейин социалдык тармактарда Чүйдөгү айланма жолго жакын жердин алоолонуп күйүп жаткан видеолору тараган болчу.
Учурда ӨКМ өрт эмнеден чыкканын тактап жатат.
Бүгүн Бишкекте эртең менен саат 8:00гө жакын күйүүчү-майлоочу май сакталган жеке менчик үйдүн биринде өрт чыккан. Андан кошуна жайгашкан үйлөр дагы жабыр тартканы белгилүү болду.
Кыргызстанда жыл башынан тартып үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. (КЕ)