Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ менен Орусия Москванын сунуштарын январда талкуулашы мүмкүн

АКШ менен Орусия Москванын коопсуздук боюнча сунуштарын эмки айда талкуулашы мүмкүн.


"Биз Орусия менен күнүн тактайбыз. Январь айында болот деп жоромолдоп жатабыз", - деди мамлекеттик катчынын жардамчысы Карен Донфрид 21-декабрда.


Ал ошондой эле НАТО Орусиянын сунуштарын талкуулоо үчүн бүгүн жыйын өткөрөрүн кошумчалады. 17-декабрда Орусия коопсуздук жаатында өзүнүн радикалдык жаңы сунуштарын жарыялаган.


Донфрид Орусиянын айрым талаптары акылга сыйбастыгын жана Москва муну жакшы билерин айтты. Ал ошондой эле башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болорун кошумчалады.


Батыш менен Киев Орусия Украинага жакын аймакта он миңдеген аскерлерин топтоп жатканын билдирип келишет. Алар Кремл Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп турушат. Москва мындай дооматтарды четке кагып, Батыш кырдаалды чыңалтып жатканын билдирип келет.


Донфрид Орусия Украинага кол салса буга чейин болуп көрбөгөндөй кесепеттери болорун дагы бир ирет эскертти.


Орусия 20-декабрда АКШга сунуш кылган келишимдин долбоорунда "Кошмо Штаттар НАТОнун чыгыш тарапты көздөй кеңейишин токтотуу милдеттенмесин алышы керек. Постсоветтик мамлекеттерди альянска кошпойт жана алардын аймактарында аскердик база ачпайт, алар менен эки тараптуу аскердик кызматташууга барбайт" деп жазылган.


Ал эми НАТО менен түзүлө турган келишимдин Кремл сунуштаган долбоорунда аскердик альянс "Украина жана башка мамлекеттерди кошпой, Украина, Кавказ жана Борбор Азияда аскердик аракеттерге барбай жана чек арага жакын аймактарда машыгууларды өткөрбөшү керек" деп жазылган. Документте Орусиянын милдеттенмелери тууралуу жазылган эмес.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *