Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ДССУ "омикрондон" улам майрамдык кечелерди токтотууга чакырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун «омикрон» деген вариантынан сактануу үчүн алдыдагы жаңы жылдык кечелерди өткөрбөй турууга чакырды.


«Өмүрдү чектегенден көрө, майрамдык кечени чектеген жакшы. Майрамдап алган соң, жакыныңыздын коштошуу зыйнатына баргандан көрө, кийинчерээк белгилеген жакшы»,-деди уюмдун баш катчысы Тедрос Адханом Гебрейсус.


Ал ошондой эле баары пандемиядан чарчаганын, бирок бул апааттын аягына чыгуу үчүн мамлекет башчыларына оор чечимдерди кабыл алууга туура келерин кошумчалады.


Женевада 20-декабрда өткөн маалымат жыйында сүйлөп жатып Гебрейсус коронавирустун жаңы штаммы буга чейинкилерге караганда кыйла жугуштуу экенин жана эмделген, буга чейин ооруп айыккан адамдар да ага чалдыгып жатканын белгиледи.


Жакыр мамлекеттерде аялуу топко кирген адамдарга вакцина жетпей жаткан маалда жаштарга үчүнчү доза сайып жаткан өнүккөн мамлекеттерди сынга алды.


20-декабрда АКШда «омикронго» чалдыккан адамдын өлүмү катталды. 50 жаштан өтүп калган адам буга чейин эмделбегени маалым болду. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, учурда өлкөдө ооругандардын көбүнөн «омикрон» аныкталууда.


Жаңы штамм ноябрдын орто ченинде Түштүк Африкада алгачкы жолу аныкталган. Коронавирустун буга чейинки түрлөрүнөн айырмаланып, ал көп жолу мутацияланган. Кыргызстанда азырынча «омикронго» чалдыккандар расмий каттала элек. Орусияда 25 кишиден табылган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *