Түркияда лиранын наркы көтөрүлдү
Ноябрдан тартып лира кунун кескин жогото баштаган. Ал эми 20-декабрда буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге түшүп, бир доллардын баасы 18,41 лирага чейин жогорулады.
Өткөн айдын аягында полиция Стамбулда жана Түркиянын башка бир катар ири шаарларында баалардын кымбатташына каршы чыккан митингчилерди кармаганы кабарланган. Анда ондогон адамдар камакка алынган.
Митингге чыккандар Түркияда акыркы бир нече айдан бери лиранын куну түшкөнүнө жана экономикалык кризиске бийликти күнөөлөп, президент Режеп Тайып Эрдогандын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышкан.
Лирага байланышкан абал Түркияда иштеген борбор азиялык мигранттарга катуу сезилип, алар тапкан акчасы эч нерсеге жетпей жатканын айтып жатышат.
Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын көбү кыз-келиндер, дээрлик көпчүлүгү минималдуу айлыкка иштейт.
Быйыл 1 миллион 200 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинен каттоодон өткөн. Алардын 25 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт.