10-январь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды улуттук аза күнү деп жарыялады.
"Бир катар аймактардагы каргашалуу окуяларда көп адам курман болгондугуна байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 10-январын улуттук аза күнү деп жарыялоону чечти. Тиешелүү жарлык жарыяланат",-деп жазды "Фейсбук" баракчасына президенттин маалымат катчысы Берик Уали.
Расмий маалыматына караганда, бул окуяларда 44 адам, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн 18 өкүлү каза болду. Бейрасмий маалыматтарда каза болгон жарандардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экени айтылууда.
2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.
Соңку үч күндөн бери Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери барды.