Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Коомчулук коргоп калган таланттуу пианист

Коомчулук коргоп калган таланттуу пианист

Казакстандагы башаламандыкка "жалданып келди" деген шек менен кармалып, кийин кайра бошотулган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Бишкекке кайтып келди.

"Тополоңчуга" айланган музыкант

Өткөн жекшембиде "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон адамдын видеосун көрсөткөн. Ал “белгисиз адамдар 90 миң теңгеге (18 миң сомдун тегерегинде) жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын" айткан.

Интернеттин кыргыз сегментинде видеодогу адам кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экенин тааныгандар чыгып, алар дароо эле анын Казакстандагы тополоңго катышуусу мүмкүн эмес экенин айтып чыгышты. Рузахуновду таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам "ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымал" деп билдиришкен.

9-январда музыканттар жана активисттер Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында нааразычылык акциясын өткөрдү. Алар Казакстандын Ички иштер министрлиги туура эмес маалымат таратып жатканын айтып чыгышты. Кыргызстандын жогорку саясий бийлиги да реакция кылып, казак тараптан аны бошотууну сурап кайрылды. Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөгө нота да тапшырды. 

Кыргызстандын бийлигинин аракеттеринин натыйжасында бир күндөн соң, 10-январда таланттуу пианист Викрам Рузахунов бошотулганы белгилүү болду. Анын Казакстандагы башаламандыкка тиешеси жок экени аныкталды.

Таанымал пианист

Викрам Рузахунов - Кыргызстандын музыка тармагындагы таанымал пианист. Аны жакындан билгендер "өзүн таанытууга анчейин умтулбаган, бирок жаз музыкасынын таланттуу чебери" катары сыпатташат.  Ошондой эле ал жаз триосунун жетекчиси, топ үчүн аранжировкаларды, ноталарды жазат.

Топто Викрам пианинодо ойносо, урма аспапта Константин Кузьмич, ал эми бас гитарада ойногон Асан Исманкулов аттуу музыканттар бар.

Трионун бардык мүчөлөрү Бишкекте жашап, коңшу өлкөлөргө жана алыскы өлкөлөргө гастролдоп чыгып, белгилүү фестивалдарга жана семинарларга катышып турат.

36 жаштагы Викрам Рузахунов Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайдын эстрада бөлүмүнө 2002-жылы тапшырып, 2006-жылы аяктаган. Андан соң Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда музыкалык билимин уланткан.

Ырчы Силима Абдылдаева Викрамдын Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда бирге окуган. Ал группалашына "эки окуу жайды тең артыкчылык менен аяктап, мыкты пианист катары тарбияланып чыкты" деп баа берди.

“Викрам өтө тартиптүү, жоопкерчиликтүү, адамдык сапаты бийик бала. Сабактарын мыкты окуду. Анын өзгөчөлүгү дайым тыкан жүргөнүндө. Көптөгөн ийгиликтерге жетише алды. Өлкөбүздүн мен деген Эл артисттеринин, Эмгек сиңирген артисттеринин концерттеринде алардын ырын коштоп, пианинодо ойноп жүрөт. Ал популист эмес, ошондуктан чыгармачыл чөйрөдө гана аты тааныш учурап, жалпы коомчулук бирдей тааныбайт. Дагы жакшы, өнөрпоздор арасында сыйга татыктуу болгондуктан, чындык чыркырап, акталып чыкты. Катардагы бир жигит болгондо балким дагы жөн жерден айыптоолорго кабылып, башына балээ үйүлмөк. Анткени айрым жарандарыбыз да айыпталып жатпайбы”.

Интернет айдыңындагы колдоочулар Викрамды бул окуялардан кийин сый жооп катары чоң программадагы концерт өткөрүүгө чакырып жатышат. 

 

Кыргызстандагы “Борбор Азия – Арт Менежмент” коомдук фонду бир нече жылдан бери “Борбор Азиядагы этно-жаз” долбоорун ишке ашырып келет. Жаз фестивалдары аталган коомдук фонддун негизги долбоорлорунун бири. Викрам Рузахунов 2006-жылдан бери жаз фестивалынын уюштуруу тобуна мүчө болгон.

Фонддогу уюштуруу комитетинин жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүковдун айтымында, Викрам алгач фондго ыктыярчы, кийинчерээк музыкант катары кызмат өтөп тажрыйбасын бекемдеген.

“Ал таланттуу музыкант гана эмес, биздин фонддогу мыкты адистердин бири. Берилген тапшырмаларды убагында кынтыксыз аткарат. Алматыга буга чейин жума сайын барчу, пандемиядан кийин айына бир ирет каттап турган. Пандемияга чейин Екатеринбургга фестивалга барып келген. Жамбылга, Ташкентке да өнөрүнүн арты менен барып-келип турчу. Сыртка музыканттардын каттап турганы жакшы көрүнүш. Анткени алар жаңы байланыштарды, долбоорлорду түзүүнү көксөшөт”.

Кеңешбек Алмакүчүков буга чейин Викрам Бишкектеги ресторандарды чакан концерттик кечелерин уюштуруп, алдыда музыкалык альбомун чыгарууну пландап жүргөнүн кошумчалады.

Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин жетекчиси, ырчы Гүлзинат Суранчиева дагы башка кесиптештери сыяктуу эле Рузахуновдун башына келген кыйынчылыкка кейигендердин бири. Ал кесиптешин коомчулук ушул окуядан улам билгени менен,  ал мурда эле  көптөгөн кыргыз ырчылары менен иштешип келген кесипкөй адис экенин айтты:

“Пианист катары, аткаруучу катары таанылган. Аны эстрада тармагындагы кесиптештеримдин концерттеринен көп учуратам. Анткени эстрадалык ансамблдин курамында өзүнүн мыкты экенин көрсөтүп жүрөт. Эл аралык фестивалдарда биздин жаз музыкасынын өкүлү катары катышып келе жатканы менен да белгилүү. Анын жөн жерден мындай жалаага кабылганы баарыбызга катуу тийди. Эми минтип кайтып келгенине кубанып турабыз”.

“Солёные орешки” жаз тобунун негиздөөчүсү Бакыт Кыдыкбаев Викрам Рузахунов Кыргызстанда жаз жанрын жайылтып жүргөн саналуу таланттардын бири экенине токтолду: 

“Жаз музыкасы менен алектенип келе жаткандар ансыз деле азбыз. Көпчүлүк эстрада жанрына агылып кетти. Рузахунов дал ушул жаз фестивалдарды бир канча жылдан бери уюштуруп, ага өзү да катышып келе жатат. Анткени бул тармакты мыкты билгендиктен, жолдорун да жакшы түшүнөт. Саясат айрым учурда ушундай ыплас аракеттер менен коштолот экен да, өкүнүчтүүсү. Ал эми Викрам өзү таза, жакшы жигит. Анын келечеги али алдыда”.

Викрамдын өзү Бишкекке келгенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, жарандык коомго, элге жана кыргыз бийлигине ыраазычылыгын айтты: 

"Кыргыз элинин уулу экениме канчалык сыймыктанарымды ушул күнгө чейин толук сезген эмесмин",- деди Рузахунов.

Ал 2-январда Алматыга досунун чакыруусу менен барганын, 4-январда Казакстанда митингдер башталганда теңтушу батирден чыкпоону эскерткенин да кошумчалады.

"Үч күн - 4-5-6-январь күндөрү батирден чыккан жокмун. Бирок абал курчуп, интернет өчүрүлдү, азык-түлүк дүкөндөрү иштебей калды. Ошондуктан үйгө кетүүгө аракет кылдым. 7-январда такси кармап Бишкекке кетип баратканда Самсы айылынан аскерлер кармады".

Музыканттын айтуусунда, бети-башы аскерлер кармаган учурда көгөргөн. Башаламандыкка жалданып келгени тууралуу моюнуна алган видеону кыйноо жолу менен эмес, камерада чогуу отургандардан Кыргызстанга тез кайтуунун жолу катары угуп, өзү айтканын билдирди.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Источник 360.ru: птенцов придавило тренажером во дворе дома в Москве

Собянин рассказал, как москвичи исполняют заветные мечты детей-сирот

Поездки на речном транспорте входят в абонемент «МультиТранспорт»

Архитекторы придумали, как привести Екатеринбург в порядок

Музыкальные новости

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  

«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 3 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

«Она ведь была в прямом смысле нашей няней» // В Москве простились с актрисой Анастасией Заворотнюк

Новости России

Архитекторы придумали, как привести Екатеринбург в порядок

Источник 360.ru: птенцов придавило тренажером во дворе дома в Москве

50 дней без еды. Россиянин выжил после голодовки

На Камчатке фильм «Огненный лис» показали детям в трудной жизненной ситуации

Экология в России и мире

Пять морей и одно озеро: в России создадут новые круглогодичные курорты - стали известны подробности

Всеармянский союз «Гардман-Ширван-Нахиджеван» осуждает лживое заявление президента Азербайджана Алиева

Секрет долгожителей Азии раскрыт: гастроэнтеролог Садыков рассказал о пользе красного риса

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Спорт в России и мире

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции: «Я здесь дома»

Прямая трансляция матча Рыбакиной с победительницей четырех "Больших шлемов"

Прямая трансляция матча Елены Рыбакиной против экс-первой ракетки мира на «Ролан Гаррос»

Медведев вышел в 1/8 финала «Ролан Гаррос» — 2024

Moscow.media

Военные следователи продолжают оказывать гуманитарную помощь военнослужащим, находящимся в полевых госпиталях

Российские топ-компании получили предложение привезти на ПМЭФ Канье Уэста...за $1 млн

Торжественное возложение цветов к памятному знаку «Юным героям — партизанам и подпольщикам» в Феодосии

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *