Аёосуз сабалган наристе: Зомбулукка ким жооп берет?
Сокулукта сабалып ооруканага түшкөн 1 жаш 8 айлык Егордун абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат. Наристени уруп-сабоого шектүү катары жергиликтүү тургун камалды.
Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эки жашка чыга элек наристе колу, буту күйүп, бети-башы, денеси жана жыныс органы көгала так, кесилген абалда түшкөн.
Жума күнү интернетте тараган видеодон колу буту бинт менен таңылган, бети-башында көгала тактар, жыныс мүчөсү жабыркаган эки жашка чыга элек эркек баланы көрүүгө болот.
Кийинчерээк ал Сокулук районунун Егор аттуу тургуну экени, аны ата-энеси 3-февралда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келишкени маалым болгон. Эртеси күнү наристе травматология бөлүмүнө которулган. Аны атасы карап жатат.
Райондук оорукананын жетекчилиги зомбулук көргөн наристеге бөтөн адамдардын кирүүсүнө тыюу салынганын билдирди. Кандай жагдайдан улам мындай чектөө коюлганын эч ким негиздеп бере албады. Ал жаткан палатаны милиция кызматкери кайтарып отурат.
Наристенин абалын жакшы деп баалаган Сокулук райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Азамат Оторбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып анын денесиндеги тактар эмнеден экени аныктала электигин билдирди:
- Абалы жакшы. Бетинде, колунда, манжаларында буттарында күйүктөн улам жаралары бар экен. Ал эми жыныс органындагы жараны күйүктөн улам же кесилгенден деп айтуу кыйын. Шишик чоң болуп турат.
- Эки күн болсо да айта албайсызбы?
- Айта албайм. Соттук-медициналык эсперттер менен биргеликте көрүп, анан жыйынтык чыгарабыз да.
- Канча күндө чыгарасыздар?
- Бир-эки күндүн ичинде билинет. Эртең менен таңуу учурунда көргөм. Түшүнүксүз. Бир жеринде так турат, бир жери шишип кеткен. Шишик көбүнчө күйгөн учурда пайда болот да. Кулагы сынган деп айтуу кыйын. Чоюлушу да мүмкүн. Дароо эле жыйынтык чыгарган болбойт. Консилиум кылабыз.
Зомбулук көргөн Егорду оуруканада карап жаткан атасы Николай Кемалетдинов ал өзү жалданып иштеген мал чарбанын ээси уулун ушундай даражага жеткиргенин билдирип жатат. Анын айтымында, чарбанын ээси наристеге жана анын апасына көптөн бери эле зомбулук көрсөтүп келген.
- Мен ооруканага алып келген күнү жыныс мүчөсүндөгү жара кесилгенден улам экени даана байкалган. Бизди кабыл алган нөөмөттөгү хирург "бул 100% кесилген" деген. Ал мен тигип коё берем, бирок канчалык терең кесилгенин билүү кыйын экенин айткан. Ушундан кийин мен чындыкты айтам деп чечтим. Колундагы күйүктөр тууралуу айтсам, уулум өзү мешти кармап алгандан улам күйүп калган. Аны өзүм да көргөм. Буттары болсо, мештин жылуулугу көбүрөөк сакталсын деп жанына коюлган таштар бар эле. Ошого ферманын кожоюну "Егор тердесин" деп тургузуп койгондон улам күйүп калды. Менин аялымды да коркутуп алган. Баламды дайыма эле чымчылап же башын сүздүрүп баштаганда тыялы десек, бизге күч колдонуп же дагы башка басым жасачу.
- Сиз көп конфликтке баргансызбы?
- Ооба, көп жолу конфликтке барат элем. Бүгүн ооруканада менин бутумду рентгенге салсак, манжаларымдын арасына пневмо мылтыктын огу калып калганы аныкталды. Кемчилиги тууралуу айтып, же ага каршы сүйлөсөң мылтыгы менен атчу. Мени эле урбастан, башкаларга да күчүн көрсөтчү, -деди баланын атасы.
Ал айыптап жаткан шектүү жана анын жакындары өз дарегине айтылгандар боюнча комментарий бере элек.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы наристеге зомбулук көрсөттү деп шек саналган адам 4-февралда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлады.
"Баланы уруп-сабоого шектүү катары анын ата-энесине иш берген 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Наристенин апасынын айтымында, алар ага карыз болуп калышкан. Шектүү Сокулук районунда фермерлик менен алектенет. Тергөө иштери уланып жатат. Керектүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова.
Наристе ооруканадан чыккандан кийин кимдин колунда калары каралып жатат. Егордун апасы коомчулуктун басымынан улам элдин назарынан качып жүргөнү маалым болду.
Ошол эле учурда баланын чоң энеси аны өз камкордугуна алуу үчүн Орусиядан келатканын Николай Кемалетдинов “Азаттыкка” билдирди.
Мамлекеттик мекемелер болсо бул үй-бүлөгө карата өзүнчө иш-план түзүп, аны менен бирге камкорчу дайындоо жагын карап жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева буларды билдирди:
“Бул үй-бүлөгө жекече план түзүлүп жатат. Сокулук райондук акимчилигинин алдында балдар менен иштөө комиссиясы бар. Ошол комиссияда каралып, анан жыйынтык чыгат. Ал эми камкорчу дайындоо боюнча атасы да, энеси да бар болгону үчүн алардын балага мамилеси, жоопкерчилиги үй-бүлөдөгү атмосфера, баары каралып чыгып, анан чечим кабыл алынат”.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы 417 бала зордук-зомбулукка кабылган, анын ичинен 222 балага күч колдонулган, сексуалдык зомбулуктан 118 бала, психикалык басымдан 77 бала жабыркаган.
ЮНИСЕФтин маалыматы ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.