Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ: Путин Украинага жакын арада кол салышы мүмкүн

АКШ: Путин Украинага жакын арада кол салышы мүмкүн

Дүйнө лидерлери Украинанын тегерегиндеги кырдаалды жайгаруунун дипломатиялык жолун издөөнү улантышууда. 7-февралда Франциянын президенти Эммануэл Макрон Москвага барып, Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугат. Ал эми Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШ президенти Жо Байденге жолугуу үчүн Вашингтонго сапар алды. Америка Орусия Украинага жакын арада кол салышы мүмкүн экенин эскертип жатат.

Жарандык коргонуу боюнча машыгуулар

Украинанын башкалаасы Киевден анча алыс эмес жердеги токойлордун биринде жарандык коргонуу боюнча машыгуулар өтүп жатат. Анда ыктыярчылар аскерлерден курал-жабдыкты туура колдонууну жана биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшүүдө. Арасында ар кандай курактагылар бар.

"Кандай гана болбосун биз Орусиянын кол салуусуна даяр болушубуз керек. Биз четте карап тура албайбыз. Чек арабызды жана элибиздин келечегин коргошубуз зарыл",-дейт Киевдин тургуну Яна.

Карапайым тургундардын мындай кооптонуусуна себеп бар. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусия Украинага бир нече күндүн же аптанын ичинде кол салышы мүмкүн экенин айткан.

"Биз Владимир Путин Украинага кол салууга буйрук берет деген абдан анык ыктымалдуулук бар деп ишенебиз. Анын формасы ар түрдүүчө болушу мүмкүн. Ал эң эрте дегенде эртең болушу мүмкүн, же бир аптанын ичинде орун алышы ыктымал",- деди Салливан 6-февралда америкалык телеканалдарга маек куруп жатып.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүү ыктымалдыгы жогору экенин билдирди.

Орусия кеч күздөн бери Украинага жакын аймактарда 100 миңден ашуун аскерин жана аскердик техникаларын топтоду. Соңку жумаларда Украинанын түндүгүнө жакын Беларустун аймактарына да орус аскерлери жыйналууда.

Батыш менен Киев Орусия жакын арада Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип келет. Москва андай ниети жок экенин билдирип, ошол эле маалда Украинага эч качан НАТОго кирбейт деген кепилдикти алганда гана аскерлерин чыгарып кетерин кайталап жатат. 

 

Макрон Москвага, Шольц Вашингтонго сапар тартты

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 7-февралда Москвага жол тартар алдында Американын лидери Жо Байден менен 40 мүнөттөй телефондон сүйлөштү. Ак үй билдиргендей, эки лидер «Украинага жакын аймакка орус аскерлеринин топтолушуна чара көрүүнүн дипломатиялык жолдорун» талкуулашты.

Ал эми Олаф Шольц Германиянын канцлери катары биринчи жолу Вашингтонго баратат. Немис лидери Украинага курал-жарак жөнөтүүдөн баш тартканы үчүн соңку кездери сынга кабылып келет.

Ал сапарынын алдында дагы бир ирет Берлин Киевге курал жөнөтпөстүгүн кайталап, бирок Балтика мамлекеттерине жиберүү үчүн аскерлерди даярдалып жатканын кошумчалады.

"Биздин Литвада аскерлерибиз бар. НАТОнун аба майданынын жакшылап корголушуна көз салып турабыз. Ошол эле учурда көп жылдан бери Украинага ири көлөмдөгү каржылык жардам көрсөтүп келебиз".

Германиянын Литвада 500дөй аскери бар.   Берлин Украинага жардам көрсөтүү жагынан АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат. Шольцтун өкмөтү Орусияга кандай санкциялар салынарын ачык айтпаганы үчүн да сынга кабылган. Канцлер эгер Москва Украинага кол салса, анын кесепети оор болорун эскертти.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан  Байден менен Шольц «Түндүк агым-2» газ куурун да ортого саларын кошумчалады.

Вашингтондон келгенден кийин Шольц Берлинде Балтика мамлекеттеринин лидерлери менен жолугат, ай соңунда Украина менен Орусияга сапары күтүлүүдө. 

7-февралда Киевге Германия, Чехия, Словакия жана Австриянын тышкы иштер министрлеринин барышы күтүлүп жатат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Пенсионерка из Москвы обманула мошенников и передала им пакет с бумагой вместо денег

Открыта продажа билетов на Фестиваль «Спасская башня — 2024»

Новый запрет для автомобилистов начал действовать в России с 1 июня

Технический форум «Обустройство нефтегазовых месторождений — 2024» прошёл в Москве

Музыкальные новости

Впервые Бурятский театр оперы и балета выступит с концертом в храме Кяхты

Концерты оркестра Бутмана посмотрели более 50 миллионов китайцев

Генералов много, а Норат Тер-Григорьянц один!

Сотрудники Росгвардии задержали устроившего стрельбу с балкона мужчину в Подмосковье 

Новости России

Центр «ВОИН» обучил российских педагогов новым технологиям

Что случилось на Сокольнической линии: Показан "виновник" переполоха в метро Москвы

В Тарасовском лесничестве Ростовской области ликвидировали пожар

Наносят удар на глубину в тысячу километров: Финляндия закупает ракеты JASSM-ER для истребителей F-35

Экология в России и мире

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Я думала, мы умрем: американка переехала в Великобританию и столкнулась с левосторонним движением, праворульными машинами и механической коробкой передач

Коллекция купальников Love Republic

Елена Шерипова: самые модные головные уборы на лето

Спорт в России и мире

Пресс-служба WTA мемом отреагировала на тяжёлую победу Свёнтек над Осакой

Прямая трансляция матча Рыбакиной с победительницей четырех "Больших шлемов"

Касаткина о романе Синнера и Калинской: рада, больше ничего не хочу говорить

Кецманович отказался от борьбы в игре с Медведевым на "Ролан Гаррос"

Moscow.media

Завершен монтаж пролетного строения моста через Волгу на обходе Твери

Экс-редактор Comnews присоединился к команде iTrend

Одна ночь на Вуоксе

Лучший HR-бренд – «Грузовичкоф»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *